Би-Би-Синин Бишкектеги биринчи кабарчысы

- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Башкасын айтпаганда дагы, Би-Би-Синин Бишкектеги биринчи кабарчысы болуп иштеп калганым үчүн тагдырыма ыраазымын. Дүйнөлүк атактуу компанияга кишке кирүү менин кесиптик келечегимди, журналисттик эмгек жолумду бүтүндөй аныктаган чечим болуп калды. Андан бери көзгө илешпей, жыйырма жыл өтүп кетиптир.
Артка кылчайып карап, СССР кыйраган 90-жылдардын башында Москвадан советтик журналистиканы окуп келип, эгемендик алган Кыргызстандагы демократиялык басма сөздө иштеп жүргөн чагымда Би-Би-Си Бишкектен кабарчы тандап жатып, мени да чакырып калды. Бирок мектепте чет тилин окубаган, жождо немис тилин окуган мендей журналистке британдык компанияга жол адегенде жабык болду. Бирок мен өтпөсөм дагы сый мамиледе жүргөн Гүлнара эженин конкурстан өтүп кетип, Лондонго барып иштеп калганы акыры баары бир мага Би-Би-Синини эшигин ачты.
1996-жылы Би-Би-Сиде кыргыз кызматы уюшулганда дароо эле мени Бишкектеги кабарчы кылып чакырышып, 15 мүнөттүк радио программага жаңылыктарды берип баштадым. "Кутбилимдеги" редакторлук бөлмөмдөгү телефонго Лондондон түштөн кийин телефон чалып, тапшырма беришет. Бир же эки мүнөттүк чакан жаңылыктарды даярдап берем. Шыпылдата дептериме жазып алып, дикция менен эч ишим жок телефондон шатырата окуп салам. Анда баш сөз, факт, пикир, бекграунд дегенден эчтеке дайын жок, билгенибизди кооз, көркөмдөп жаза салганды журналистика деп түшүнүп жүрүптүрбүз.
Бара-бара Би-Би-Синин журналистика мектебинин эрежелерин өздөштүрүп, кесиптик чыгармачылык сырларын, өзгөчөлүктөрүн өздөштүрө баштадык. Командабызга келип кошулган тажрыйбалуу журналисттер Султан Жумагулов, Толкунбек Турдубаев, Надыр Момунов менен Бишкектеги бир бөлмөдө ийиндешип иштеп, бир компьютерди талашып, мотобокстун зымына чалынып, чаташып, бирок чатакташпай, көп жакшы күндөрдү өткөрдүк. Лондондогу редакциядан жетекчибиз Гүлнара Касмамбетованын күнүгө талап коюп, камчылап турганы бизди өзүбүздүн кесиптик деңгээлибизди тынбай өркүндөтүп турууга үйрөттү. Киевке, Москвага, Алматыга, Пешаварга Би-Би-Синин тренингдерине катышып, машыктык. Көп нерсеге көзүбүз ачылды, дүйнөлүк компаниянын алдыңкы салтында иштегенге көндүк.
Биринчи жолу Лондондун өзүнө 2002-жылы барып иштедим. 2005-жылы Бишкекте бардык ыңгайлуулуктагы кеңсебиз ачылды. Орто жерде беш жыл "Азаттык" үналгысына барып иштеп, 2011-жылы Би-Би-Сиге кайтып келдим. 2013-жылы Лондондогу редакцияга барып алты ай жүрдүм. Азыр Бишкек командасында эң эски кызматкери болуп дагы эле иштеп жатам. Менин Би-Би-Сидеги эмгек жолумду Током (Толкунбек Турдубаев) образдуу түрдө "биринчи Кубат Чекиров жаралган, андан кийин жер каймактап, Би-Би-Си жаралган" деп тамаша менен көтөрө чалып айтып койгонуна эле дердеңдеп калам.
Дүйнөлүк теле жана радио журналистиканын эталону катары таанылган Би-Би-Си мен үчүн кесиптик такшалуунун чыныгы мектеби болуп калды. Маалыматты ылгоо, жаңылык табуу, анын чын-бышыгын текшерүү, кыска, так жазуу, угарманга таамай жеткирүү сыяктуу элементардык эрежелерди жакшы өздөштүргөн деңгээлге жетип, эми бул эрежелерди кийинки муундагы кесиптештериме үйрөтүп келатам. Айрыкча, Кыргызстандын эгемен өнүгүү жолундагы 98-99-жылдары болгон Барскоон кырсыгы, Баткен согушу, 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылы революцияга алып келген парламенттик шайлоонун чыр-чатактарын Би-Би-Сиде чагылдырууда чоң сыноону баштан өткөрдүк. Кайнаган саясий окуялардын чордонунда, ар кандай чыр-чатактарга чырмалышып кошо жүрдүк, көптөгөн тарыхый окуялардын күбөсү болдук.
Барскоон дарыясына уу төгүлүп, экологиялык апаат болгондо бул окуя бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Ошондогу канадалык компаниянын шалаакылыгы, кыргыз бийлигинин мажүрөө аракеттери, Ысык-Көл областынын калкынын башына келген кыйынчылыктар жөнүндө Би-Би-Сиден бардык чындыкты жеткирүүгө болгон күчүбүздү, чыгармачылык мээнетибизди жумшадык. Мамлекеттин көзөмөлүндө турган башка маалымат каражаттары бийликтин кызыкчылыгын жактаган маалымат берип жаткан учурда Би-Би-Си окуяларды так, таамай берип, чындыгынан жазбай, калыс чагылдырганы үчүн элдин ишенимине ээ болду. Баткен согушун, Аксы окуяларын чагылдырууда дагы ушундай кесиптик принциптерден тайган жокпуз.

