Эки элге – эки мамлекет: Израил- Палестина жаңжалын чечүүнүн бул жолу эмне үчүн ишке ашпай келет?

Израил- Палестина

Сүрөттүн булагы, Getty Images / BBC

Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Франция менен Сауд Аравия өлкөлөрү БУУда эл аралык конференцияны өткөрүштү. Анда Палестина мамлекетин түзүү маселеси талкууланды, тагыраагы "эки эл үчүн эки мамлекет" концепциясы сунушталууда.

ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салгандан кийин анын аркасы менен Газа тилкесиндеги чыр-чатактын жанданып кетиши Палестина мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүн артта калтыргандай болгон.

Бирок Газа тилкесин массалык ачарчылык коркунучу кептеп, гуманитардык кырдаал өөрчүгөн сайын араб өлкөлөрү да, Европа өлкөлөрү да бул концепцияны ишке ашыруу аракетин күчөтүштү. Соңку күндөрү Фарнция, Улуу Британия жана Канада өлкөлөрү Палестина эгемен мамлекетин таануу ниетин билдиришти.

2025-жылдын 29-июлунда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун баш кеңсесинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми (солдо) Палестина автономиясынын премьер-министри Мохаммад Мустафаны (оңдо) кучактоодо. Анда Лэмми Израил айтылган шарттарды аткарбаса, Британия Палестина мамлекетин таануу чечимин убадалаган

Сүрөттүн булагы, Sarah Yenesel / EPA / Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2025-жылдын 29-июлунда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун баш кеңсесинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми (солдо) Палестина автономиясынын премьер-министри Мохаммад Мустафаны (оңдо) куттуктап кучактоодо. Анда Лэмми Израил айтылган шарттарды аткарбаса, Британия Палестина мамлекетин таануу чечимин убадалаган

Израил жана эң жакын өнөктөшү – АКШ бийлиги эки күндүк конференцияга каршы бойкот жарыялашкан. Вашингтон мындай чечимди согушту токтотууга багытталган өз аракеттерине каршы келет деп сыпаттады.

" Оккупацияны токтотууга жана "эки эл үчүн эки мамлекет" түзүү тууралуу жалпы умтулуубузду, иш-аракеттерибизди илгерилетүү үчүн бул жолугушуу бурулуш жасаган чечүүчү кадам болушу керек", ¬– деди БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш.

Эки эл үчүн эки мамлекет – бул кандай концепция?

Эки башка мамлекет концепциясында Израил мамлекети менен жанаша, чек арасы таанылган Палестина мамлекетин түзүү каралган.

Бул Израилдин жанында - Батыш жээкте, Чыгыш Иерусалим жана Газа тилкесин камтыган Палестина мамлекетин түзүү ниетин билдирет. Аталган жерлер Палестинанын аймагы катары эсептелчү, бирок 1967-жылдагы араб-израил согушунан кийин Израил басып алган.

Бирок азыркы Израил өкмөтү палестиналыктардын эгемендүүлүккө жетүүсүнө жана мамлекет катары түзүлүшүнө караманча каршы чыгууда.

1993-жыл: Палестинаны Боштондукка чыгаруу уюмунуy башчысы Ясир Арафат (оңдо) Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин менен (солдо) кол алышууда, алардын ортосунда АКШ президенти Билл Клинтон турат)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1993-жыл: Палестинаны Боштондукка чыгаруу уюмунуy башчысы Ясир Арафат (оңдо) Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин менен (солдо) кол алышууда, алардын ортосунда АКШ президенти Билл Клинтон турат)

Израилдин позициясы

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестинанын көз карандысыздыгына такыр эле каршы. Саясий карьерасынын бүткүл жүрүшүндө эки мамлекет концепциясынын четке кагып келүүдө.

7-октябрь кандуу окуясына эки жума калганда Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, Израил араб кошуналары менен "тынчтыктын жаңы дооруна" жетишкенин жар салган.

"Соңку 25 жыл ичинде Иордан дарыясы менен Жер Ортолук деңизинин ортосундагы жерди Израил менен болочок Палестина мамлекети бөлүшүп, эки мамлекет түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү таңуулаган "эксперттер деп аталгандардын" ыкмасы бир да натыйжа алып келген жок", – деп белгилеген.

Анын айтымында, 2020-жылдан бери өзү сунуштап келаткан ыкманын алкагында эбегейсиз жетишкендикти жаратып, төрт айда араб өлкөлөрү менен төрт тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Бул сөзүндө ал Авраам келишими тууралуу айткан эле.

