Би-Би-Си 100 жашка толду: Корпорация тарыхындагы тагдырлардын, урунттуу көз ирмемдердин он мисалы

Би-Би-Синин жүз жылдык торколуу тою белгиленүүдө
Ушул күндөрү Британдык телерадиоберүү корпорациясы (Би-Би-Си) өзүнүн 100 жылдык куттуу мааракесин белгилеп жатат.
Учурда дүйнөдөгү эң чоң сыналгы жана үналгы компаниясы болгон Би-Би-Си расмий түрдө 1922-жылдын 18-октябрында Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында негизделген жана ал ар түрдүү, шыктандырган жана даркан жолдогу тарыхты баштан кечирип келди.
Ал өзүнүн кылымдык мааракесин ыракаттана белгилеп жаткан маалда, бул макалада анын тарыхынын айрым өзгөчө учурларына, эң көрүнүктүү мерчемдерине жана Би-Би-Сини калыптандырган даңазалуу тарыхый инсандардын тагдырына бир аз көз чаптырып көрөлү.
1. Биринчи Би-Би-Си радио бекети

Көптөгөн ышкыбоздук үналгы бекеттери жабылгандан кийин, Би-Би-Си 1922-жылы 14-ноябрда Лондондо, Улуу Британиянын Англия аймагында, өзүнүн күндөлүк радио кызматынын алгачкы сааттарын баштаган.
Анын туңгуч үналгы берүүсү - Гринвич убакыты боюнча саат 18:00де обого чыгарылган кабар бюллетени болгон жана андагы жаңылыктар маалымат агенттиктери тарабынан жабдылып берилген. Андан кийин Улуу Британиянын улуттук метеорологиялык кызматы тарабынан даярдалган жана "Мет-офис" деп аталган аба ырайы тууралуу алдын ала кабарлоо берүүсү обого чыккан.
Аларды программалардын директору Артур Берроуз англис тилинде окуган болчу. Берроуз бюллетенди эки жолу окуган: оболу ал аны тез окуган; андан соң аны жай окуп берген да, жазып алууну каалаган угармандарга мүмкүнчүлүк түзгөн.
2. Дүйнөлүк кызматтын башаты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1932-жылдын 19-декабрында Улуу Британиянын падышасы Жорж V өлкө калкына жана дүйнөнүн бир катар аймактарына алгачкы жолу Ыйсанын туулган күн майрамына байланыштуу монархтык куттуктоосун окуп берген.
Кыска толкунда обого жайылтылган жана негизинен Улуу Британия империясынын аймактарындагы англис тилинде сүйлөгөндөргө багытталган уктурууда падыша Жорж V бул уктуруу кызматын "калың кар, чөл же деңиздин айынан обочодо калган эркектер менен аялдарга обо аркылуу гана доошту жеткирүү үчүн ниеттенген" кызмат катары мүнөздөгөн болчу.
Бул куттуктоо сөзү Би-Би-Синин Империялык кызматы (азыркы тапта "Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматы") ачылганын шардана кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматы, - өзүнө камтылган аймак, тандап алынган тилдер жана калайыкка жеткиликтүү болуу жаатынан алганда, - сырткы булактан обого чыгарылган дүйнө жүзүндөгү эң ири берүү болуп саналат.
Ал өзүнүн онлайн, коомдук медиа, сыналгы жана үналгы аркылуу тейлөөсүн дүйнө жүзү боюнча 40тан ашык тилде обого чыгарып келет.
3. Би-Би-Синин даңазалуу микрофону
Соода-сатыкка эркин чыгарылган микрофондор 1930-жылдары өтө кымбат болгон, ошондуктан Би-Би-Си айтылуу Маркони компаниясы менен биргелешип, өзүнүн микрофондук калыбын иштеп чыккан.

