Пакистан менен Иран эмнеге бири-биринин аймагына кол салууда?

A graphic showing a faultline between the flags of Pakistan and Iran

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Рухан Ахмед
    • Role, BBC World Service

Пакистан согушкерлер бекинип алды деп Ирандын Систан жана Белуджистан провинцияларына асмандан сокку урганда тогуз адам курман болгону такталды. Пакистандын тышкы иштер министрлиги бейшембиде эртең мененки кол салууну "Ирандагы конкреттүү базаларга жогорку уюшкандыкта жасалган аскердик чабуул" деп атады.

Андан мурда "Жайш аль-Адл" экстремисттик уюму бекинген Пакистандын Белуджистан провинциясына Иран ракеталык сокку жасады. Пакистандын ТИМ чыгарган маалыматта Ирандын кол салуусунан эки бала өлүп, үч кыз жаракат алганы айтылат. Пакистан Тегерандагы элчисин артка чакыртып алды.

Кол салуулар болгонуна карабай, эки өлкө тең бири-бирине кастык ниети жок экенин айтууда. Иран да, Пакистан да бири-биринин аймагында бекинген белуджа улуттук аскерлешкен топторуна сокку уруп жатканын билдирүүдө.

Пакистандын чабуулдары

People gather near rubble in the aftermath of Pakistan's military strike on an Iranian village near Saravan, Sistan and Baluchestan Province, Iran

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белуджистан провинциясындагы жана Систан кыштагына Иран чабуул койгондон кийинки талкаланган үйлөрдүн жанына эл чогулду

Пакистандын армиясы өзүнүн чалгын маалыматтарына таянып, Ирандагы "Белуджистандын боштондук армиясына" жана "Белуджистандын боштондук фронтуна ", Пакистандын ичиндеги террордук күчтөргө каршы багытталган чабуул экенин айтууда. Армия башчылары бул операцияда дрондор, ракеталар жана башка куралдар колдонулганын, ошондой эле бейкүнөө тараптарга зыян келтирип албаш үчүн жогорку этияттык менен иштегенин билдирди.

Билдирүүдө базаларды көзөмөлдөп келген бир нече "террористтердин" аты аталып, Пакистан армиясы өлкө коопсуздугун камсыз кылууга дайыма даяр экени айтылат.

"Белуджистандын боштондук армиясы", "Белуджистан боштондук фронту" жана Жайш ал-Адл деген кимдер?

Map showing where attacks took place

Жикчил уюмдар ондогон жылдардан бери Пакистандын Белуджистан провинциясында иштеп келатат. Алар Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө, полицияга жана маанилүү объектилерге кол салуулардын жоопкерчилигин алып жүрүшөт.

Эки ири уюм бар - доктор Аллах Назар башында турган "Белуджистан боштондук фронту" (ББФ ) жана Башир Зеб башында турган "Белуджистан боштондук армиясы" (ББА).

Пакистан бийликтери бир нече жылдардан бери бул жикчил уюмдар менен байланышы бар согушкерлер Иранда башка калка тапканын айтып келатат.

Пакистандын аба соккуларынан кийин "Белуджистан боштондук фронту" билдирүү жасап, Иранда өзүнүн базалары бар болгонун, жаракат алган жоокерлери бар экенин кабарлады.

"Белуджистан боштондук фронту" (ББФ ) Белуджистанда Макран районунда жана анын чет жакасында активдүү жана соңку убакта пакистандык күчтөргө болгон бир нече кол салууларга жоопкерчилик алган.

Кара тизмеге алынган бул уюм 2022-жылы январда Пакистан армиясынын Гвадар шаарындагы бөлүктөрүнө чабуул коюп, анда пакистандык он жоокер курман болгон. Андан сырткары, ББФ бул провинциядагы карапайым дыйкандарга да кол салган деп айыпталган.

Dr Allah Nazar Baloch (left) and Bashir Zeb (right)

Сүрөттүн булагы, BLA/BLF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Доктор Аллах Назар Белудж (солдо) жана Башир Зеб (оңдо)

"Белуджистан боштондук армиясы" жикчил уюмунун тарыхы 1970-жылдары Белуджистанда мурдагы премьер-министр Зульфикар Али Бхуттонун биринчи башкаруу мөөнөтү убагында куралдуу козголоңдон башталат.

Аскердик диктатор Зия Уль-Хак башында турган аскердик төңкөрүштөн кийин Белуджистандын улуттук лидерлери менен сүйлөшүүлөр куралдуу козголоңдун басылышына алып келип, анын таасири басаңдаган.

Белудждардын лидери Наваб Хайр Бахш Мурри Жогорку соттун судьясын өлтүргөнү үчүн камалганда, мурдагы президент Первез Мушаррафтын тушунда конфликт кайра жанданган.

Белуджистандын ар кайсы областтарында мамлекеттик объектилерге жана коопсуздук күчтөрүнө катар-катар кол салуулар болжол менен 2000-жылы башталды. Ошондон бери кан төгүүлөр менен зомбулук Белуджистандын аймагында көбөйбөсө, азайган жок.

