Чулук айылын кемсинткен коэффициент

Чулук айылынын аксакалдары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чулук айылынын аксакалдары
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Бийик тоолуу, эң алыс жайгашкан Чоң-Алай районундагы Чулук айылынын жашоочулары өздөрүнүн социалдык көйгөйүн өкмөт көп жылдан бери чечпей келатканына нааразы болуп жатышат. Кеп алардын айылынын жайгашкан бийиктиги туура эмес каралып, эмгек акыга жана пенсия-пособияга тийиштүү кошумчанын аз төлөнүп жатканында.

Райондогу эң пас коэффициент

Кыштын кыраан чилдесинде ызгаар суук ойногон бийик тоолуу алыскы Чоң-Алай районундагы Чулук айылында спорт залдын ачылышына эл чогулду. Чогулгандар жаңы спорт залга бир жагынан кубанып, бирок экинчи жагынан өкмөт өкүлдөрүнө көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөрүн кейип айтып жатышты.

"Биз азыр деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте турабыз. Бирок бизди Чоң-Алай району боюнча алма-өрүк бышат деп, эң пас коэффициентке коюшкан. Бир балага пособия башка айылдарга 1250 сом төлөйт, а биздин балдарга 1120 сом төлөйт. 80 сом кем. Ардагерлерге, майыптарга 300 сом кем төлөйт. Биздин ушинтип бар-жоктон кем кылып келатышат. Жаныбыздагы айылда кар кеткенде бизде эми-эми эрип баштайт. Аларга жамгыр жааса, бизге кар жаайт",-деди жергиликтүү карыя Файзулла.

Чоң-Алай району эң алыскы жана бийик тоолуу район болуп саналат. Кышы узак, жолу алыс. Бак-дарак да көп өспөйт. Элдин кармаганы мал, бирок малга да тоют жетпейт, сырттан сатып алып келишет.

Бийик тоолуу жана алыскы айыл кыштактардын тизмеси 1997-жылы бекиген. Ɵкмөттүн ошол тизмесинде Чулук айылы деңиз деңгээлинен 2400 метр деп туура эмес көрсөтүлүп калган. Ошол себептүү анын жашоочуларына ошол жердеги башка айылдарга төлөнүп жаткан коэффициенттеги кошумча төлөнбөйт. Чулук айылынын жашоочуларын дискрминациялаган кемчилик жыйырма жылдан ашык убакыттан бери жоюлбай келатат.

"Мен Бишкекке эки ирет барып келдим. Анда премьер-министр болуп турганда Сооронбай Жээнбековго, ЖК төрагасы болуп турганда Чыныбай Турсунбековго жеткирдим. Менин чуркаганыма эле он алты жыл болду, эч жыйынтык жок".

Файзулла карыя жаңырган жылдын февраль айында Бишкекке үчүнчү жолу арыз менен келди. Анда деле көңүл жылыткан жооп укпаганын айтты.

Чоң-Алай районундагы айылдардын баары деңиз деңгээлинен 2500 метрден бийик жайгашкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чоң-Алай районундагы айылдардын баары деңиз деңгээлинен 2500 метрден бийик жайгашкан.

"Өйдө-ылдый жайгашып калган..."

Ɵкмөт алыскы жана бийик тоолуу айыл-кыштактардын тизмесин кайра карап жатканына көп болду. Бул иш качан бүтөрүн сурап Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине кайрылдык.

"Бизде өйдө-ылдый жайгашып калган, мурда азыраак коэффициент менен кирип калган айылдар бар. Азыркы бийиктиги чоңураак болгон айылдар. Мисалы, Чулук айылынын азыркы бийиктиги 2580 метр. Мурда ылдый болуп катталып калган. Эмне үчүн мындай болуп калган? 1997-жылдан бери ар кандай өзгөрүүлөр болду, кээ бир айылдар башка айылдарга кошулуп кеткен учурлар болду. Аймактык өзгөрүүлөр көп болуп жатат. Ошол себептен кээ бир айылдардын бийиктиги жөнүндө маалыматтар да өзгөрүп кеткен. Биз азыр эң акыркы маалыматтарды алып, тактап туруп долбоор даярдап жатабыз комиссия менен карап. Ошол долбоордун ичинде Чулук айылы да бар",-деди Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин тийиштүү кызматкери Асел Кемелова.

Расмий маалыматка караганда алыскы жана бийик тоолуу айылдардын 1997-жылы бекиген тизмесинде 789 калктуу пункт каралган. Эми өкмөт бул тизмеге убагында кирбей калган отуздай айылды кошкондо алардын саны сегиз жүздөн ашканы турат. Айрым маалыматка караганда, ушундай алыскы айыл-кыштактарда миллиондон ашык адам жашайт.

Бул тизмеге кирген айылдардын жашоочуларына эмгек акыга, пенсия-пособияга өзүнчө коэффициент менен кошумча төлөнөт. Айылдардын алыстыгы жана бийиктигине карап, 1,1 ден 1,95 ке чейинки коэффициент колдонулат.

Эн жогорку коэффициентке Кароол-Төбө, Торугарт, Көк-Айгыр, Эселек айылдары кирет. Булар Нарын областындагы эң бийик жана эң алыс турган айылдар. Климаттык шарты кыйын, кыш узак, алты ай от жагыш керек.

Ошондой эле бийик жерде жашагандар үчүн башка регионго дарыланууга баратканда коомдук транспортто жол акысын төлөөгө жана дарыланууда 50% жеңилдик берилет.

Андан сырткары, беш жылдан көп иштегендерге эмгек акыга 5%, он жыл иштегендерге 10%, отуз жыл иштегендерге 30% кошумча төлөнөт.

Эми бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси көбөйсө, ага кеминде жылына 330 миллиондон кем эмес акча каражаты керек экени эсептелген. Бирок Ɵкмөттүн бул тизмени караганы создугуп жатканына караганда, көп себептери чечилбей жаткансыйт.