А түрүндөгү бул микрофон 1934-жылы радио уктурууда өзүнчө эле төңкөрүш жасаган.
Ал узак жылдар бою улам кайра иштелип, жакшыртылып келди да, британиялык көптөгөн тарыхый доорлор чагылдырылган драмалардан жана башка тасмалардан айгинеленгендей, классикалык BBC микрофону катары кеңири таанылууга жетишти.
4. Би-Би-Си Араб кызматы Би-Би-Сиде англисче эмес туңгуч үналгы кызматы болуп калды

Би-Би-Си Араб кызматы 1938-жылы бул корпорациянын чет тилдеги туңгуч радио кызматы болуп калды. Диктор Ахмад Камал Сурур Эфенди оболу Египет радиосунда иштеп келген, эми ал Би-Би-Си Араб кызматынын берүүсүн обого чыгарып калды.
Эфенди араб дүйнөсүндөгү эң сүйүктүү алып баруучулардын бири болгондуктан, анын алып баруучу болуп дайындалышы Би-Би-Си Араб кызматынын берүүсүн бир түндө эле калайыкка даңазалап салды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кийинки ондогон жылдар бою Би-Би-Сиге улам көптөгөн чет тил кызматтары кошула берди. Дүйнө жүзү боюнча бул тилдерде оболу радио берүүлөр, андан соң телекөрсөтүү программалары обого чыгарылды.
Би-Би-Си Онлайн кызматы алда канча кечирээк - тээ 1997-жылы англис тилинде жарык дүйнөгө келди. Андан кийин ал чет тилдерде да ишке киргизилди.
Интернеттеги коомдук тармактардын пайда болушу Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы менен Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын бардык чет тил кызматтарын ар кыл платформаларда ургаалдуу маалымат жайылтуу үчүн андан ары кеңейүүгө түрттү.
Бүгүнкү күндө Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматы өзүнүн назарынын борборун эң оболу санариптик мазмунду жаратууга буруп келет.
5. Би-Би-Синин кара түстүү туңгуч продюсер айымы

Уна Марсон кара түстүү алгачкы аял продюсер катары Би-Би-Синин тарыхында катталып калды.
Теги ямайкалык Уна Мод Виктория Марсон [Una Marson] 1939-жылы Би-Би-Сиде иштей баштаган, бирок ал ага чейин эле тажрыйбалуу журналист болгон.
Анын оболку жумушу Александра Пэлис телестудиясында жардамчы болуудан башталган. Ал эми 1941-жылы март айында ал Би-Би-Синин толук убакыт иштечү кызмат ордуна кабыл алынып, "Империянын программалары" бөлүмүндө программалык жардамчы болуп иштей баштаган.
Поэзияга болгон терең кызыгуусу Уна Марсон айымга «Вест-Индияны чакыруу» сериалындагы ар апталык «Кариб үндөрү» берүүсүн түптөөгө өбөлө болгон.
6. Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1945-жылы 1-майда Би-Би-Си Адольф Гитлердин өз жанын кыйганы жөнүндө жар салган. Кийинки кечтеги саат 19:00дагы кечки программалар маалында немистер Италияда багынып берди деген чукул кабар сүйүнчүлөнүп айтылган. 4-майда немистер Данияда багынып беришкен жана согуш жаңжалы соңуна жакындаган.
Бирок бир нече күн эч ким деле бул кабарларга такыр ишенген жок. Дүйшөмбү күнү, 7-майда, калайык Букингем сарайынын алдына чогулду, бирок эл беш жылдан бери күткөн кабар дагы эле зарыктыра берди. Нацисттердин жеңилүүгө учурагандыгы жаатында британдыктар советтик жана америкалык ырастоолорду да күтүп жатышканы кийин белгилүү болду.
Ошол күнү саат 18:00дө Би-Би-Си өзүнүн аң-таң калган угармандарына премьер-министр Черчилл ошол түнү ободо сүйлөбөй турганын маалымдады, бирок андан кийин саат 19:40та демейдеги программалар кийинки күн Европадагы алгачкы Жеңиш күнү катары белгилене тургандыгы жөнүндө кабарды жарыялоо үчүн убактылуу үзгүлтүккө учурады.
Европадагы согуш эми чындап эле аяктады. Өкмөт башчы Черчиллдин билдирүүсү кийинки күнү жалпы империяга тарады, бирок көптөгөн угармандар аны угууга өтө ашыкты. Алар шаттана майрамдап, көчөлөргө жайнап чыкты.
Би-Би-Си он күндүк атайын программаларды обого чыгара баштады. Коопсуздук үчүн атайын караңгылатылып келген Телерадиоберүү үйү 1937-жылдан бери алгачкы жолу жарыкка бөлөндү.
7. Би-Би-Синин көгүлтүр экрандагы берүүлөрү бүт дүйнөгө чыгат