Кол салуулардын артында "Белуджистан боштондук армиясы" тургандыктан, Пакистандын өкмөтү аны 2006-жылы тыюу салган уюмдардын тизмесине киргизди.

Бул уюм ошондой эле Кытайдын Пакистандагы экономикалык коридоруна да каршы чыгып, Пакистандагы кытай ишканаларына жанкечтилик кол салууларды жасаган. 2018-жылы ББА жасаган биринчи чабуул Далбандин шаарына жакын жерде болуп, Сайндактагы алтын жана жез кенинде иштеген кытай жумушчулары түшкөн автобус бутага алынган.

Андан кийин ББА 2018-жылы ноябрда Карачидеги кытай консулдугуна болгон кол салуунун жоопкерчилигин алган. Анда кол салууну үч согушкер жана жанкечти террорист аткарып, кеминде төрт адам ажал тапкан.

A missile leaves its launcher

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Пакистандагы аскердик базаларды карай ракета менен аткылады

"Жайш аль-Адл" ("Акыйкаттык менен теңдик армиясы") - бул Иран өкмөтүнө каршы согушкерлердин куралдуу тобу. Алар өздөрүн Ирандагы сүннит топторунун коргоочусу катары жарыялап, Ирандын Пакистандагы соккуларынын бутасы болуп калды.

"Жайш аль-Адл" Ирандын коопсуздук күчтөрүнө болгон бир катар кол салууларга (Негизинен Систан-Балучестан провинциясындагы) жоопкерчилик алган.

АКШнын чалгын кызматы бул топту 2005-жылы мурдагы президент Махмуд Ахмадинежадка кол салууга катышкан деп билдирген. 2009-жылы Иран бул топтун башчысы Абдулмалик Ригини Ирандагы коопсуздук күчтөрүн бомбалоого жана Улуу Британия менен АКШнын тыңчысы деп айыптаган. Ал 2010-жылы дарга асылган.

Иранда иштеген мурдагы пакистандык дипломат Мохаммад Аббаси убагында Пакистан Ригини кармоодо маанилүү роль ойногонун билдирген эле.

Азыр эмне болуп жатат?

Map showing Balochistan province in Pakistan and Sistan-Baluchestan province in Iran

Аналитик Сайед Мохаммад Али Би-Би-Сиге билдиргендей, азыркы учурда Иран кош кысым алдында калды, бир жагынан ички күчтөр, экинчи жагынан союздаштары ХАМАС, Хезболла, хуситтер аскердик операциялар керек деп жатат. Анын айтымында, Иран Ирактагы, Сириядагы, эми Пакистандагы чабуулдары менен ички көйгөйлөр жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан алаксытуунун амалын көрүүдө.

Куэйд-и-Азам университетинин эл аралык мамилелер факультетинин профессору Кандель Аббас Би-Би-Сиге Иран-Пакистан чек арасынын эки жагында тең эки өлкөгө көйгөй жараткан жикчилдер менен согушкерлер бар дейт

Профессор Аббастын айтымында, Иран да, Пакистан да чек арадагы согушкерлерге каршы макулдашкан чараларды көрүүдө, бирок эки өлкөнүн бийликтери мындай аракеттерди эмнегедир өздөрү ырасташпайт.

Анын айтымында, Иран менен Пакистандын ортосунда миң километрге созулган чек араны бойлой 2013-жылга чейин адам сатуу, баңгизат аткезчилиги сыяктуу кылмыштар болуп келет.

Профессор Аббастын айтымында, Пакистан да, Иран да Жайш аль-Адл топторун коркунуч катары карайт жана азыркы учурдагы кырдаалды ар ким өзүнүн пайдасына колдонуунун аракетин көрүшүүдө.

Эми эмне болот?

A man looks at a television screen after the Pakistani foreign ministry said the country conducted strikes inside Iran targeting separatist militants

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистандыктар окуяга кылдат көз салып турушту

Иран менен Пакистанга көз салып турган байкоочулар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу бүтүндөй регионго терс таасирин берет деп жатышат.

Вашингтондогу аналитик доктор Бухари Би-Би-Сиге "эки өлкөнүн ортосундагы биринчи айлампа аяктады, эми кезек кайрадан Иран тарапта: Пакистандын аракетине кандай жооп кайтарат, айтуу кыйын",-деди.

Анын айтымында, Пакистандын Иран жериндеги ирандыктарга эмес, а өзүнө кас топторду бутага алганы анын кырдаалды курчутпай этият болуп жатканын көрсөтөт, бирок андан ары кагылыш чыгып кетиши да ыктымал.

Пакистандык журналист жана аналитик Бактир Саджад мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу дагы күчөйт деди. "Пакистан Иранда бекинген согушкерлерге контрчабуул жасагандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу дароо эле басылып калбайт".

"Катаң саясаттын жактоочулары Пакистандын катыгын берүүгө чакырбай койбойт. Эки өлкөнүн ортосунда ыдыраган ишеним Белуджистан регионунда Иран менен Пакистандын ортосунда эрегиштин жаңы толкунуна алпарат. Бул региондогу ансыз да татаал кырдаалды ого бетер оорлотот". (МА)