Микробдорго ишенбеген адамдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Рэйчел Шраер
- Role, Ден-соолук жана дипломатия иштери боюнча кабарчы
"Мен көптөгөн жылдар бою альтернативалык медицинага кызыгып келем," - дейт Түштүк Африканын Кейп Таун шаарынан Вероника. "Андан соң, албетте, Ковиддин пайда болушу мени ого бетер кызыктырды."
Вероника бизге өз сүрөтүн жиберүүгө макул болгон жок. Ал натуропат. Натуропат деп дарылануунун медициналык далилдерге негизделбеген "табигый" жолун сунуштаган адамды айтат.
Ал эми анын жолу бизге тааныш. Алгач ал ден-соолукка кызыгып, элдик дарылоо ыкмалары жөнүндө окууганды жактырчу. Андан кийин ал Ковид вакциналарынын курамынан жана алардын кээ бир жумуш орундарында милдеттүү сайыла баштаганынан шектене баштаган.
Бирок ушул жерден анын жолу "ден-соолукту чыңдоо " жаатындагы көптөгөн адамдардан айырмаланып турат.
"Менин оюмча, башка бирөөдөн жуктуруп алчу жугуштуу оорулардын баары адамзатка ондогон жылдар бою айтылып келе жаткан абсолюттук миф", - дейт Вероника.
Ал интернетте саны өсүп жаткан адамдардын тобу сыяктуу эле бардык илимий далилдерге карабастан, ооруну пайда кылган микробдор бар экенине такыр ишенбейт.
Социалдык медианын маалыматтарын талдоо микробдорду четке каккандар колдонгон негизги сөздөрдү карап чыгып, андай тема 2020-жылга чейин дээрлик болгон эместигин жана Ковид пандемиясынын башталышы менен өрчүгөнүн көрсөттү.
Бирок муну менен эле токтоп калган жок. Ал өрчүй берип, эң көп ачкыч сөздөр 2023-жылы айтылып, пандемия күчөп турган алдыңкы үч жылга караганда эң жогорку чекке жеткен.
Микробдорду четке кагууга арналган топтордун Фейсбукта жана Телеграм колдонмосунда он миңдеген мүчөлөрү бар. Ал топтордун кээ бир мүчөлөрү вирустар жок десе, башкалары микробдор бар, бирок алар ооруну жаратпайт деп ишенишет.
Көптөр 1800-жылдардагы жараксыз деп табылган теорияга кайрылышат. Микробдор ооруга себеп болот деген теория далилденип жаткан ошол мезгилде Антуан Бешамп аттуу француз илимпозу рельеф теориясы деген идеяны ортого салды. Анын айтымында, микробдор зыянсыз нерселер болгон. Алар мутацияланып, оорулуу организмде гана зыян келтирүүчү затка айланат.
Ооруну микробдор пайда кылары тууралуу далилдер улам көбөйгөндүктөн Бешамптын теориясы жокко чыккан. Учурда, интернеттеги айрым топтор Бешамптын идеясына таянышууда.
Мындай ой жүгүртүү 19-кылымдагы француз окумуштуусунун теориясына күтүлбөгөн жерден берилип кетүүдөн мурда, коом тарабынан кабыл алынган негизги агымдын баарын четке кагуу менен байланыштуу сыяктанат. Ал дегени, өкмөт же саламаттыкты сактоо мекемеси бир нерсе айтса, ал автоматтык түрдө ката болот деген ишенимдин күчөшү.
Бул өкмөттөргө суроо берүү жана колдо болгон бардык далилдерди карап чыгуу дегенди түшүндүрбөйт.
Доктор Дэн Вилсон - Ютубдагы "Debunk the Funk" деп аталган билим берүү каналын ачкан молекулярдык биолог, бул илимий эмес ишенимдер "ден-соолукту чыңдоо " деген кеңири түшүнүккө туура келет дейт.

Сүрөттүн булагы, Debunk the Funk
Ал диета, көнүгүү жана башка ден соолукка байланышкан аракеттер аркылуу физикалык жана психологиялык саламаттык сезимине умтулуу. Ал көбүнчө "табигый эмес" деп эсептелген фармацевтикалык дарылардан баш тартууну камтыйт жана социалдык медиада миллиондогон постторду жараткан.
