"Одоно мыйзам бузуулар". "Манас" университетин кайсы кара басты?

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ректорун дайындоонун айланасында нааразылык уланууда. Жыйырмадан ашык окутуучу-окумуштуу университетте кыргыз мыйзамдары дээрлик аткарылбай, эмгек укуктары одоно бузулуп жатканы жөнүндө Башкы прокуратурага арыз жазышкан. Алар университеттин Камкорчулар кеңешине кайрылып, ректор кызматына кыргыз тилин түшүнгөн, педагогикалык уюштуруучулук жетекчилик тажрыйбасы бай, аброю таза, толеранттуу инсанды шайлап берүүнү өтүнүшүүдө.
Башкы прокуратурага арыз жазган жыйырмадан ашык окутуучу, окумуштуулар “Манас” университетинде кыргыз мыйзамдары такыр иштебей калды деп чара көрүүнү суранышууда. Алардын арызында университетте эмгекти коргоонун эл аралык мыйзамдары, Кыргызстандын Конституциясы баш болгон бардык мыйзамдары “одоно бузулуп”, “мамлекеттин билим берүү саясатына жана профессордук-окутуучулук курамдын укуктарына доо келтирип” жатканы айтылат.
“Университет өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө билим берүү мекемелеринин менчик формасына жана ведомсттук таандыгына карабай, сөз жок жетекке алуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары, Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын сунуштары таптакыр каралган эмес. Уставды түзүүдө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бирге негиздердин бири эле болуусу керек болчу. Уставда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери, Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын сунуштары көрсөтүлбөгөн жагдай, эмгекти уюштурууда бир жагынан карама каршылыктарга алып келсе, экинчи жагынан иш берүүчүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабып кетүүгө шарт түзүп берип жатат, алар болсо ал жагдайды өз кызыкчылыгына колдонуп жатышат”,-деп көрсөтүлгөн арызда.
Ошондой эле жогорку окуу жайларда сапатуу билимди камсыз кылган эӊ негизги жогорку квалификацияга ээ курам болгон профессордук-окутуучулук курамдын укуктары басмырланып жатканы да өзүнчө айтылат.
“Профессордук-окутуучулук курамдын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана 1958-жылдагы № 111 "Эмгек жана иш жаатындагы басмырлоо жөнүндө" Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын 1-беренесинин 2-пунктун, 1980-жылы чыккан № 162 "Улгайган эмгекчилер жөнүндө" Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясын сунуштарынын 5-пунктунун талаптарына ылайык каралган эмес. Ошону менен бирге, профессордук-окутуучулук курамдын эмгек келишимин түзүү процедурасы жазылган эмес. Бул жагдай билим берүү мекемелеринин менчик формасына жана ведомсттук таандыгына карабай өндүрүштү уюштурууда иш берүүчү менен кызматкерлердин мамилелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарын, Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын сунуштарын университет тарабынан одоно бузууга шарт түзүлүп калган".
Арыз жазган окумуштуулар университетте окутуучулар конкурстун негизинде алынбай жаткан фактыны дагы одоно укук бузуу деп аташууда.
“Бул жагдай бир жагынан сапаттуу билим берүүгө оор доо келтирсе, экинчи жагынан, окутуучулардын укугун одоно бузуп, университет туруктуу иш орду менен камсыз кылуу милдетин аткарбай, коррупциялык схеманын иштешине жакшы шарт түзүп жатат”.
Фактыларга кайрылсак, “Манас” университетинде профессордук-окутуучулардын курамы убактылуу бир жылдык мөөнөттүк келишим менен кабыл алынат. Бул дагы мыйзамга таптакыр туура келбейт деп одоно бузулуп жаткан бир катар мыйзамдар көрсөтүлгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына ылайык профессордук окутуучулук курам тандоо конкурсунун негизинде 5 жылга чейин мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишим боюнча жүрүүсү (378 ст.) шарт. Демек, Университет: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын (2, 43 беренелери); Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин (55, 378-беренелер); 3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3.02.2004 ж. №53 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку профессионалдык билим берүүчү мекемелер тууралуу жобонун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.05.2012 ж. №346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Профессордук-окутуучулук курамынын кызматты ээлөө боюнча жобосунун; • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.05.2012 ж. №346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлардагы кафедра жөнүндө жобонун талаптарын одоно бузуп, мыйзамсыз ишмердүүлүгүн улантууда”.
Дагы бир нааразылык туудурдан себеп - 70 жашка чыккан профессор-окутуучулар иштен айдалып жатканы жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Эмгек кодексинде жок профессордук-окутуучулук курамга жаштык чектөө киргизилген. Бул норма кайсыл укуктук-ченемдин негизинде киргизилгени белгисиз. Ал эми 70 жашка чыккан профессор-окутуучулар жумуштан бошотулуп, 1 ставкалык окуу жүктөмдөн 0,5 ставкага которулуп жатканы факт жана мөөнөттүк келишим менен далилденет. Уставда окутуучулук курамга жаштык чектөө киргизүү жок... Профессордук-окутуучулар курамына 70 жаштык ченем киргизүү менен Университет өз ыйгарым укугунан аша чаап кеткенин жана өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, 1958-жылдагы № 111 "Эмгек жана иш жаатындагы басмырлоо жөнүндө" Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын 1-беренесинин 2-пунктунун, 1980-жылы чыккан № 162 "Улгайган эмгекчилер жөнүндө" Эмгекти уюштуруунун эл аралык Конвенциясынын сунуштарынын 5-пунктунун талаптарын одоно бузуп жана улгайган профессорлор курагы боюнча кодулоого, басмырлоого кабылып жатканын далилдеп, улгайган профессорлор Конституция тарабынан коргоого муктаж экенин айгинелейт".