Нетаньяху Палестина мамлекетин түзбөстөн, араб коңшулары менен тынчтык мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылып келген

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нетаньяху Палестина мамлекетин түзбөстөн, араб коңшулары менен тынчтык мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылып келген

Нетаньяху Авраам келишими палестиналыктарды Израилди жок кылуу тууралуу "фантазиясынан" баш тартууга түрткү берип, чыныгы "тынчтык жолуна түшүүгө" ынандырат деп билдирген.

Сөзүнүн жүрүшүндө ал эки башка мамлекет идеясынын четке каккан "Жаңы Жакынкы Чыгыштын" картасын көтөрүп чыккан.

Бирок эки мамлекет идеясы тынчтыкка жетүүнүн мүмкүн болгон жолу катары кантип пайда болгон?

Ушунча жылдар өтүп, ал идеяга каршы көз-караш жана ой-пикир кандайча өзгөрүп келди?

Тынчтыкка карай үмүттүн кыйрашы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аталган идеянын жаралышы 1974-жылга барып такалат. Анда жаңы гана түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюму британ бийлигинин алдындагы Палестина аймагын араб жана жөөт өлкөсүнө бөлүүнү сунуштаган.

1993-жылы эки мамлекеттин келишиминин схемасы түзүлгөн. Израил менен Фатх кыймылы жана анын лидери Ясир Арафат жетектеген Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму Норвегиянын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн жашыруун сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бири-бирин тааныган.

Бирок "Осло келишими" акыр-аягына чыкпай, дагы да татаал маселелерди жараткан.

"Тынчтыкты жерге алмашуу" принциби боюнча макулдашылган келишимдин негизинде Палестина администрациясына 1967-жылкы согуш маалында Израил басып алган аймактардын бир катар бөлүгүнө гана чектелген бийлик орнотуу жана макам берилген. Бирок ошого карабастан, аскердик оккупация жана жөөт конуштарынын курулушу улантылып, анын ичинде "туруктуу статус маселелери" кийинки сүйлөшүүлөргө калтырылган.

Алардын арасында 1948-жылдагы биринчи араб-израил согушунан жана 1947-жылы БУУ бөлүү үчүн добуш бергенден кийин үйлөрүн таштап кеткен палестиналык качкындардын тагдыры бар, анткени алар жашаган жер Израилдин бир бөлүгү болуп калган.

Карта

Ошондой эле Израил 1967-жылы Чыгыш Иерусалимди басып алган. Бул маселе курч бойдон калууда, анткени эки тарапка тең шаардын ыйык жерлери өтө маанилүү, ал жактан баш тартууга барбайт.

Дипломатия "кур жалак сөз" бойдон кала берди. 2000-жылы бул маселелердин баары АКШнын ошол кездеги президенти Билл Клинтон тарабынан уюштурулган Кэмп-Дэвиддеги жабык саммитте кайрадан көтөрүлгөн. Бирок Израилдин премьер-министри Эхуд Барак менен Палестин автономиясынын президенти Арафат талаштуу маселелерди жыйынтыктай алышкан жок.

Ар бир тарап иштин жүрүшпөй калганын экинчи тарапка оодарды. Израилдик жана америкалык расмий өкүлдөр Арафат "эң жоомарт сунушту" четке какты деп айтып чыгышкан. Палестиналыктар алардын айткандарын "шылдың" деп сыпаттап, Чыгыш Иерусалимде борбор шаарды камтыган талаптардан алда-канча алыс деп аташкан.

1987-жылы Газа тилкесинде түзүлгөн ХАМАС кыймылы ФАТХ сыяктуу тынчтык сүйлөшүүлөргө эпке келбей, 1994-жылдан бери жолугушууларды үзгүлтүккө учуратып, мүмкүн болгон бардык ыкмаларды, анын ичинде жанкечтилик жардырууларды колдонуп келет.

Оккупацияланган аймактарга көчүп барган жөөттөр өз кезегинде Израил жетекчилигинин ийкемдүү позициясынан пайдаланып, аларга Кудай тарабынан берилген деп эсептешкен жерде жөөттөрдүн конуштарын кеңейтип, бекемдей башташты.

Кэмп-Дэвиддеги жолугушуу жыйынтык алып келген эмес

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кэмп-Дэвиддеги жолугушуу жыйынтык алып келген эмес

Ослодо эмне болду эле?