1967-жылы обого чыккан "Биздин дүйнө" сыналгы берүүсү тарых жаратты.
Бул берүү обого чыгарыла элек доордо космостук орбитадагы жасалма жандоочу аркылуу сыналгы көрсөтүүлөр тийешелүү гана өлкөлөрдү эки тараптуу келишимге негизденип байланыштырган. Мындай берүүлөр көбүнесе сынактык тажрыйба катары гана уюштурулган. Айтмакчы, Би-Би-Си 1936-жылдан тартып үзгүлтүксүз "жогорку сапаттык аныктамалуу" телекөрсөтүү кызматын көрсөткөн дүйнөдөгү туңгуч телерадиокомпания болуп келген.
Бирок "Биздин дүйнө" берүүүсү таптакыр башкача негизде уюштурулду. Бул берүү ар бир континенттеги ар кандай өлкөнү көгүлтүр экранда көңүл ачуу маанайында ободо түз көрсөтүүгө аракет жасады. Ошентип бул берүү жасалма жандоочуларды колдонуу аркылуу төгөрөктүн төрт бурчун алгачкы ирет өз ара байланыштырды.
Айтылуу "Битлз" тобу бул шоуга Улуу Британиянын кошкон салымынын бир бөлүгү катары азыр даңазалуу болуп калган "Сага зарыл болгон баары жоктун бардыгы - бул сүйүү гана" (All You Need Is Love) ырын аткарып берди. Кийинчерээк ошол обондуу ыр мүнөтүнө 45 жолу айланчу усулда желим пластинкага көчүрүлүп, бир заматта эле хитке айланды.
Бул сыналгы берүүсү дүйнөнү өз ара байланыштырган эч унутулгус башка телекөрсөтүүлөр үчүн алгачкы саамалык болуп калды.
Айтмакчы, ошондой бүткүл дүйнөгө данакер болгон берүүлөрдүн арасында 1985-жылы обого чыгарылган "Жандуу көмөк" [Live Aid] берүүсү да эсте калды.
Эки башка концерт жайында (лондондук "Уэмбли" стадионунда жана филаделфиялык Жон Кеннеди атындагы стадиондо) өткөрүлгөн бул рок музыкасынын концерти ирландиялык рок музыка өнөрпозу Боб Гелдоф менен шотландиялык музыка өнөрпозу Миж Уре тарабынан Эфиопиядагы ачарчылыктын зардабын жоюу үчүн каражат чогултуу максатында уюштурулган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си бул концерттик кайрымдуулук чарасынын ийгилигинин өзөгү болгон, анткени ал тарыхтагы жасалма жандоочулук байланыш жана сыналгы берүүсү айкалышкан эң ири иш-чараларынын бирин жүзөгө ашырган. Бул обого түз чыгарылган берүүнү дүйнө жүзүндөгү 60 өлкөдө болжол менен 400 миллиондой көрүүчү ыракаттана көрүп турган.
8. Табышмактуу түрдө ууланткан кол чатыр

Сүрөттүн булагы, International Spy Museum
Жогорудагы нерсе - Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматынын журналисти Георгий Марковду өлтүрүүгө колдонулган кол чатыр сымал куралдын көчүрмөсү.
Марков 1978-жылдын 7-сентябрында Лондондогу "Буш Хауз" аттуу имаратка Би-Би-Сидеги жумушун көздөй бара жаткан. Капысынан эле кол чатыр кармаган сырдуу бир бейтааныш киши анын бутунун арт тарабын кол чатырынын учу менен сайып алды да, дароо эле бул жайдан оолактап кача жөнөдү.
Кийинчерээк Марков өзүн өтө жаман сезип, аны ооруканага жаткырышты. Ал ооруканадагы кызматкерлерге өзүн Болгариянын жашыруун кызматы менен КГБнын тыңчылары уулантып кеткенине ишенип турам деп айткан.
Ал үч күндөн кийин 49 жашында каза болду. Анын артында аялы жана эки жашар кызы калды.
Бул киши жалдап өлтүрүү окуясынын табияты жана маркум журналисттин Болгариядагы коммунисттик режимди ачык сындап келгендиги - советтик КГБнын же болгариялык жашыруун кызматтардын бул ишке тиешеси бар болгондугу жаатында узак мезгил бою шек жараткан жагдайлардан болду. Кийинчерээк ачыкталган полициянын жашыруун материалдарына караганда, журналисттин киши колдуу өлүмүнүн аткаруучусу "Пиккадилли" деген сырдуу атка ээ тыңчы болгон экен.
Бирок Марковдун өлтүрүлүшү боюнча алигиче эч ким жоопко тартыла элек.
9. Африканын спортундагы жылдын инсанынын кубогу

