АКШда Юта штатында өспүрүмдөрдү соцтармакта эми ата-энелер көзөмөлдөйт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Азаде Мошири
- Role, BBC News
Юта балдар соцтармакты колдонуш үчүн ата-энелердин уруксатын алуу эрежесин киргизген АКШдагы биринчи штат болуп калды.
Губернатор мындай масштабдуу чаралар жаштарды коргоо максатында болуп жатканын билдирди.
Жаңы мыйзамдар боюнча ата-энелер балдарынын онлайн-аккаунттарын көзөмөлдөп, ким менен сүйлөшүп, эмне деп жазып жатканынын баарын текшерип тура алат.
Бул чаралар социалдык сайттар балдардын психикалык саламаттыгына зыяндуу таасири жөнүндө кооптонулар күчөп жаткан учурда кабыл алынууда.
Эми эреже боюнча балдар Instagram, Facebook же TikTok сыяктуу коомдук сайттарга катталардан мурда ата-энесинин уруксатын алышы керек болот.
Жаңы мыйзамдар боюнча соцтармакты колдонууга коменданттык саат киргизилет, 22:30 дан 06:30га чейин балдарга соцтармакка жол жабык, бул эрежени ата-энелер гана өзгөртө алат.
Социалдык тармакта иштеген компаниялар мыйзам боюнча балдардын жеке маалыматтарын чогултпайт жана аларды жарнамага пайдаланбашы керек.
Социалдык тармактагы компанияларды сотко берүү жолдорун жеңилдеткен эки мыйзам 2024-жылдын 1-мартынан күчүнө кирет.
Губернатор Спенсер Кокс Твиттерге: «Социалдык сайттар биздин жаштардын психикалык саламаттыгын бузганга биз эми жол бербейбиз",-деп жазды. «Лидер жана ата-эне катары из балдарды коргошубуз керек».
Балдардын укуктарын коргогон Commons Sense Media уюму губернатордун чечимин колдоого алып, аны "Ютанын балдары жана үй-бүлөлөрү үчүн чоң жеңиш" деп атады.
«Бул башка штаттарга Интернетте балдарды коргоо үчүн социалдык сайттарды жоопкерчиликке тартууга стимул болот",-деди укук коргоо уюмунун башкы директору Джим Стейер.
АКШда республикачылдар башкарган Арканзас, Техас, Огайо жана Луизиана штаттарында, ошондой эле демократтар башкарган Нью-Джерси штаттарында ушул сыяктуу эрежелерди киргизүү каралууда.
Бирок Common Sense Media жана башка уюмдар жаңы мыйзамдардын кээ бири балдарга тобокелдк жаратышы мүмкүндүгүн да билдирүүдө.
TechFreedom уюмундагы сөз эркиндиги боюнча эксперт Ари З. Кон мыйзам долбоорлору "сөз эркиндигине олуттуу көйгөйлөрдү жаратат" деп айтты.
«Ата-энеси катуу кармаган балдар көп, алар мисалы ЛГБТ болушу мүмкүн, демек алар социалдык сайттардан таптакыр ажырап калышы мүмкүн",-деди ал Би-Би-Сиге.
Facebook'ту түзгөн Meta компаниясы өз кезегинде балдардын коопсуздугу үчүн анын жарактуу аспаптары бар экенин билдирүүдө.
«Биз балдар менен үй-бүлөлөрдү коргоо үчүн отуздан ашык аспаптарды иштеп чыктык, анын ичинде ата-энелер жана өспүрүмдөрдүн бирге иштеп, Instagram'да убакытты чектеп алгандай жана жаш куракты текшерип ала турган ыкмалар бар",-деди компаниянын өкүлү Би-Би-Сиге.
Айтмакчы, балдарды социалдык тармактын зыяндуу таасиринен коргоп калуу жөнүндөгү мыйзам долбоорлоруна АКШда эки негизги партиядан колдоо болуп жатат.
Жо Байдендин февраль айындагы кайрылуусунда балдардын маалыматын технологиялык компаниялардын чогултуусуна тыюу салган мыйзамдарды кабыл алууга чакырык айтылган эле.
Өткөн жылы Калифорния штатында мыйзамчылар балдардын жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алышкан. Мисалы, санарип платформалар 18 жашка чыга элек колдонуучулар үчүн жашыруундулуктун эң жогорку функцияларын түзүүгө милдеттендирилген.
Юта штатындагы мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы Конгрессте TikTok'тун башкы директору Шоу Зи Чунун жоопко турган убагына туш келди. (КС)