Доктор Уилсон ден-соолукту чыңдоо адамдарга ооруну тушүнүүгө жардам берип, өзүнө ишенүү сезимин күчөтөт. Ал кыймыл жөн гана эмнени жеп жатканыңызды өзгөртүңүз, ошондо сиз бардык оорулардан сактануу менен гана чектелбестен, эң сонун өмүр сүрөсүз деп айтат.
"Ал сөзсүз эле микробдор теориясын четке кагуу дегенди билдирбейт. Бирок, сиз кошулмаларды белгилүү бир жол менен колдонуп же белгилүү бир жашоо образын карманып оорудан кабатыр болбосоңуз болот дегенди билдирет, - дейт доктор Уилсон.
Албетте, бардык оорулар микробдордон келип чыкпайт - алар генетикадан, жашоо образыбыздан жана айлана-чөйрөнүн таасиринен пайда болушу мүмкүн.
Бирок Вероника эч кандай конкреттүү далили жок эле, бардык оорулар денебизге уулуу бир зат киргенден - булгануудан же электромагниттик жыштыктардан келип чыгат деп эсептейт.
Ал кардарларына "Силердин ден соолугуңар өзүңөрдүн колуңарда. Дарыгердин колунда эмес" деп айтат.
Мында микробдорду четке кагуу реалдуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Микробдор ооруга себеп болбойт деген ишенимге арналган Фейсбуктагы эң чоң топ дарыгерлерден, дарылардан жана вакциналардан кантип сактануу керектиги боюнча кеңештер жана көрсөтмөлөр менен толтурулган.
Анда 2019-жылы жүз элүү мүчө болсо, бүгүнкү күндө алардын саны отуз миңден ашты.
«Микробдор теориясын четке каккан жана вакцинага каршы бириккен адамдардын топтору, албетте көп. Мен микробдор теориясын жокко чыгарган чөйрө вакцинага каршы чөйрөнүн ичинде да бар деп айта алам", - дейт доктор Уилсон.
Мындай нерсе мурда сейрек гана кездешсе, азыр вакцинага каршы аргументтердин өзгөчөлүгүнө айланып баратканын байкады.
"Мен аларды биологиянын "жалпак жерчилери" деп атайм, анткени алар "жер жалпак" дегендерге окшош, биз Жердин тоголок экенинин сүрөттөрүн көрсөтсөк дагы алар аны дале четке кагып келишет" дейт доктор Вилсон.
"Биз вирусту алып, аны жаныбарга жуктуруп, оорута алабыз. Ошондой эле биз адамдарда ошондой эле генетикалык ырааттуулукту кездештирип, популяция аркылуу байкай алабыз. Вирус адамдан адамга өтүп, ооруунун толкуну ошол популяция аркылуу жайыларын көрө алабыз."
Вирустарды жана башка микробдорду микроскоптун астында көрүүгө болот, деп кошумчалайт ал.
"Бирок көптөгөн далилдерге карабастан микробдор теориясын четке кагуунун ар кандай формалары күч алууда. Мисалы, ВИЧ СПИДди пайда кылбайт деген ой. Мен бул ойдун конспирация теориясына айланып кетишинен чочулап турам."
2000-жылдардын башында Верониканын мекени Түштүк Африкада, ошол кездеги президент Табо Мбеки СПИДдин ВИЧ вирусунан келип чыкканын кабыл алуудан баш тарткан. Ал ошондой эле вирустун организмде көбөйүшүн токтотуп, өмүрдү сактап калуучу антиретровирустук дарыларды берүүнү кечеңдеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гарвард университетинин изилдөөсүнө ылайык, мындай позиция 300,000ден ашуун алдын алса боло турган өлүмгө алып келген.
Түштүк Африкада ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча иштеген адамдар мага бүгүнкү кырдаал 20 жыл мурункудан такыр башка экенин жана СПИДди четке кагуу алардын алдында турган негизги көйгөй эмес экенин айтышат.
Бирок ар жерден чыккан күмөндүү күбүр-шыбыр Роберто Перейра сыяктуу ВИЧ изилдөөчүлөрүн кулак түрө калууга түртөт.
"Мен андай кылуу чоң ката деп ойлойм, айрыкча бул өлкөдө ушунчалык жүрөктү ооруткан нерселер болду. Бул менин канымды кайнатып жиберет", - дейт ал.
"Тарых кайталанбаса дейбиз, бирок ал тез-тез кайталана берет окшойт." (ДО)