2000-жылы Экинчи Интифада деп аталган палестиналык көтөрүлүш башталганда, Израилдеги саясий көз-караш кыйла оңчулдар тарапка оогон.

Осло процессинин кыймылдаткыч күчү болгон Израилдин Эмгек партиясы саясий таасирин жоготкон. Батыш жээкте отурукташууну жактаган оңчул кыймыл "саясий сахнаны" ээлеген.

Палестиналык козголоңчулар Израилдин аскердик күчү менен туш келген. Ариэл Шарондун өкмөтү палестиналыктарды Израилден жана Батыш жээктеги айрым конуштарды бөлүп турган тосмо кура баштаган. Арафат 2004-жылы өлгөнгө чейин Рамаллада камалып калган.

Премьер-министр Шарон Газа тилкесиндеги 1,5 миллион палестиналыктардын арасында жашаган бир нече миң еврейлерди чыгарып кетип, ал жактын чек ара тилкелерин аскерлер менен кайтартып койгон.

Израилдин аскерлери палестиналыктарды издеп, араб базарын кыдырып жүрүшөт. 2006-жылдын 16-январы, Батыш жээктеги Хеврон шаары. Ошол айдын башында Израилдин Жогорку соту сегиз еврей үй-бүлөсү 2001-жылдан бери колдонуп келген, палестиндерге таандык соода жайларын бошотуусу керек деген чечим чыгарган. Бирок алар чечимди кабыл албай, баш тартышкан

Сүрөттүн булагы, Uriel Sinai / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин аскерлери палестиналыктарды издеп, араб базарын кыдырып жүрүшөт. 2006-жылдын 16-январы, Батыш жээктеги Хеврон шаары. Ошол айдын башында Израилдин Жогорку соту сегиз еврей үй-бүлөсү 2001-жылдан бери колдонуп келген, палестиндерге таандык соода жайларын бошотуусу керек деген чечим чыгарган. Бирок алар чечимди кабыл албай, баш тартышкан

Анын максаты Палестинанын жыш жайгашкан аймагын бөлүп-жарып, Израилдин аймагындагы жөөттөрдүн көпчүлүгүн сактап калуу эле. Шарондун башкы кеңешчиси журналистке айткандай, мындай кадам саясий сүйлөшүүлөрдү токтотууга багытталган.

Ошентсе да, бул кадам "Ликуд" партиясын экиге бөлүп, отурукташууну жактагандарды саясий сахнадан бөлүп салган. Шарон 2006-жылдагы шайлоого катышуу үчүн жаңы партия түзүп, бирок добуш берүүгө бир нече жума калганда инсульт алып, комага түшүп, 2014-жылы көз жумган. Биз анын Батыш жээк боюнча кандай планы бар болгонун эч качан биле албайбыз.

Арафаттын мураскору Махмуд Аббас израилдиктердин "отурукташуу" саясатын Осло принциптерине каршы чыккынчылык деп айыптаган.

Египеттин жардамы менен Израил Газадагы блокадасын курчаткан эле, аны менен катар аймактагы кылмыштуулук жана зордук-зомбулук күчөгөн. Согушкерлер Израилге чабуул жасап, ракета менен аткылашса, Израил тарап бомбалоо жана аскердик операциялары менен жооп кайтарып калган.

Ошол эле маалда Батыш жээкте ХАМАС барган сайын күч алып жатты.

Куралчан палестиналык согушкерлер ХАМАСты колдоп, митингге чыгышкан. 2006-жыл, Батыш жээк, Наблус шаары

Сүрөттүн булагы, Jaafar Ashtiyeh / AFP via Getty Image

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куралчан палестиналык согушкерлер ХАМАСты колдоп, митингге чыгышкан. 2006-жыл, Батыш жээк, Наблус шаары

2006-жылы Палестина автономиясындагы парламенттик шайлоодо ХАМАС жеңишке жетишти. Шайлоочулар ФАТХты колдобой коюшкан, анткени Палестинанын эгемендүүлүгүнө же ачык-айкын жана коррупциясыз башкарууну камсыздай албаганына нааразычылык бар эле.

ХАМАС Палестинаны жетектөө администрациясын Газадан күч менен кууп чыгып, аймакты экиге бөлүп салды. Ошону менен Газа куралдуу каршылык көрсөтүүнүн борбору болуп, ал эми ФАТХ көзөмөлдөгөн Батыш жээк тынчтык келишимдеринин жактоочусу бойдон калды.

