Вашингтондо Ак үйдүн жанындагы ок атышуу: Улуттук гвардиянын эки жоокери оор абалда

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Вашингтондун борборундагы Ак үйдүн жанында ок атышуудан жаракат алган АКШ Улуттук гвардиясынын эки кызматкеринин абалы оор экенин ФБР директору Кэш Пател билдирди. Кол салган адам жаракат алып, кармалды. Америкалык бийликтердин айтымында, ал өлкөгө 2021-жылы Ооганстандан келген.

"Улуттук гвардиянын биздин эки кайраттуу жоокери... үрөй учурган зордук-зомбулук актысынын жүрүшүндө кара ниет кол салууга туш болду. [...] Алардын абалы оор," – деди Пател журналисттерге.

Анын айтымында, кол салууну ФБР башка ведомстволор, анын ичинде Ички коопсуздук министрлиги жана АКШнын Жашыруун кызматы менен биргеликте иликтеп жатат.

Колумбия округунун мэри Мюриел Баузер журналисттерге Улуттук гвардиянын жоокерлерине кол салуу атайын багытталгын айтты.

"Биз бул атайын багытталган ок атышуу болгонун билебиз. Бир адам кармалды, ал сыягы, бул гвардиячыларды бутага алган," – деди ал.

АКШ президенти Дональд Трамп жоокерлерге жасалган кол салууну "террордук акт" деп атады.

Ок атышуудан кийин дароо Флоридада жүргөн Трамп Truth социалдык тармагындагы постунда ок аткан адамды "айбан" деп атаган. Америкалык лидер жазгандай, кол салган адам өз аракети үчүн "өтө жогору эсебин алат".

"Эки улуттук гвардиячыны атып салган айбандын өзү да оор жаракат алды, алардын экөө тең оор абалда жана азыр эки башка ооруканада жатышат, бирок ошого карабастан ал өтө жогору баа төлөйт," – деп айтылат анын постунда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кийинчерээк элге кайрылуусунда Трамп АКШнын Ички коопсуздук министрлиги кол салган адам 2021-жылы (мурдагы Жо Байдендин администрациясынын тушунда) Ооганстандан АКШга келгенине ишенерин билдирген (мурдагы америкалык ЖМКлар булактарга таянып, бул тууралуу кабарлашкан).

"Бул бүткүл элибизге каршы кылмыш болду, – деди ал. – Бул адамзатка каршы кылмыш болду."

Трамп ошондой эле, АКШ бийлиги мурунку администрациянын тушунда Ооганстандан өлкөгө кирген ар бир адамды текшериши керектигин айтып, мурунку президентти дагы бир жолу сынга алды.

"Биз өлкөбүздө болбошу керек болгон адамдардын мыйзамга жана тартипке мындай кол салууларына жол бербейбиз," – деди ал.

Америкалык лидер ошондой эле Пентагондун башчысы Пит Хегсетке Вашингтонго Улуттук гвардиянын дагы 500 кызматкерин жөнөтүүгө буйрук бергенин тастыктады.

"Биз Американы кайрадан толугу менен коопсуз кылабыз," – деп кошумчалады ал атайын кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип.

Буга чейин CBS телеканалы булактарга таянып, укук коргоо органдары кол салган адамды 29 жаштагы Ооганстандын жараны Рахманулла Лаканвала деп такташканын кабарлаган.

Ок атышуудан кийин Ак үйдүн айланасындагы аймак курчоого алынды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ок атышуудан кийин Ак үйдүн айланасындагы аймак курчоого алынды.

Күбөлөр эмне дейт?

Ок атышуунун күбөсү болгон Стейси Уолтерс Fox телеканалына "Убер" таксиси менен бара жатканда октун үндөрүн укканын айткан: "Мен эки жолу "бум", "бум" деген үн уктум, анан "Убердин" айдоочусу: "Эмне үчүн бул адамдардын баары чуркап жатышат?" деп сурады."

Аялдын айтымында, ал окуя болгон жерден балдар менен чоңдордун чуркап баратканын көргөн, ошондой эле жардам сураган кыйкырыктарды уккан.

CNN жазгандай, 21 жаштагы студент Райан Акид Ыраазычылык күнүнө карата Вашингтонго келип, октун үндөрүн укканда мейманканага кайтып бара жаткан.

Ал колу артына байланып, көмкөрөсүнөн жаткан адамды көргөн. Акид бул ок аткан адам болсо керек деп божомолдойт. Студенттин айтымында, аны жок дегенде бир адам кармап турган.

CNN ошондой эле башка күбө тарткан видеону жарыялады. Анда полициячы талкаланган автобус аялдамасынын жанындагы тротуарда жаткан гвардиячыга реанимациялык жардам көрсөтүп жатканы көрүнүп турат. Видеодо дагы бир улуттук гвардиячы да бар.

Видеону тарткан Патрик аттуу жаран бир нече жолу ок атылганын угуп, андан кийин көчөнүн бурчуна жашынганын айткан.

"Мен бул мылтыкпы же тапанчабы, түшүнө алган жокмун, бирок бул кандайдыр бир ири калибрлүү курал болчу," – деди ал.

Ок атышуу токтогондо, ал көчөлөрдүн кесилишине барып, жерде жаткан Улуттук гвардиянын эки жоокерин жана үчүнчү адамды көргөн.

Коргоо министрлиги билдиргендей, Дональд Трамптын администрациясы августта Колумбия округуна алгач 800 аскер кызматкерин жергиликтүү укук коргоо органдарына "мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу жана көчөлөрдөн зордук-зомбулук кылмыштарын жасаган кылмышкерлерди тазалоо" үчүн жардам берүү максатында жиберген.

Трамп ал кезде да Вашингтондогу бардык үй-жайсыздар шаардан чыгып кетиши керектигин билдирген.

Ал Американын борборундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларынын алкагында Вашингтондун полициясы федералдык көзөмөлгө өтө турганын жарыялаган.

АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Вашингтондо күзөттө жүргөн Улуттук гвардиянын айрым бөлүктөрү август айынын аягынан тарта Вашингтондун тургундарынын "коопсуздугун жана бакубаттуулугун" коргоо максатында кызматтык ок атуучу куралдарын алып жүрө башташкан.

Кийинчерээк Улуттук гвардиянын аскерлери Лос-Анжелес менен Чикагого да жөнөтүлгөн.