Сүрөттүн булагы, Manas.edu.kg
"Кыргыз тили такыр токтоду"
Университеттин уставы жана өкмөттөр аралык келишим боюнча окуу жайда окутуу түрк жана кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш эле. Бирок университетте окуу жана илимий процессте түрк тилинин гана үстөмдүгү жүрүп, кыргыз тилинин өгөйлөнүп, кыргызстандык окумуштуулардын укуктары басмырланып, керек болсо куугунтукталып жатканы туурасында буга чейин нааразылыктар да болуп, бирок ачык айтылбай келген дешет. Көп мугалимдер жетекчиликке жаман көрүнүп албайлы деген негизде ачык сөз кылуудан айбыгып келишкенин, бирок эми ээнбаштык чектен чыгып кеткенин айтышууда.
“Университетте кыргыз тили такыр токтоду. Тил деген мыйзамдуулуктун биринчи символу да”,-деди профессор Осмон Ибраимов.
Анын айтымында, Түркия тарап университеттин каржылоонун негизги жүгүн биз көтөрүп жатабыз деген негизде бир тараптуу, кыргыз мыйзамдарына сыйбаган тартип-эрежелерди киргизип, таңуулап жатат.
“Бир тыйын карызыбыз жок. Жерди бергенбиз, имараттарды бергенбиз”.
Кыргыз-түрк “Манас” университети 1995-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим менен түзүлгөн эл аралык университет. 1997–1998-окуу жылынан тартып студенттерге билим бере баштаган. Окуу акысыз жүргүзүлөт. Бакалавр жана магистр программасы боюнча компьютердик инженерия, тамак-аш инженериясы, химиялык инженерия, менеджмент, экономика, финансы, эл аралык мамилелер, түркология, тарых, социология, философия, батыш тилдери (англис тили жана адабияты), чыгыш тилдери (кытай тили жана адабияты) жана башка көп багытта заманбап адистерди окутуп даярдайт.
Андан бери бул окуу жай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы “алтын көпүрө” аталып, өлкөдөгү эң алдыңкы окуу жай болуп, эл аралык рейтингдерге илинген университет болуп атагы чыкты. Эми бул университеттеги “одоно мыйзам бузуулар” жөнүндөгү нааразылык кыргыз коомуна, эл аралык коомчулукка дагы күтүлбөгөн иш болуп саналат.
Университеттеги "одоно мыйзам бузууларга" кандай чара көрүлүп жатканы тууралуу Башкы прокуратура, Билим берүү жана илим министрлигинен азырынча эч маалымат берилген жок.

Сүрөттүн булагы, Manas.edu.kg
"Моралдык-психологиялык абал оор"
Университеттин ректору, анын уставына ылайык, Түркиянын өкүлдөрүнөн паритеттик негизде түзүлгөн Камкорчулар Кеңешинин сунушу боюнча Түркиянын Жогорку билим берүү комитетинин Башкы Кенеши тарабынан, ал эми биринчи проректору (ректордун биринчи орун басары) Камкорчулар кеңешинин сунуштоосу менен кыргыз тараптан дайындалат.
Алпарслан Жейландын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жаңы ректорду Камкорчулар кеңеши шайлашы керек эле. Бирок, Байкоочулар кеңешинин сентябрдын ортосуна белгиленген жыйыны соңку окуялардан улам белгисиз мөөнөткө жылганы айтылууда.
Университеттин профессордук-окутуучулук курамы Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор Ибрагим Чапакка жана анын мүчөлөрүнө жазган кайрылуу катында окуу жайда моралдык-психологиялык абал оорлоп кеткенин, ректор менен анын командасы кыргыз мыйзамдарын аткарбай, четке кагып, акча каражаттарын ачык-айрым эмес, ысырап болуп жатканын билдиришкен. Ректор кызматына кесиптик деңгээли бийик, эл аралык университеттин орду менен ролун түшүнө алган, кыргыз тилин түшүнгөн, педагогикалык уюштуруучулук жетекчилик тажрыйбасы бай, илимий-жеке аброю таза, толеранттуу инсанды шайлап берүүнү өтүнүшкөн.
Ал ортодо мөөнөтү бүткөн ректордун кайра дайындалганы университеттеги нааразылыкты күчөттү. Алар мындай чечим уставга да, келишимге да, мыйзамга да таптакыр туура келбеген чечим дешет.
Университет адеп уюшулган жылдары анын ректору Кыргызстан тараптан дайындалып келген. Бирок 2012-жылы түзүлгөн келишим боюнча Түркия тараптан дайындалып калган фактынын өзү да кыргыз окумуштууларын нааразы кылган чечим болуп келатат. (КС)












