Шайлоо-2021: Жеңүүчү алты партиянын бейнеси

Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы

Өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чекти “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” багынтты.

Бул шайлоолордун өзгөчүлүгү - парламентке “Бүтүн Кыргызстанды” эсепке албаганда, жаңы партиялар өтүштү. Алар кимдер жана болочок парламентте алардын орду кандай болот?

Парламенттик шайлоо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия жеңди

Жеңүүчү үчилик

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке шайлоолордо бийликчил партиялар болбойт деген билдирүүлөрүнө карабай, бул шайлоодо жеңип чыккан алдыңкы үчиликти - “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партияларын кыйыр да болсо бийлик менен байланыштырып жатышат:

“Шайлоодо жеңүүчү алдыңкы үч партияны бийликчил партиялар деп айтууга толук негиз бар. Анткени бул партиядагы адамдар жана алардын программаларын кой, айрымдары дебаттарда ачык эле президенттик саясатын колдойбуз деген билдирүүлөрдү жасашты”, -дейт жергиликтүү журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

Ал бийлик 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоолордун сабагын эске алып, бийлик бул жолу ишенимдүү адамдарын бир партияга топтобой чачыратып жибергенин айтууда.

“Ата Журт Кыргызстан” партиясынын дымагы быйылкы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо билинди. Ташиевдин “Ата Журтуна” аты уйкаш бул партияны УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы менен байланыштырып келишет, бирок ал өзү андай жоромолдорду четке кагат. Ошентсе анын уулу Таймурас Ташиев быйыл дал ушул партия менен Жалал-Абад шаардык кеңешке өткөнү көп суроолор жараткан. Мындан уламбы быйыл октябрда ал депутаттык мандатынан баш тартты.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор быйыл эки жолу өтүп, апрель жана июль айында өткөн шайлоолордун жыйынтыгы боюнча “Ата Журт Кыргызстан” алдыда болуп келди.

Соңку парламенттик шайлоодо бул партиядан эң көп добуш топтогондор депутат Бакыт Төрөбаев (Өнүгүү-Прогресс фракция лидери), Жогорку Кеңештин иш башкармалыгыны төрага орун басары Фархат Исмаилов, Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашев жана Камчыбек Ташиевдин айылдашы, "Ата Журт Кыргызстан" лидерлеринин бири – Айбек Маткеримов болду.

“Айбек мырза бараткан партия бул Камчыбек Ташиевдин партиясы экенин бүтүндөй Кыргызстан билет. Ал адам азыр бийликте отурган адам”, -деген эле “Азаттык” партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов 23-ноябрда өткөн КТРКдагы дебатта.

Айбек Маткеримов “Ата Журт Кыргызстандын” “Ташиевге эч кандай тиешеси жок экенин” жооп кылган.

Маткеримов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айбек Маткеримов менен Камчыбек Ташиев. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдындагы "Мекенчил" партиясынын курултайы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Ишеним” партиясынын тизмесин баштагандардын бири Медер Алиев быйыл ишке ашкан президенттик башкарууну караган Конституциялык реформанын негизги жактоочуларынын бири болуп келди. Бирок Алиев өзү шайлоо алдындагы дебаттарда анын партиясы бийликчил эмес экенин баса белгиледи.

Ошентсе да эл арасында “Ишенимди” экс-депутат, бизнесмен Арзыбек Буркановдун ысымы менен байланыштырышат. Бул тууралу депутат Жанар Акаев “Арзыбек Бурканов президенттин эң жакын адамдарынын бири” экенин айткан:

“Бурканов ,Гаипкулов – булар Жапаровго жакын, эң таасирдүү топ. Резюме көтөргөндөрдүн баары ошолорго чуркайт”, -деген Акаев быйыл жазында Али Токтакуновго берген интервьюсунда.

Президент Садыр Жапаров өзү "Бурканов кадрдык маселерди чечүүдө таасири чоң" деген сөздөрдү буга чейин четке каккан.

Ал эми “Ынтымак” партиясы менен бул шайлоого Садыр Жапаровдун жакын тарапташтары - парламент спикери Талант Мамытов жана мурунку Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин экс-мэри Балбак Түлөбаев барышты.

Президенттин жардамчысы Адинай Марипова да бул шайлоодо өз күчүн так ушул партиянын катарында сынап көрдү.

