You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сүрөт баян: Бүт Улуу Британия аза күтүүдө
Улуу Британиянын эң көп башкарган монархы королева Елизавета II дүйнөдөн кайтканы жөнүндө айың кеп тарай баштаганда эле Бүт Улуу Британия боюнча адамдар келип, сый-урматын көрсөтүп, гүл коюп башташты.
Букингем сарайына миңдеген адам келип, гүл коюп башташты жана королеванын үйүн сүрөткө тартып жатышты.
Монархтын дүйнөдөн кайтканы жөнүндө кайгылуу кабар сарайдын дарбазасына илинди.
Королева өзүнүн Балморалдагы сарайында бейшембиде эртең менен дүйнө салды, аба ырайыга карабай дарбазанын жанына гүлдөрдү коюп башташты.
Виндзор сарайы королеванын жакшы көргөн жайы эле. Жергиликтүү жашоочулар аны өздөрүнүн коңшусу катары санашчу.
Лондон стадионунда Европанын конференциялар Лигасынын «Вест Хэм Юнайтед» жана «ФКСБ» командаларынын ортосундагы футболдук мелдештин алдында бир мүнөт аза күтүү жарыяланды.
Королеванын башка резиденциясы болгон Холидархауста дагы аза күткөндөр келип гүл коюп жатышат.
Лондондогу Пикадили аянтында чоң рекламалык тактада чыккан королеванын сүрөтү өтүп бараткандардын көңүлүн бурууда.