Бул кубок мөрөйү - Африканын эң мыкты спорт жылдызына берилүүчү жылдык сыйлык. Анын буга чейинки жеңүүчүлөрүнүн сабына 2018-жылы аны менен сыйланган теги египеттик футболчу, премьер-лигада ойногон Ливерпул клубунун оюнчусу Мохамед Салах да кирет.
2001-жылдан баштап сыйлык футболчулар үчүн гана ачык болгон, бирок 2021-жылы спорт дүйнөсү жана Африканын ага кошкон салымы абдан өзгөргөнүн даңазалоо максатында бул мөрөй "Африкадагы жылдын мыкты спортчусу" сыйлыгы катары кайра түзүлгөн; чынында да спорттун мурда болуп көрбөгөндөй сандагы ар кыл түрлөрү боюнча мелдешкен африкалыктар улам көбөйүүдө.
Кубоктун жаралышынын кызыктуу тарыхы бар: бул оригиналдуу бедизди Сьерра-Леоне өлкөсүндө өспүрүм бала кезинде согушууга мажбур болгон мурдагы жоокер жигит жараткан. Бул жигиттин көркөм өнөргө жана устачылыкка шыгы ойгонгондо, анын турмушу түп-тамырынан өзгөргөн болчу.
10. Дэвид Аттенборо жана Жашыл планета

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британдык сыналгы журналисти жана табият таануучу Дэвид Аттенборо (1926-жылы туулган) жапайы жаратылыш жөнүндөгү сексен жылдан ашуун убакыт бою Би-Би-Сиде обого чыгарылган даректүү берүүлөр түрмөгү жана өзүнүн өтө жагымдуу үнү менен кеңири таанымал.
Анын "Көгүлтүр планета" (Blue Planet), "Жашоо Топтондусу" (Life Collection) жана "Табигый дүйнө" (Natural World) сыяктуу даңазалуу берүүлөрүн миллиондогон кишилер кызыгып көрүшкөн. Татынакай берүүлөрү үчүн ага "Эмми" жана "Бафта" сыяктуу көптөгөн сыйлыктарды ыйгарышкан.
Дэвид Аттенборо мырза 1960-жылдары Би-Би-Сиде алып баруучу болуп иштей баштаган. Ал аталган медиа корпорацияда жетекчи кызматтардын айрымдарын да аркалаган. Ал "Би-Би-Си Эки" каналынын көзөмөлчүсү жана Би-Би-Си телекөрсөтүүсүндө программа түзүү боюнча директор болуп да иштеген.
Климаттын өзгөрүүсү тууралуу анын элге таалим берүү иш-аракети дурус бааланып, ал 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы тарабынан берилчү "Жерди сактоонун чемпиону" ардактуу наамына татыктуу болду.
Дэвид Аттенборо мырза даярдаган Би-Би-Синин "Жашыл планета" аттуу беш бөлүктөн турган эң соңку берүүлөр түрмөгү көрөрманды эсте каларлык таасирлерге бөлөйт. Ал тропикалык чытырман токойлордон түбөлүк тоңго оронгон тундрага чейинки жапайы жаратылыш чөйрөлөрүн кезип келет жана өз берүүлөрүндө бири-биринен таптакыр айырмалуу жана кээде тиричилик үчүн өтө эле опурталдуу болгон чөйрөлөрдө өсүмдүктөр кантип жашоо үчүн жан талашып жатканын изилдеп жана саймедиреп баяндап берет.(TT)






