Кредиттик картанын көзүн караган жашоо: Түркиядагы гиперинфляция жана карыз көйгөйү

    • Author, Өзге Өздемир
    • Role, BBC News Turkish

"Эгер мен кредиттик картаны колдоно албасам же бөлүп төлөй албасам, анда эч нерсе сатып ала албайм",- дейт Наз Чакар.

26 жаштагы фабриканын жумушчусу - кредиттик карталар менен күн көргөн миллиондогон адамдардын бири.

Түркияда жылдык инфляция деңгээли март айында 68,5 пайызга көтөрүлүп, тамак-аш же турак жай сыяктуу негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн насыя картасына кайрылгандардын саны өсүүдө.

"Инфляциянын өсүшүнөн улам биздин айлык акыларыбыз азайып, сатып алуу жөндөмүбүз төмөндөп кетти",- дейт Наз.

"Эң жөнөкөй нерсени сатып алууда дагы эки жолу ойлонушубуз керек".

Түркиядагы эң аз эмгек акы 17 000 лира (524 доллар) болсо, өлкөнүн эң ири кесиптик кошуундарынын бири болгон DISKтин маалыматы боюнча жакырчылыктын босогосу 25 000 лирадан (768 доллар) жогору.

Азык-түлүктүн кымбатташы адамдарга көп түйшүктү жаратты. Түркия OECD (Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму) өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку азык-түлүк инфляциясына ээ жана ал жылдык 70% түздү - бул көрсөткүч орточо 6,7% түзгөн OECD уюмундагы орточо көрсөткүчтөн он эсе жогору.

Наздын айтымында, аны батирдин кымбатташы да тынчсыздандырат, анткени ал батиринен көчүүгө аргасыз болгондон кийин ижара акысы эки эсеге жогорулап кеткен.

"Мен ойлогондон да кыйын болуп баратат",- дейт ал.

Түркияда борбордук банктын мурдагы башчысы Хафизе Гайе Эркан айым да Стамбулда ижара акысын төлөй албаганына нааразы болду.

"Биз үй таба элекпиз. Абдан кымбат. Ата-энемдикине көчүп келдик", - деди ал январь айында: "Стамбулда Манхэттенге караганда кымбатыраак болушу мүмкүнбү?"деген суроону кайра бизге жолдоп.

Неоортодоксалдык экономикалык саясат

Түркияда инфляция 2022-жылдын октябрь айында 86% түздү - бул акыркы 24 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Баанын эң көп өсүшү транспорт, тамак-аш жана турак жай секторлорунда байкалган.

Инфляцияны изилдөө тобунун көз карандысыз эксперттери ошол кездеги жылдык көрсөткүчтү 186,27% деп эсептешкен.

Президент Режеп Тайып Эрдоган көптөн бери инфляциянын жогору болгонуна карабай Түркиянын экономикалык өсүшүн көтөрүү үчүн пайыздык чендерди төмөн кармап туруу боюнча адаттан тыш экономикалык саясатты талап кылып келген.

Көпчүлүк борбордук банктар инфляция менен күрөшүү үчүн пайыздык чендерди көтөрдү, бирок Түркияда ал кездеги пайыздык чен 10,5%га барабар болчу.

Ошентип, адамдар үчүн банктардан насыя алуу же кредиттик карталарга таянуу акылга сыярлык болчу, анткени пайыздык чендер инфляциядан төмөн эле, бул алардын карызы узак мөөнөткө берилип, акырындык менен азаярын билдирген.

Эрдоган өткөн жылы кайра шайлангандан кийин анын Мехмет Шимшек жетектеген жаңы экономикалык командасы саясатта өзгөрүү демилгесин көтөргөн.

Март айында борбордук банк инфляцияны ооздуктоо үчүн күтүлбөгөн жерден пайыздык чендерди 500 базистик пунктка - 50% жогорулатты.

Шимшек мырза жакында эле кредиттик карталар боюнча да мүмкүн болуучу эрежелерди кыйытып, аларды колдонууга чектөөлөр киргизилерин билдирди.

"Башкалардын акчасы, насыя же кредиттик карталар аркылуу байлыкка жетүүгө болбойт",- деп айтты ал.

2023-жылы кредиттик карта карызы 2,5 эсеге өсүп, 1 триллион лирадан (34 миллиард доллар) ашып, жаңы рекорд койду.

Супермаркеттерде жана соода борборлорунда тамак-аш сатып алууга бардыгы болуп 2,5 триллион лира (72 миллиард доллар) кредиттик карта акчасы сарпталды.

Талдоочулар жана банк тармагынын кызматкерлери жакында чектөөлөр киргизилет деп күтүп жатышат, анткени өкмөт элди бир аз убакыттан бери үнөмдөп жашоого ишарат кылууда.

Айлампа

"Төмөн пайыздык чендердин узакка созулуп кетишинен улам, башка картадан накталай акча алуу же учурдагы кредиттик карта карызын жабуу үчүн жеке насыя алуу сыяктуу көрүнүштөр уланып жатат", - дейт экономист Бинхан Элиф Йылмаз, адамдарды өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн көбүрөөк карыз акча алууга түрткөн ырайымсыз айлампага элдин көңүлүн буруп.

түлүктүн баасы үч эсе кымбаттап, акыркы кездеги жогорку пайыздык чендер карыздын жүгүн көбөйттү.

"Үй чарбалары да, компаниялар да инфляциянын жогорку мезгилинде карызга батып, даяр эмес болуп калышты", - дейт ал адамдар пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштагандыктан, кредиттик карталарынан чыгымдоону артык көрүшөрүн кошумчалап.

Түркияда орто класс азайып баратат, - деп эскерткен ал, расмий өкүлдөрдү кредиттик карталарды колдонууну чектөөгө эмес, кирешени калыс бөлүштүрүү аркылуу аз камсыз болгон топторду колдоого чакырды.

"Карыздан кутулуу кыйындап баратат"

"Кредиттик картаны колдонуу зарылчылыгы эң керектүү нерселерди сатып алалбагандыктан келип чыгат", - дейт Наз.

"Заводдон болобу, менин тегерегимдегилердин арасынанбы, айтор карызы жок адамды табуу кыйын".

Ал жакында турмушка чыгып жаткандыктан, учурда кредиттик карызынын көбү жаңы тиричилик техникасын сатып алууга байланыштуу болгонун айтат.

Кредиттик карта болбосо, ал мындай нерселердин бирин да сатып албасын, ай сайын бөлүп төлөөгө гана кудуреттүү экенин түшүндүрдү.

Анын ою боюнча, азыр пайыздык чендер жогору болсо да, адамдардын кредиттик карталарды колдонгону туура.

"Мен бул азыктардын баасы өсө турганын билем. Менден башкалар да эгер бир нерсе сатып алууну кийинкиге калтыра турган болсо, баалар көтөрүлөрүн билишет. Ошондон улам алар карызга батышат", - дейт ал.

Бирок өзү да кредиттик картасын колдонууну эч качан токтотпогондуктан, айлык маянасын алганда, кредиттик картанын балансын төлөп, анан кайра карызга батуу айлампасына түшүп жатат.

"Ар бир адамдын мойнунда төлөй турган карызы бар, пайыздык чендер жогорулаган сайын карыздан кутулуу кыйын болот", - дейт ал. (МА)