Украинадагы согуш: АКШнын өтө жашыруун документтерин ким жана эмне үчүн ачыкка чыгарды?
Пол Адамс, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ачыкталган документтерде чет мамлекеттер Украинага уюштуруп жаткан аскердик машыгуулар тууралуу кеңири маалыматтар да камтылган.
Азыркы тапта интернетте ачык жайылып кеткен АКШнын Коргоо министрлигинин ондогон жашыруун документтеринин арасында карталар, диаграммалар жана сүрөттөр бар. Ал документтердин наркын кантип баалай алабыз?
Украинадагы согушту чоо-жайына чейин чагылдырган бул документтердин айрымдары “өтө жашыруун сыр” деген атайын энтамга менен белгиленген. Анда жадыбалдар жана ар ким эле аңдай албай турган аскердик шарттуу кыскартуулар да учурайт.
Бул документтер согушкан эки тараптан тең жоготуулар болуп жатканын айгинелешет. Эки жактын тең аскердик жактан өксүктөрү белгиленген. Эң башкысы – Украина көптөн күтүлгөн жазгы каршы чабуулун баштоону чечкенде, бул эки тараптын салыштырмалуу күчтүү жактары кайсылар болушу ыктымалдыгы тууралуу да мында баяндалган.
Кимдир бирөөнүн дасторконунун четине жайып коюп сүрөткө тартылып алынган сыяктанган бул принтерден чыгарылган барактар канчалык турмуш чындыгына төп келишет? Деги алар бизге же Кремлге буга чейин белгисиз болгон маалыматты камсыздап жатышабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эң башкысынан баштасак, америкалык жашыруун документтердин соңку ачыкталышы 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага каршы зор өлчөмдө согуш аракеттерин баштагандан берки учурда орун алган жащыруун сырдын алгачкы ири ачыкталышы болуп калды. Документтердин кээ бирлери алты апталык мөөнөткө эскилик кылганына карабастан, алардын кесепеттери абдан зор болчудай.
Пентагондун өкүлдөрү бул документтер чын экенин айтышкан, деген жоромолдор да ортого салынды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алардын жок дегенде бирөөсүндө камтылган маалымат кийинчерээк одоно түрдө өзгөртүлгөн окшойт, бирок 100дөй документтен турган өтө маанилүү маалыматтар ачыкталып жаткан кезде, бул одоно өзгөртүлгөн айрым маалыматтар текейге да турбайт, дешет.
Би-Би-Синин Жаңылыктар бөлүмү 20дан ашык документти кылдат таразалап чыкты. Алар Украина аскерлери үчүн жүрүгүзүлүп жаткан машыгуулардын жана аскердик жабдуулардын эсебин чоо-жайынан бери камтыйт. Ал эми Украина алдыдагы бир нече аптанын ичинде башталышы мүмкүн болгон каршы чабуул үчүн ондогон жаңы аскер бөлүктөрүн түзүп жатат.
Ачыкталган кагаздарда болсо алиги аскер бөлүктөрү качан даяр болоору айтылып, Украинанын батыш шериктери жабдып жаткан танктар, чопкуттуу унаалар жана замбиректик курал-жарак түрлөрү тизмеленген экен.
Бирок ал кагаздарда "күжүрмөн даярдыктын деңгээли – аскердик жабдыктарды, курал-жарактарды жеткирүү мөөнөтүнө көз каранды" деп белгиленет.
Ачыкталып салынган бир картада жаз мезгилиндеги Украинанын чыгышындагы тоңголок жер кыртышынын жумшарышынын жадыбалы да көрсөтүлгөн.
Быйылкы кыш мезгилинде Украинанын абадан коргонуу күчтөрү олуттуу сынактан өткөрүлдү. Ачыкталган документтерде быйылкы кыштан кийин расмий Киевдин абадан коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн азайып баратканына да кылдат талдоо камтылган. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү бир эле учурда жарандарды, маанилүү инфратүзүмдү жана кан майдандагы өз жоокерлерин абадан коргоо үчүн өзүнүн чектелген ресурстарын тең салмактап пайдаланууга умтулууда.
Интернетте чыгып кеткен жашыруун кагаздар Украинанын армиясынын абалы тууралуу көп нерсени ачыктап гана чектелбестен, Вашингтондун башка айрым өнөктөштөрү тууралуу да маалымдашат. Израилден Түштүк Кореяга чейинки ар кыл өлкөлөрдө Украинадагы согуш жана башка курч көйгөйлөр боюнча ички талаш-тартыштарды да ачыктап берет.
Документтердин айрымдары өтө жашыруун деп белгиленсе, башкалары Американын чалгын кызматы жаатындагы эң жакын өнөктөштөрү менен гана бөлүшүү сунушу камтылып даярдалган экен.

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Бул ачыкталгандардан жаңы жагдайды таба алабызбы?
Бул жердеги көп маалыматтар буга чейин эле майда-чүйдөсүнө чейин калайыкка дайын болчу. Айырмасы – мындай майда-барат маалыматтардын өтө көп учурагандыгы жана бир жерге топтолгондугу.
Жабыркагандардын санын эле мисалга алып көрөлү. АКШ булактарынын баамында, орусиялык аскерлер 189 500дөн 223 000ге чейинки сандагы жоокеринен айрылган (мында набыт кеткен жана жарадар болгон жоокерлер чогуу эсептелген). Бул маалымат мурдатан эле белгилүү болчу.
