"Үчилтик союз". Россия, Казакстан жана Өзбекстан газ союзун түзүүнү талкуулап баштады

"Үчилтик союз" жөнүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Москвага болгон сапарынын жүрүшүндө сөз козгоду. Андан кийин газды иштетүү жана жаңы экспорттук багыттарга сатууда биргелешип иштөө жөнүндө сөз болуп жатканы кабарланды. Биринчи этапта координациялык механизм түзүү аракети болорун Россия президенти Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Үчилтик союз"

Токаев дүйшөмбүдө Путин менен жолуккандан кийин аны менен «кандайдыр бир үч тараптуу союз» түзүү жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирди. Казак президентинин айтымында, бул идея боюнча Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвге телефон чалмакчы болууда. Азырынча эки президенттин телефон сүйлөшүүлөрү жөнүндө Кремль кабарлай элек.

Токаев Казакстан «буга даяр экенин» белгилеп, бирок тийиштүү натыйжа менен келишимге жетүү үчүн «темага сүңгүп кирүү» жана деталдуу сүйлөшүүлөр керек деди. Макулдашуунун конкреттүү параметрлерин казак президенти айткан жок.

Ошол эле күнү Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Өзбекстанга расмий сапар менен барып, Мирзиёев менен жолукту. Эми 1-2-декабрда бул жакка премьер-министр Михаил Мишустин келген жатат.

Газ кызматташтыгы

Казакстан президентинин басма сөз кызматы Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө курамында Россия, Казакстан жана Өзбекстан болгон «Үчилтик союз» түзүү жөнүндө сөз болгонун кабарлады. Долбоордун максаты - «Россиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу ташууну координация» кылуу. Анын кайсы пункттар менен өтөрү аталган жок.

Россиянын вице-премьери Александр Новак өз кезегинде аталган үч өлкөнүн СССР убагынан бери бирдиктүү газтранспортук системасы бар экенин, демек бул тармакта кызматташтыкты кеңейтип, газды иштетүү, сатуу жагында да биргелешкен иштерди жүргүзсө болорун түшүндүрдү.

Бул жерде кеп «жаңы экспорттук багыттар» жөнүндө да болуп жатат, алардын ичинде биринчи кезекте, албетте, Кытай бар.

"Координация керек"

Песков журналисттерге айткандай, ырааттуу өнүгүп жаткан Казакстан менен Өзбекстандын газга болгон керектөөсү да өсүүдө. Андан сырткары, эки өлкө Россия сыяктуу эле тышкы рынокко газ сатат, «албетте, бул жерде айрым бир макулдашуулар керек»,-деди Россия президентинин басма сөз катчысы.

Анын айтымында, Казакстандын түндүгү башынан эле Россиянын газын жагып оокат кылат, анткени ал жакка жаңы газ куурларын куруу кымбат. Ал эми Россия Чыгыш Сибирде жаңы газ провинциясын өнүктүрүүдө, ошондуктан мунун баары ырааттуу макулдашууну, сүйлөшүүлөрдү, координацияны талап кылат.

Песковдун айтымында, координациялык союздун алкагында үч өлкөнүн кызматташтыгын жана инфраструктурасын караган өзүнчө бир «юридикалык жак» түзүлүшү мүмкүн, бирок «анын баары талкууланышы керек».

Кремлдин өкүлү ошондой эле Москва менен Астананын биргелешкен өнүгүү пландары бар экенин, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жалпы энергетикалык рынокту өнүктүрүү да каралганын, Ташкент дагы бул биримдикке «кылчайып» турганын айта кетти.

Газ тармагында «Үчилтик союз» түзүү аракети Россия Украинага басып киргенден кийин орустардын газы менен мунайынан Европа өлкөлөрү баш тартып жаткан учурга туура келди. Батыш өлкөлөрү сатып алып жаткан газ көлөмү Россиянын экспортунун жарымына жакынын түзүп келген.

Эми Москва газ экспорту үчүн жаңы рынокторду табышы керек. Биринчи кезекте Индия, Кытай сыяктуу чоң өлкөлөр жөнүндө сөз болууда. Бирок тийиштүү инфраструктураны курууга бир топ жыл керек. (КС)