ЕККУ: Казакстандагы бийлик партиясынын жеңиши - демократиялык жылыш

EPA

Сүрөттүн булагы, EPA

Шайлоодо биринчи жолу оппозициянын бир нече өкүлү (көз каранды эмес талапкер катары) катышканын эске алганда, ЕККУ эксперттери бул шайлоону демократияны көздөй жылыш деп аташты, бирок демократиялык реформаларды улантуу зарылдыгы бар экенин белгилешти.

"Мурда берилген сунуштардын негизинде мыйзамдык базага шайлоочуларга кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берген оңдоолор киргизилген",-деп айтылат байкоочулардын отчетунда. - Ошол эле учурда демократиялык (эркин) шайлоолорду өткөрүүгө жетиштүү база түзүш үчүн реформаларды андан ары улантуу зарыл".

Казакстан 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон кийин өлкөдөгү бир да шайлоону байкоочулар эркин өттү деп тааный элек болчу.

Өлкөнүн ичиндеги журналисттер менен политологдор бул жолу деле олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок деп баа берип, казак бийликтери "шайлоо реформасынын көшөгөсүн жаңыртып, эркин шайлоонун имитациясынын кадимки практикасын улантууда" деп жатышат.

Оңтойлуу көпчүлүк

Бул Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин масштабдуу шайлоо реформасынан кийин болуп жаткан биринчи шайлоолор.

Жаңы шайлоо системасын мурдагыдан бир топ эле либералдуу деп аташууда, бирок мыйзам боюнча төмөнкү палатада мандаттардын үчтөн экиси жети расмий партиянын ортосунда бөлүштүрүлө турганына кепилдик бар, алардын баары азыркы учурда президентти колдогон партиялар.

Избирательницы на участке

Сүрөттүн булагы, EPA

Токаев формалдуу алганда совет доорунан бери келаткан лидер Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан өз ыктыяры менен кеткен 2019-жылы мартта өлкөнү башкара баштаган. Бирок реалдуу бийлик анын колуна өткөн жылы январда Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылган массалык каршылык акцияларынан кийин гана тийди.

Өткөн жылы Токаев башкаруучу элитанын ичинде олуттуу которуштууларды жүргүзүп, мурдагы президенттин учурунда жетекчи кызматка коюлган көп адамдарды алмаштырып, өзүнүн позициясын кыйла бекемдей алды.

Бирок парламенттин төмөнкү палатасы Назарбаевдин колунда чоң бийлик бар экенде шайланган, ошондуктан Токаев 2026-жылдагы кезектеги шайлоону күтүп отурбай мөөнөтүнөн эрте шайлоо жарыялады.

Экзит-поллдун маалыматтарына караганда, "Аманат" партиясына шайлоочулардын 53% добуш берди, бул анын мурдагы шайлоолордогу көрсөткүчүнө салыштырмалуу кыйла эле аз. 2021-жылы шайлоодо ал 71% добуш алган болчу.

Анткен менен бул натыйжа деле башкаруучу партияга төмөнкү палатада оңтойлуу көпчүлүктү кармаганга мүмкүнчүлүк берет. Анын биринчи атаандашы болгон "Ауыл" партиясы алдын ала маалыматтарга караганда болжолдуу он пайыздын добушун алууда. (КС)