ХАМАС 1967-жылы Израил басып алган аймактарда Палестина мамлекетин түзүү жана зордук-зомбулукту токтотуу тууралуу айта баштаган. Бул ХАМАСтын позициясынын өзгөрүшүнүн белгиси жана келечекте саясий келишимдерге баруу мүмкүнчүлүгү катары каралган. Бирок ХАМАС Израилди жок кылууга чакырган чакырык-ураандарын өзгөрткөн жок.

Израил өз кезегинде Батыш жээктеги конуштарды жана аймактарды кеңейтүүнү улантты, бул тенденция 2025-жылга чейин созулду.

ХАМАС Газадагы көзөмөлдүн жоктугунан пайдаланып, аскердик потенциалын арттыра баштады. Бул жагынан ага союздаштары жардам берген – Иран бийлиги, Ливандагы "Хезболла" сыяктуу түрдүү аскердик түзүмдөр.

Карта

Жаңы факторлор

2023-жылдын 7-октябрынан кийин Нетаньяху Палестина мамлекетин түзүүгө мурункудан дагы каршы чыгып баштаган. Анткени, анын айтымында, мындай көрүнүш Израилге коркунуч жаратат.

Ал Иордан дарыясынын батыш жагындагы бүт аймактарда, анын ичинде Газа тилкеси менен Батыш жээкте да толук "көзөмөлдү сактап калууну" убадалаган.

2024-жылдын июль айында жөөттөрдүн парламенти Палестина мамлекетин түзүү идеясын четке каккан резолюцияны кабыл алды.

Нетаньяхунун оңчул лагериндеги тарапташтары палестиналыктар өз мамлекетин түзүүнү көздөгөн аймактарды, анын ичинде Газа тилкесинин бөлүктөрүн да аннекциялоого (мыйзамсыз өз аймагына кошууга) чакырууда. Айрымдар Газанын калкы бул аймактан толугу менен жана түбөлүккө чыгарылышы керек деп да айтышууда.

Израилдиктердин басымдуу бөлүгү ХАМАС кыйрашы керек деп эсептейт.

Израилдиктердин басымдуу бөлүгү ХАМАС кыйрашы керек деп эсептейт. Бирок бул максатка жетүүгө болгон аскердик иш-аракеттерден улам Газанын карапайым эли жапа чегүүдө.

ХАМАСтын жогорку даражалуу аскердик жетекчилеринин өлтүрүлүшүнөн, ошондой эле "Хезболла" менен Ирандын алсырашынан кийин Израилге карата эл аралык басым күчөдү.

Европа жана араб өлкөлөрү биргелешип уюштурган БУУнун конференциясы, ошондой эле Франция, Улуу Британия жана Канаданын Палестина мамлекетин таануу ниети тууралуу жакында жасаган билдирүүлөрү Израилди эки мамлекеттүү чечимди кабыл алууга түртүп жатканы байкалат.

Бирок эки мамлекеттүүлүк идеясын тарыхый жактан колдоп келген АКШ бул концепциядан акырындап баш тарта баштагандай көрүнүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп бул маселе боюнча өзүнүн так позициясын азырынча ачык билдире элек болгону менен, анын администрациясы БУУнун конференциясын сындады.

"АКШ бир тараптуу негизде Палестина мамлекетин таануу аракеттерине каршы. Анткени мындай кадам кагаз жүзүндөгү жана саясий жактан олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, жаңжалдын чечилишине бөгөт болушу мүмкүн. Ошондой эле бул Израилди согуш маалында айрым жеңилдиктерге барууга мажбурлап, анын душмандарына колдоо көрсөтүүчү жагдайды түзөт", – деп айтылат Reuters агенттиги таанышып чыккан АКШнын дипломатиялык телеграммасында.

29-июлда Трамптан узак мөөнөттүү чечимге жетүү үчүн Израилге басым жасоо керекпи деп сурашканда, ал мындай кадам ХАМАСка "сыйлык катары" кабылданышы мүмкүн деп жооп берди.

АКШнын колдоосу болбосо, эки мамлекеттүүлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу аракеттери суроо жаратып, анын акыр-аягы белгисиз. (КВ)

Материал Би-Би-Си Араб кызматы тарабынан, Лина Шайхуни, Мартин Ассер, Ламис Аль-Талеби жана Пол Кусиаканын катышуусунда даярдалды.