You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Индияда кызды жинсы кийгени үчүн туугандары сабап өлтүрүшкөн
Geeta Pandey
BBC News, Дели
Үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан катуу ур-токмокко алынган жаш кыз-келиндердин окуясы акыркы убактарда Индияда башкы темалардын бири болуп калды. Мындан улам кыздар жана аялдар өз үйлөрүндө канчалык деңгээлде коопсуз деген көйгөй коомчулуктун көңүлүн бурду.
Өткөн аптада өлкөнүн түндүк аймагындагы Уттар Прадеш штатында 17 жаштагы Неха Пасван өзүнүн эле туугандары тарабынан катуу сабалып, көз жумганы айтылууда. Анткени, Неханын жинсы шым кийип жүргөнү анын туугандарына жакпай калган.
Анын апасы Шакунтала Деви Пасван Би-Би-Синин Индия кызматына айтып бергендей, үйдө кызынын кийими боюнча талаш-тартыш жаралып, чоң атасы менен абасы Неханы таяк менен катуу сабап салышкан. Алар аталган штаттагы өнүгүү жагынан эң эле артта калган Деория районунун Саржеви Харг айылында жашашат.
“Ал күн кечке орозо кармачу. Кечинде ал жинсы шымы менен үстүнө кийим кийип алып өзүнүн жөрөлгөлөрүн жасачу. Чоң аталары анын кийимине каршы болушканда Неха аларга сөз кайрып, жинсы кийиш үчүн жасалганын, ошон үчүн аны кийе берерин айткан”, — дейт анын апасы. Анын айтымында, сөздөн-сөз чыгып отуруп, уруш зомбулукка айланып кеткен.
Шакунтала Девинин түшүндүрүшүнчө, кызы эс-учун жоготуп жерде жатып калганда кайындары авторикша чакырганын жана кызын ооруканага алып барарын айтышкан.
“Алар менен чогуу барайын десем, мага уруксат бербей коюшту. Мен өз туугандарыма айттым. Алар райондук ооруканага барып, кызымды таба албай коюшуптур”.
Шакунтала Девинин айтымында, кийинки күнү алар бир кыздын сөөгү аймактагы Гандак дарыясындагы көпүрөдө асылып турганын угушкан. Ал жерге барышканда анын Неха экенин көрүшкөн.
Полиция 10 адамга каршы адам өлтүрүү жана далилдерди жок кылуу аракети боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын арасында Неханын чоң аталары, абалары, эжелери, жээндери жана айдоочу дагы бар. Күнөө тагылып жаткандар азырынча эч кандай билдирүү жасаша элек.
Полициянын улук кызматкери Шрияш Трипатинин Би-Би-Синин Индия кызматына билдиришинче, төрт киши, анын ичинде чоң аталары, абасы жана айдоочу камалып, сурак берип жатышат. Анын айтымында, полиция калган күнөөлүүлөрдү издеп жатат.
Неханын атасы Амарнат Пасван Пенжаб шаарындагы Лундиана жергесинде курулуш жүрүп жаткан аймакта жалчы болуп иштейт. Ал кырсык жөнүндө угуп, үйүнө кайтып келген. Ал балдарын, алардын арасында Неханы да, мектепке окутуш үчүн жанын карч уруп иштеп жүргөнүн айткан.
Шакунтала Деви кызынын полиция кызматкери болгусу келгенин кошумчалады. Бирок “анын кыялдары эми эч качан орундалбайт”, - дейт ал.
Анын билдиришинче, кайындары Нехага жергиликтүү мектептеги окуусун таштоону айтып басым жасашчу жана Индиянын салттуу кийимдеринен башка кийимдерди кийгени үчүн жемелешчү.
Неха заманбап стилде кийингенди жактырчу. Анын үй-бүлөсү Би-Би-Сиге берген эки сүрөттүн биринде Неха узун көйнөк кийип турганын, экинчисинде болсо жинсы менен костюм кийип түшкөнүн көрүүгө болот.
Активисттердин айтымында, патриархаттык тартип коомго сиңип, кыз-келиндерге карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тамыр жайган жана ал үйдөгү чоңдор (аксакалдар) тарабынан кубатталып турат.
