Шахтерлорду ташыган автобуска орусиялык дрондон чабуул жасалып, кеминде 12 адам каза тапты

Поврежденный автобус, рядом с которым стоит несколько человек и лежат тела.

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Днепрпетровск облусунун башчысы Павлоград районунда жайгашкан мекемелердин биринин кызматтык автобусуна жакын жерде Орусия дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Ал автобус тийиштүү болгон ДТЭК аттуу энергетикалык компаниянын маалыматы боюнча, андан кеминде 12 адам каза таап, дагы 16сы жаракат алышты. Ошол эле күнү Орусиянын дрондору Запорожьедеги төрөтканага да тийген.

"Орусия Днепрпетровск облусундагы ДТЭК шахтасына масштабдуу террордук чабуул жасады. Андай чабуулдардын бири жумушун бүткөн шахтерлорду ташыган автобуска туура келди. Азыркы тапка 15 шахтер каза тапканы тууралуу маалымат бар"- делет ДТЭК компаниясынын билдирүүсүндө.

Буга чейин облустук прокуратура 17 адам жаракат алганын, алардын тогузу оор абалда экенин кабарлаган. Прокуратуранын билдирүүсүндө сокку жергиликтүү убакыт менен саат 15.45терде орун алган.

Украинанын тоо-кен тармагынынын кесиптик кошуундарынын башчысы Михаил Волынец бул чабуулга орустардын төрт "шахеди" тартылганын билдирди.

Ал эми Украинанын улуттук полициясы трагедия Днепрпетровск облусунун Павлоград районунун Терновка шаарында орун алганын тактады. Мында 60 жылдан бери иштеп келген көмүр шахтасы бар, ал "ДТЭК Павлоградуголь" өндүрүштүк түзүмүнө кирет.

Так ушул ишкананын кызматкерлерин дрондун чабуулуна кабылган автобус ташып бара жаткан. Жогорку Раданын депутаты жана Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунунун көз карандысыз башчысы Михаил Волынец ал автобус шахтерлордун сменадан кийин ташып бара жатканын билдирди.

Украиналык эксперт: шахтерлорду атайылап өлтүрүшкөн

Украинанын дрондорго каршы күрөш боюнча башкы эксперти жана Коргоо министринин кеңешчиси Сергей Бескрестнов (ред.каймана аты "Флеш") автобуска сокку урган дрондор реалдуу убакыт режиминде башкарылганын билдирди.

Обгоревший автобус, врезавшийся в стену здания

Сүрөттүн булагы, Telegram/Vadim_Dobrovolskii

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күйүп калган дрондун сүрөтүн Павлоградск районундагы Терновка шаарынын мэри Вадим Добровольский жарыялады.

" Mesh [ред. ретрансляция эсебинен узактык аралыгын чоңойтуучу система] радио-модемдери аркылуу онлайн башкарылчу "шахеддердин" тобу жол чети менен учушкан, - деп жазды ал. Биринчи "шахеддин" пилоту автобусту төмөндөн көрүп, ага чабуул жасайын деди. "Шахед" автобустун жанына сокку урду, айдоочу жардыруунун толкунунан улам рулду башкара албай калды да барып дарбазаны сүздү, жаракат алышкан адамдар бири-бирине жардам берип автобустан чыга башташты".

автобус

Сүрөттүн булагы, Сергей Флэш

Анын айтымында, эң эле коркунучтуусу, ошол маалда экинчи "шахеддин" оператору ал адамдардын абалын көрүп туруп, дронду так ошолорго мээлеген.

"Орусия аймагынан операторлор бутага алынгандар бейпил жарандар экенин таанып туруп, алар аскерлер эмес экенин билип туруп, аларга атайылап чабуул жасоо чечимине келишкен. Бул терроризмдин кезектеги фактысы",- деди Флэш.

Орус бийликтери бул айтылгандарга комментарий бере элек.

Жакында эле Бескрестнов Харьков облусундагы жүргүнчүлөрдү ташыган поездге болгон дрондордун атайын чабуулу тууралуу да айткан эле.

Пожарные тушат автобус

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ДТЭК тобу - Украинанын эн ири энергетикалык компанияларынын бири, ал ишкер Ринат Ахметовго таандык.

Октябрда эле ДТЭК Орусия аларын шахтысына сокку урганын билдирген.

Сокку урулган маалда шахтада жер астында 192 шахтер болгон. Анда алардын бардыгын аман-эсен жер астынан чыгарып алышкан.

"ДТЭК Павлоградуголь" каза тапкандардын жакындарына жана жарадар болгондорго тийиштүү жардам болорун убадалады.

Өткөн бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Путин суукка байланыштуу Украинанын ири шаарларына чабуулдарын, алдын-ала, бир жумага токтотууга макул болгонун жарыялаган.

Кремль кийинчерээк бул пауза 1-февральга чейин уланарын тактаган.

Украин президенти Владимир Зеленский кечээ кечтеги кайрылуусунда Украина, Орусия, АКШ үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн бул жумада Ауб-Дабиде өтчү жаңы раунду тууралуу билдирүү жасады.

Зеленский дүйшөмбү күнү жыйын куруп, анда "сүйлөшүүлөрдүн ченемин" макулдашарын, ошол эле күнү кеч менен сүйлөшүүлөр боюнча украин делегациясы жолго чыгарын айтты.

Украин тарап сүйлөшүүлөр шаршемби жана бейшемби күндөрү өтөрүн билдирип жатат.

"Чыңалууну азайтуу чаралары - соккуларды азайтуу боюнча дагы Америка тарап активдүү болот деп күтөбүз, адамдар процесске жана жыйынтыкка ишеним артуусу америкалык тарап эмнеге жетише алат, ошондон көз каранды", - деди Зеленский.

Кремль дагы Абу-Дабиде үч тараптуу жолугушуунун экинчи раунду өтөрүн ырастады. Бирок орус тараптын маалыматы боюнча жолугушуу буга чейин маалымдалгандай 1-2-февралда эмес, 4-5 февралда өтмөкчү болууда.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жолугушуунун жылдырылышы "үч тараптын графигин кошумча ылайыкташтыруу" муктаждыгынан келип чыкканын түшүндүрдү.

Жолугушуу АКШ тараптын демилгеси менен жылдырылышы мүмкүндүгү айтылууда.