Талант Мамытов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талант Мамытов

“Альянс” – “кесипкөйлөрдүн жыйындысы”

Бул шайлоодо VI чакырылыштагы депутаттардын көбү Алтынбек Сулайманов башындагы “Альянс” бирикмесине чогулду. Аталган партиядан эң көп добушту мурунку ТИМ министри Чыңгыз Айдарбеков, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Жанар Акаевдер топтошту.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев “Альянстын” бул шайлоодогу ийгилигин деп түшүндүрөт:

“Иш билги, кесипкөй, таза, жаңыча ойлонгон, экономиканы жана саясатты заманбап талдай билген адамдардын жыйындысы деп эл ишеним артты”.

Ошентсе да аталган партия жети мандатка гана ээ болору айтылып, партия тизмесиндеги алтынчы чакырлыштын депутаттары Мирлан Жеенчороев, Айсулуу Мамашова, Дүйшөн Төрөкулов, Нурбек Мурашев,Сайдулла Нышанов, Абдывахап Нурбаев жана Таабалды Тиллаев бул жолу парламентке келе албай калган шекилдүү.

Белгилеп кетчү жагдай быйыл президенттикке талапкерлигин койгон Элдар Абакиров да бул жолу көп партиялар ичинен “Альянска” артыкчылык берди.

Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан”

Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын аксакалы - Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы болуп жатат.

““Бүтүн Кыргызстандын” жеңишинде эки негизги фактор бар. Биринчиси – партиянын негиздөөчүсү, лидери Адахан Мадумаровдун жеке салымы. Экинчи фактор – алар көп жылдар принципиалдуу позициясын карманып келе жатышат. Толкуп кетпеди, позициясын өзгөртпөй келди. Саясий партия катары туруктуу электораты бар”, -дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарында бул жолу Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев, депутат Эмил Токтошев, активист Орозайым Нурматова, УКМК кызматкери Алишер Эрбаев, Бишкектеги Ленин районуну прокурору Гуля Кожомкулованын депутаттык мандат алары күтүлүүдө. Болочок жаңы парламентте “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык блокту жетектери күтүлүп жатат.

“Жогорку Кенеште алты партиянын бешөө биригип оппозициялык блокту түзсө деле алар эч нерсе чечпейт. Себеби, азыр президенттик башкаруу. “Бүтүн Кыргызстандан” бир депутат сүйлөсө анын оозун жапканга бери жакта беш депутат даяр болот. Ошону менен бул партия мурдагы позициясынан тайып, минуска да кетиши мүмкүн”, -дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

“Ыйман Нуру”: “прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз”

Кыргызстандагы жаңы партиялардын бири “Ыйман нуруна” быйыл парламенттен беш мандат тиери күтүлүп жатат. Партия лидери Нуржигит Кадырбеков 14 миңден ашык добуш топтоду. Топтогон добуштардын саны боюнча андан кийин эле бул партиядан Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков жана Эрнис Айдаралиев жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду.

“Ыйман Нуру”

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нуржишит Кадырбеков

Шайлоо алдында "Кыргыз баалуулуктарын коргоо” кыймылы башка партиялар катарындагы бир нече талапкерлер жана “Ыйман нуру” партиясынын үстүнөн БШКга кайрылган. Арыз ээлери "Ыйман Нуру" партиясын "диний жана этникалык негизде" түзүлгөнүн айтып, шайлоодон четтетүүнү суранган эле.

Партия лидери Нуржигит Кадырбеков мындай сындарга деп жооп берди:

“Ыйман деген сөз болсо эле динге байлай берет экенбиз да. Ыймандуу бийлик дедик, орусча которгондо “нравственная власть”. Бирок болбой эле “верующая власть” деп которуп жатышат. Бирок биздин программабызды карасаңыз илим-билим, технология жана руханий тазалык деген бар, ошолорго басым жасайбыз. Эми ар түрдүү пикирлер айтыла берет экен. Ишибиз менен прогрессивдүү партия экенибизди көрсөтөбүз деген тилегибиз бар”, -дейт Кадырбеков.

Буга чейин шайлоолордон кийин жеңүүчү партиялар ичинде мандат бөлүштүрүүгө келгенде дайым талаш-тартыш орун алып, маселе жаралчу.

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу преференциалдык добуш берүү тажрыйбаланып, андай ызы-чуулар болгон жок.