Орозо айттын күнү кандай аныкталат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын аякташы Орозо айт деп аталган маанилүү диний майрам менен белгиленет, ал күнү үй-бүлөлөр адеми кийинип, майрамдык дасторкон жайып чогулуп той өткөрүшөт. Бирок мындай ири глобалдык окуя үчүн анын качан болорун аныктоо таң калыштуу кыйын, деп түшүндүрөт Ахмен Хаважа Амир Раваш.
Айдын күчү
Рамазан айынын аягы жакындап калганда, дүйнөдөгү 1,9 миллиард мусулмандын көбү ачык асманды карап, айт майрамын баштоого убакыт келгенин билдирген белгини байкашат.
Рамазан сыяктуу эле, ал жаңырган ай асманда биринчи көрүнгөндө башталат.
Ислам айдын фазаларына негизделген ай календарын карманат. Рамазан тогузунчу айда башталат.
Жыл сайын ай календарынын ар бир айы мурунку жылдан 11 күн эрте болот.
Ай календарына баш ийүү мусулмандар үчүн абдан маанилүү жана бул алардын Рамазан айын өткөрүүгө таасир этет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Рамазан айында мусулмандар таң аткандан кеч киргенге чейин тамак жебей, суу ичпей, орозо кармашат. Эгер ислам айлары жыл мезгилдери белгиленген күн календарына негизделген болсо, анда дүйнөнүн айрым жерлеринде жашаган адамдар үчүн Рамазан жайдын узак мезгилине, ал эми дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө кыштын кыска мезгилине туура келмек.
Ал эми Ай календарына ылайык, ар бир мусулман жылдын ар кайсы мезгилинде орозо кармайт (демек, күн узак же кыска болгон учурларга туура келет).
Талаш
Орозо айт майрамы Шаввалдын онунчу айынын биринчи күнүнө туура келет, бирок исламда анын качан болору тууралуу талаш-тартыштар бар.
Кээ бирлери белгиленген ай календарын карманса, башкалары жаңы айдын келгенин жарыялоо үчүн астрономиялык байкоолорду колдонушат. Мусулмандардын көбү жаңы айды асманда ай көрүнгөндөн кийин гана белгилешет.
Адатта, муну асманды карап турган адамдар эмес, ислам бийлигинин кызматкерлери жасашат.
Быйыл айт майрамы качан өтөт?
Айт майрамы дүйнөнүн кайсы жеринде экениңизге жараша 9-апрелде шейшембиде же 10-апрелде шаршемби күнү болору күтүлүүдө.
Мусулмандар Орозо айттын алдындагы түндү күтүшү керек, анткени түнкү асманда Айдын биринчи орогу көрүнгөнгө жараша ай 29 же 30 күнгө созулушу мүмкүн.
Жергиликтүү Ай издөөчүлөр кай жерде болбосун, айдын 29-күнү күн баткандан кийин асманды изилдеп башташат.
Эгер алар жаңырган Айды көрүшсө, анын эртеси айт майрамы болот.
Эгер Ай жаңырып чыкпаса, 30 күндүк айды бүтүрүү үчүн Орозонун дагы бир күнү өткөрүлөт.
Улуу Британиянын деңиз альманах бюросунун маалыматы боюнча, жаңы ай шейшемби, 9-апрелден баштап "ачык көрүнөт", демек, айт майрамы эртеси, шаршемби, 10-апрелде болот деп чечим чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орозо айттын даталары дүйнө жүзү боюнча эч качан бирдей болбойт, бирок алар адатта бири-биринен бир-эки күн айырмаланат.
Мисалы, Сауд Аравиясынын бийликтери - исламдын мекени болгон сунниттер басымдуулук кылган өлкө - Рамазан айынын башталышын жана бүтүшүн Айдын жаңырышын өз көзү менен карап турган эл өкүлдөрүнүн чечимине жараша жарыялайт.
Көптөгөн башка өлкөлөрдөгү мусулмандар да ушундай тартипте белгилешет.
Бирок көпчүлүгү шиит мусулмандары болгон Иран Өкмөттүн билдирүүсүнө баш ийет.
Ал эми көпчүлүк шиит мусулмандары жана сунниттер азчылык болгон Ирак бул эки ыкманы аралаш колдонот: шииттер таасирдүү динаятчы Улуу Аятолла Али Аль-Систанини угушат, сунниттер өз динаятчыларын ээрчишет.
Ошол эле учурда, Түркия - расмий светтик өлкө - Рамазан айынын башталышын жана бүтүшүн аныктоо үчүн өзүнчө астрономиялык эсептөөлөрдү колдонот.
Ал эми Европада көпчүлүк мусулмандар өз жамааттарынын лидеринин билдирүүсүн күтөт, кээ бир учурда бул башка мусулман өлкөлөрүндө айды байкоого байланыштуу чечимдерге карап чечилет. (МА)