Украинанын жоготууларынын жалпы көрсөткүчү – 124,500дөн 131,000ге чейинки жоокер санынан турат. Бул маалымат деле соңку апталарда журналисттерге берилген маалыматка дал келет.
Эки учурда тең Пентагон жаңжалдашкан тараптардын атайылап маалымат бурмалашынын ыктымалдыгы, же учурунда түгөл маалымат алууга мүмкүндүк болбой калышы сыяктуу жагдайлардан улам келип чыккан маалымат топтоодогу өксүктөрдү эске алган жана бул статистикалык көрсөткүчтөргө карата "ишеним төмөн" экендигин белгилеген.
Айтмакчы, бул согушта Украина баскынчыларга салыштырмалуу өтө чоң жоготууларга дуушар болуп жатат, деп бурмалап көрсөтүү үчүн орусиячыл хакерлер дал ушул документтерди одоно өзгөртүү далаалатын жасашкан экен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Telegram каналындагы орусиячыл кардарлардын барактарында жогорудагы жашыруун маалымат атайылап чаташтырылып берилген. Орусия аскерлери согуш талаасында туш келген оор жоготууларды (61 миң – 71, 5 миң жоокер) алар украиндердин жоготуулары катары көрсөтүшкөн; ал эми украиндердин кан майдандагы салгылашуулардагы жоготууларынын санын (16 миң – 17,5 миң жоокер) Оруссия тарабына чегерип бурмалап жазышкан.
Мунун баары бизди жашыруун сыр болгон документтерди ким жана эмне үчүн ачыкка чыгарды болду экен? деген суроого такайт.
"Мына, ачыкталып салынган жашыруун документтердин айрымдары"
Адис Арик Толер ачыкталган документтердин Discord билдирүү платформасынан 4Chan жана Telegram платформаларына кандайча жөнөтүлгөндүгү жаатында айтып берди. Толер мырза – интернеттеги ачык булактарга негизденип иликтөө жүргүзүп жаткан Bellingcat изилдөө тобунун кызматкери.
Толер мырзанын айтымында, жашыруун сыр болгон кагаздарды ачыктоонун баштапкы булагын табуу азырынча мүмкүн эмес, бирок март айынын башында эле интернеттик оюнчулар арасында сүймөнчүктүү болгон маалымат алмашуу платформасында алиги ачыкталган маалымат пайда болгон.
Маселен, 4-мартта Minecraft компьютердик оюнунун оюнчулары көп каттап жаткан Discord серверинде Украинадагы согуш тууралуу талаш-тартыштан кийин бир колдонуучу алиги ачыкталган документтердин он чактысын тиркеп жарыялап салган да: “Мына, сизге ачыкка чыгарылып салынган анча-мынча документ”, – деген сөзүн кошумчалап жазган.
Ушул жашыруун кагаздардын ачыкка мыйзамсыз чыгарылыш окуясы – адаттан тыш көрүнүш, бирок ал жападан жалгыз окуя деле эмес.
2019-жылы Улуу Британиядагы жалпы (парламенттик) шайлоонун ирегесинде АКШ менен Улуу Британиянын соода мамилелерине тиешелүү жашыруун документтер Reddit, 4Chan жана башка интернет сайттарда пайда болгон.
Ошол кезде Reddit интернет барагы алиги редакцияланбаган документтер Орусиядан келтип түшкөнүн билдирген.
Ал эми жашыруун сыр болгон документтердин тобунун соңку убактагы ачыкталып салынышы өтө олуттуу зыянга туш кылышы ажеп эмес.
Украина өзүнүн “күжүрмөн коопсуздугун” бардык аргасын салып коргоп келет. Каршы чабуул башталаардагы курч кезеңде мындай өзгөчө аялуу маалыматтардын ачыкталып кетиши, албетте, расмий Киевди кейитип турат.
Украинанын алдыда күтүлгөн жазгы каршы чабуулу Зеленскийдин өкмөтү үчүн согуш талаасындагы динамиканы өзгөртүп, кийинчерээк жүргүзүлө турган тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн өзүнүн шарттарын калбаат коюусуна мүмкүндүк жаратаар чечүүчү окуя болушу ажеп эмес.
Киевде расмий жетекчи өкүлдөр Орусиянын жалган маалымат өнөктүгүн жүргүзүшүнүн ктымалдуулугу тууралуу белгилешүүдө.
Башка айрым аскердик иш блоггерлери болсо бул жоромолдун тескерисин айтып чыгышты: алардын шектенүүсүнө караганда, жашыруун документттердин ачыкталып салынышынын бардыгы Батыштын орус иялык колбашчыыларды атайылап адаштырчу планынын бир гана бөлүгү.
Эң башкысы, азырынча ачыкка чыккан бул жашыруун документтердин эч биринде Украинанын баскынчыларга каршы чабуулунун багытын же мерчемин асыктап салган эч нерсе жок.
Кремлде Украинанын аскердик даярдыктарынын жалпы өлчөмү жөнүндө кыйла дурус түшүнүк бар болушу ыктымал (бирок расмий Москванын чалгындоо иштеринин орчун өксүктөрү бүтүндөй согуш мезгили учурунда көптөгөн далилдер аркылуу тастыкталды), бирок Киев баскынчылар сыпдын эч бир учун таба албай азап тартышы үчүн өзүнүн каршы чабуулунун чоо-жайын бекем сакташы жана жеңишке жеткирчү байсалдуу жортуулдары үчүн өз жөндөмүн арттырышы зарыл. (TT)








