"Чоң жетиликтин" Жапониядагы жыйыны: башкы тема – дүйнөлүк тартип

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Чоң жетиликтин” тышкы иштер министрлери Жапониянын Каруизава шаарында үч күндүк жыйынга чогулуп, Украинадагы согуштан баштап Кытайдын таасиринин күчөшүнө чейинки бир топ маселелерди талкуулады. Бул жыйын дагы бир окуяга тушташ болду. Ал Орусия президенти Владимир Путиндин Кытайдын Коргоо министрин кабыл алып, бетме-бет пикир алышуусу.
Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат таануу илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгулга кайрылып, “Чоң жетиликтин” соңку жыйынын талдады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Японияда "Чоң жетиликтин" Тышкы иштер министрлери чогулду. Бул жыйында "дүйнөлүк тартипти күчкө салып эле өзгөртөбүз" дегендерге биргелешип каршы турабыз дешти. Эми эмне өзгөрүшү мүмкүн?
Чынара Эсенгул: Бул көп деле жаңылык эмес, бизде саясий батыш деген түшүнүк бар. "Чоң жетиликке" Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Улуу Британия жана Кошмо Штаттары кирет. Уюм 1970-жылдардан баштап эле дүйнөлүк башкарууда кеңешип, координация кылып келе жатышат. Азиядагы мамлекеттердин ичинен бул уюмга жалгыз гана Жапония мүчө. Бул топтун Орусияга каршы турабыз дегени эч кандай деле жаңылык эмес. Бирок эмне өзгөрүшү мүмкүн? “Глобалдык түштүк” деп аталган, өнүгүп келе жаткан Индия, Түркия, Иран, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдү ынандыруу аракеттери күчөйт. Мына ушул жаатта өзгөрүү болушу мүмкүн. Анткени “Глобалдык түштүктө” таасир этүүчү бир жагында Кытай турса, экинчи жагында "Чоң жетилик" турат. Бул өзгөрүүлөр бизге [Кыргызстанга] жана Кавказ мамлекеттерине да сезилет.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Би-Би-Си: Чоң жетиликтин жыйыны Орусияга кандай, Кытайга кандай таасир этиши мүмкүн? Ошондой рычагы барбы?
Чынара Эсенгул: Карама-каршылык же согуштук абал күчөйт. Орусияга келгенде Украина менен болгон согуш, Кытайга келгенде Тайван маселеси. Ар бири өзүнүн аймактарын коргоого аракет кылат. Бул Орусия менен Кытайдын ортосундагы альянстын күчөшүнө алып барышы мүмкүн. Анткени Орусия менен Кытай либералдык дүйнөлүк тартип иштебей жатканын айтып жатышат. Буга Афганистандагы абалды мисал келтиришүүдө. Америка 20 жыл боюу жарандык коомду, демократияны курабыз деп анан бир заматта баарын таштап кетип калышты. Бул кадам “Американын СССР кулагандан кийин өзүн дүйнөлүк лидер катары көрсөткөнү менен коопсуздук маселесине жооп бере албай, алсыздап калганын көрсөттү” деп Орусия менен Кытай баа берип жатат. Афганистандан кийин эле Украина маселеси башталып жатат. Бул дагы дүйнөлүк чыр-чатактар болгондо Америка негизги держава катары дүйнөлүк коопсуздукту, тартипти камсыз кыла албай жатканын тастыктап жатат. Ошон үчүн Орусия менен Кытай башкача тартипке өтүшүбүз керек деп айтып келе жатышат. Эми маалыматтык деңгээлде болобу ушул маселелердин айланасында согуш күчөйт деп ойлойм.

Сүрөттүн булагы, anadolu
Би-Би-Си: Эң кубаттуу өлкөлөрдөн куралган делген бирикмеге дүйнөнүн "экинчи экономикасы" делген Кытай эмне себептен кирген эмес?
Чынара Эсенгул: Анткени 1970-жылдары “Чоң жетилик” түзүлүп жатканда Кытайдын уюмга мүчө болушу мүмкүн эмес болчу. Азыр деле кирбейт. Анткени "Чоң жетилик" батыштын баалулуктарына, адам укугу, либералдык демократия, либералдык дүйнөлүк тартипти жактаган, ошону туура көргөн мамлекеттердин бирикмеси. Кытай башынан эле коммунизм же авторитардык система менен өнүгүп келе жаткандыктан бул уюмга кириши мүмкүн эмес эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Япониянын өзүндө жана дүйнөдө аналитиктер бул жыйын тууралуу эмне деп жатышат?
Чынара Эсенгул: Жапондордун эксперттеринин айтымында, "Чоң жетиликтин" бул жыйыны кандайдыр бир багыт бергени маанилүү. Анткени бул уюмдан кийин “Чоң жыйырма” деген форматтын жана ОПЕК уюмунун жолугуушулары бар. Орусия-Украина согушу жүрүп жаткан маалда жыйында кандай чечимдер кабыл алынат, алар кандай тон менен берилет, ошол маанилүү экенин айтып жатышат. Жапондор өздөрү көңүл бурган маселелер – жыйындын Хиросимада өтүшү. Анткени Жапония – эки шаарына атом бомбасы ташталып, жапа чеккен жалгыз гана өлкө. Мына ошол тажырыйбасын дагы бир жолу дүйнөнүн эсине салып жатат. Мындайча айтканда коңгуроо кагуу. Анткени дүнөдө ядерлик курал колдонулбашы керек, тынчтык маанилүү дегенди айткысы келип жатат. Экинчиси, мыйзамдын үстөмдүгү. Бирок биз түшүнүшүбүз керек, мыйзам үстөмдүгү деген батыштын системасынан алынган түшүнүк. Ошондуктан Жапония өзүнүн моделин уникалдуу деп айткысы келет. Жогоруда белгилеп өткөдөй, Жапония Азия мамлекетеринин ичинен жалгыз гана дүйнөлүк системада батыш мамлекеттери менен биргеликте алардын да стандарттарын кабыл алып, “Глобалдык түштүккө” өзүнүн моделин көрсөткүсү келп жатат. Бул күчкө салуу эмес, батыштын баалулуктарын ынандыруу жолу аркылуу либералдык тартиптин туура экенин көрсөтүп берсек деген ролду ойногусу келип жатат.
Би-Би-Си: Дүйнөлүк эксперттер эмне деп жатышат?
Чынара Эсенгул: Дүйнөлүк айрым бир эксперттердин пикирине токтолсок, Орусия менен Кытайыдын эксперттери бир тарапта, батыш эксперттери бир тарапта болуп жатат.
Орусия менен Кытай эксперттери дүйнөлүк тартип өзгөрүш керек, анткени батыш вариантындагы глобализация иштебей жатканын айтышууда. “Эркин соода деп коюп, бирок Батыш өздөрүнө каршы делген мамлекеттерге санкцияларды киргизип, дүйнөнү экиге бөлүп жатат” деген пикирде. Ошон үчүн Жапония туура чечимдерди кабыл алышы керек дешүүдө.
Ал эми батыш эксперттери Жапония батыш менен болгон биримдигин жоготпой биргеликте туруш керек деп жатышат. Анткени Жапониянын дагы Орусия менен териториялык жактан талаш-тартыштары бар. Ошону дагы унутпашы керектигин эскертишүүдө. Анан Кытай менен Түндүк Кореянын ракеталары Жапония үчүн коопту абалды түзүп жатат. Ошонуктан Жапония баарын эске алуу менен стратегиялык маанисине көңүл буруп, Батыш менен кала бериши керек деген ойлорду айтышууда. (SA)