Индияда кыз-келиндер олуттуу коркунучтарга туш болушат. Кыз балдар туш болгон көйгөйлөр алар жарык дүйнөгө келгенге чейин эле башталат. Мисалы, эркек балалуу болгусу келгенде кыз балдарды бойдон алдырып салуу коркунучу бар. Андан тышкары, кыз балдарды тоготпоо жана басмырлоо маселеси да курч турат.
Үй ичиндеги зордук-зомбулук да өсүүдө. Орто эсеп менен күн сайын 20 келин себи аз болгону үчүн өлтүрүлөт.
Индиянын кичинекей шаарларында жана элет жерлеринде аялдар менен кыздар айыл башчыларынын же үй-бүлө аксакалдарынын катаал чектөө шарттарында жашашат. Алардын кандай кийинип жүрүү керек экени, кайда барганы же болбосо ким менен сүйлөшкөнү көзөмөлдөнүп турат. Ал эми кандайдыр бир натуура кадам чагымчылдык катары кабыл алынып, жазалоону талап кылат.
Неханы кийимге болгон тандоосу үчүн өлтүрүп коюшканы — кыз-келиндерге карата өзүнүн эле үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн нечендеген ырайымсыз мамилелердин бири гана.
Өткөн айда кошуна турган Мадя Прадеш штатынын Алиражпур районунан жан кейиткен бир видео чыккан эле. Анда 20 жаштагы келин атасы жана үч эркек тууганы тарабынан токмоктолуп атканын көрүүгө болот.
Нааразычылыктардан улам полиция эркек кишиге каршы арыз жазып, ал келин “кордук көрсөткөн” үйүнөн качып кеткени үчүн “жазаланганын” айткан.
Бул окуя болгонго чейин бир апта мурда кабарлангандай, эки кыз жакынкы Дхар районундагы эркек тууганы менен телефондон сүйлөшүп койгону үчүн өзүнүн эле үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ырайымсыз түрдө сабалган.
Видеолордон кыздардын бирин чачынан тартып, жерге жыгып, тепкилеп-согуп жатканын жана таяк менен өзүнүн эле ата-энеси, агалары жана туугандары сабап атканын көрүүгө болот. Видео кеңири тарап кеткен соң полиция жети кишини камакка алган.
Полициянын айтымында, бир ай мурда Гужарат штатында ушундай эле окуя катталган. Анда эки өспүрүм кызды телефондо сүйлөшүп койгону үчүн жок эле дегенде 15 эркек киши, анын ичинде туугандары да, сабап салган.
Гендердик активист Ролли Шивхаре “21-кылымда биз кыздарды жинсы кийгени же телефондо сүйлөшкөнү үчүн өлтүрүп жатканыбыз үрөй учурган көрүнүш”, - дейт.
Анын айтымында, патриархат — Индиядагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Ал саясатчылар, лидерлер жана коомдук ишмерлер мизогиниялык (аялдарды жек көргөн) ой-пикирлерди колдонгонуна көңүл бурду. Себеби, алар тескери үлгү берип жатышат. Натыйжада гендердик теңдик жөнүндөгү көз караштар жамааттар менен үй-бүлөлөргө жетпей калууда.
“Мамлекет кыздарга артыкчылык беребиз дейт жана кыздардын жыргалчылыгына багытталган чоң-чоң пландары бар экенин жар салат, бирок иш жүзүндө эч кандай жылыш болбой атат”, — дейт Шивхаре.
Батышта кичинекей бала же болбосо аял өз үйүндө кандайдыр бир коркунуч алдында турса, аларды баш калка жайларына же асырап алуучу үйлөргө алып барышат.
“Индияда баш калка жайлары жана кризистик борборлор аз жана көпчүлүгүнүн иши жөнгө жакшы салынган эмес. Ошондуктан эч ким ал жактарга барып жашагысы келбейт. Биздин мамлекетибиз көбүрөөк каражат бөлүп берип, алардын шарттарын жакшыртышы керек, — дейт Шивхаре. — Бирок көйгөйдү узак мөөнөттүү чечүүнүн бир гана жолу - бул кыздарды өз укуктары жөнүндө маалымдар кылуу”. (EA)