Эрдоган алдыда, бирок биринчи турда жеңишке жетпеди

Избиратель

Сүрөттүн булагы, Reuters

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоодо добуштар саналып жаткан учур.

Дүйшөмбүдө мамлекеттик телеканал ТРТ билдиргендей, шайлоо үкөктөрүнүн 99,96% эсептелип бүттү, натыйжада Эрдоган 49,34% добуш алды, анын башкы атаандашы - 45% алды. Оган алган добуш 5,23% түздү.

Биринчи турда жеңип чыгыш үчүн 50% жана бир добуш алыш керек, андай болбосо 28-майда экинчи тур өтөт.

Кемал Кылычдароглу оппозициялык саясий бирикменин лидерлери менен бирге чыгып сүйлөп, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарына каршы эместигин белгилеп, бирок экинчи турда жеңерин айтты.

Оппозициянын талапкери ошол эле учурда бүт өлкө боюнча байкоочуларды добуштардын саналышына көз салууга чакырууда.Ал ошондой эле Жогорку шайлоо кеңешин ири шаарлардагы добуш берүүнүн натыйжаларын жарыялоого чакырды:

"Бүгүн түнү уктабайбыз. Жогорку шайлоо кеңешин эскертип коюен, силер шаарлар боюнча маалыматтарды беришиңер керек", - деди ал.

Избиратели

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кылычдароглунун жактоочуларынын арасында жаштар көп

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин башчысы Ахмет Йенер журналисттерге соңку расмий маалыматтар кыскача гана билдирип, расмий натыйжаларды атайын создуктуруп жатат деген сын-дооматтарды четке какты.

Андан мурда оппозициянын лидери Кемал Кылычдароглу маалыматтар өз убагында берилбей жатат деп шайлоо кеңешин сынга алган эле.

Оппозиция Anadolu агенттиги өкмөттүн гана кызыкчылыгында иштеп жатат деп белгилеп, анын маалыматтарына ишенбөө жөнүндө бир нече жолу чакырык жасады.

Эрдогандын Акыйкат жана өнүгүү партиясынын өкүлү Өмер Челик өз кезегинде добуштарды саноо иши ачык-айкын жүрүүдө деп атап, президенттин жеңишин таануу керек деп билдирди.

Сторонники Эрдогана

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдогандын жактоочулары аны кайрадан жеңип чыгат деп үмүт кылышууда

Anka жеке менчик агенттигинин кабарына караганда, добуштардын 78% саналып бүткөндө президент Эрдогандыкы - 48,5%, Кылычдароглунуку - 45,7% болгон. Бирок эл көп жашаган ири шаарлардагы добуштар саналганына жараша эки негизги атаандаштын ортосундагы ажырым кыскарып баратат.

Эрдоган алдыда кетип бараткан менен үч ири шаардын - Стамбул, Анкара жана Измирдеги добуштардын санагы шайлоо жыйынтыгын олуттуу өзгөртүп коюшу мүмкүн, бул шаарларда анын атаандашы өзгөчө популярдуу.

Стамбулда 16 миллион адам жашайт, баш калаа Анкара менен батыштагы чоң шаар Измирде 10 млн бар. Бул шаарларда добуштардын көбү эсептелип бүтө элек. Азырынча 45 млн добуш саналды, бул катталган шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

Акыркы жыйынтыктар бир нече күндөн кийин жарыяланат, бирок ага чейин эле шайлоодо активдүүлүк жогору болду деп ишенимдүү айтса болот. Бирок көптөгөн байкоочулар менен журналисттер "түрктөр өздөрү добуш берүүнүн жыйынтыктарына ишенеби" деген суроону көп берип жатат.

Бул шайлоодо биринчи жолу добуш берүүгө катышкандар электораттын сегиз пайызын түздү. Алардын добушу көп жагынан чечүүчү мааниге ээ.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул шайлоодо биринчи жолу добуш берүүгө катышкандар электораттын сегиз пайызын түздү. Алардын добушу көп жагынан чечүүчү мааниге ээ.

2002-жылга чейин Түркияда эки-үч жылда бирден коалициялык өкмөт алмашып башкарып келишти. 2002-жылдан бери өлкөнү Эрдоган менен анын партиясы башкарып келатат, ошондуктан жаш шайлоочулар бийликтеги башка партияны билишпейт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, жаш шайлоочулардын 70% өзүнүн келечегин Эрдогандын партиясына ишенбей турганын билдиришкен. (КС)