2002-жылы Лондонго бир айга барган учурум АКШ менен Улуу Британиянын армиясы Иракка басып кирген учурга туш келди. Ошол бир ай ичинде дүйнөлүк чоң компания эл аралык масштабдуу согушту чагылдырууну кандай уюштурганы, кандай редакциялык жол-жоболор менен иш алып барганын өз көзүм менен көрүп, аралашып калганым менин кесиптик тажрыйбамдын өркүндөшүнө өтө чоң таасир берди. Эсимде, Бишкекке кайтып келгенден кийин Ирактагы согушту ким кандай чагылдырды деген темада болгон бир тегерек үстөлдө жергиликтүү журналисттерге эксперт катары доклад жасап, дүйнөлүк компаниянын редакциялык тажрыйбасын айтып берип, өзүнчө эле бир чоң мастер-класс өткөндөй болуп сыймыктанганым.
2005-жылы өлкөдө бийлик алмашууга алып келген парламенттик шайлоонун чыр-чатактарынын чордонунда болуп, саясий кризистин негизги окуяларын, ички-тышкы себептерин чагылдырууга активдүү катыштык. Нарында, Кочкордо, Аксыда, Ош менен Жалал-Абадда болгон каршылык акцияларына өзүбүз кошо катышып күбө болуп, окуялардын жеринен оперативдүү репортаждарды берип жаттык. Ошондо чет мамлекет каржылаган башка бир радиодо оппозициянын үнү басымдуу чыгып жатты, андан айырмаланып Би-Би-Сиде биз баарына бирдей калыс мамиледе болууга умтулуп жаттык. Ошол убакта саясий окуялар жөнүндө бейтарап, калыс позициядан тең салмактуу маалымат бергенибиз Би-Би-Сиге да, кабарчыларыбыздын өзүнө да эл ичинде ишенимди бекемдеди. Кабарчылардын эл алдында жүзү жарык болду, ошол эле убакта бийликтин өкүлдөрүнүн да, оппозициянын активисттеринин да бизге дооматы жок болду.

Би-Би-Синин редакциялык саясаты жана принциптери 2005-жылы болгон революциядан кийин Кыргызстандагы мамлекеттик теле жана радио компаниялардын ишин реформалоодо эске алынды. Кыргыз радиосунда жаңылыктарды берүү программалары Би-Би-Синин форматына окшош даярдала баштады. Коомдук телерадио берүү корпорациясы менен Би-Би-Синин ортосундагы кызматташтык чыңдалып, КТРКнын кабарчыларын Би-Би-Синин Лондондогу редакциясынан окутуу, машыктыруу иши жолго коюлду. Бир эле учурда Султан Жумагулов, Толкунбек Турдубаев, Бакыт Орунбеков жана башка журналисттер ар кандай медиа долбоорлордун алкагында жергиликтүү маалымат каражаттарына тренингдерди өткөрүп, Би-Би-Синин стандарттарын жайылтууга жана киргизүүгө көп аракет кылдык. Жергиликтүү маалымат каражаттарын ишиндеги эң чоң кемчилик - маалымат булактары менен иштөөнүн көзүн билбегендиги эле. Көп кыргыз гезиттери укканын уккандай эле, текшербей эле ушак-айың түрүндө жазуу адатынан дагы деле кете элек. Натыйжада жалган чындай айтылып, көп учурда бир тарапты каралоого жол берилип кетип жатканын эч ким талашпаса керек.
Бир маалыматтын чындыгын бири-бирине көз каранды эмес эки булактан текшерүү Би-Би-Синин редакциялык саясатынын алтын эрежеси болуп саналат. Мына ушул эрежени кыргыз журналисттеринин практикасына киргизүүгө көп көңүл бурдук.
Толкунбек Турдубаев экөөбүз 2011-2012-жылдары ПРООНдун тапшырмасы менен өлкө түштүгүндөгү журналисттер үчүн практикалык семинарларды өткөрдүк. 2010-жылы болгон кандуу окуялардын кесепеттерин жоюу ишинде бул жактагы маалымат каражаттарынын кесиптик чеберчилигин көтөрүү абдан маанилүү чаралардын бири болуп калды. Бишкекте Бакыт Орунбеков экөөбүз бир жыл бою кыргыз гезиттерине мониторинг жасап, кемчиликтерин таап, аны жоюнун жолдорун үйрөтүп, тренингдерди өткөрдүк. Мына ушул иштердин баарынын өзөгүндө биринчи кезекте Би-Би-Синин редакциялык саясаты, эрежелери жана принциптери турду. Ошондуктан кыргыз журналистикасын авторитардык жолойдон демократиялык нарктардын жолуна буруп реформалоодо Би-Би-Синин тажрыйбасы эң башкы ролду ойноду деп айтууга толук негиз бар.
Лондондогу редакциядан жетекчибиз Гүльнара Касмамбетованын күнүгө камчылап турганы мени жана кесиптештеримди кесиптик формабызды жоготпой, дайыма күжүрмөн даярдыкта турууга тарбиялады. Айрыкча Арслан досум Би-Би-Сиде иштеп турганда окуяларды башкача кырынан карап, жаңы өнүтүн табуу жагынан көп баалуу кеңештерди берди. Өзгөчө тарыхый окуяларга келгенде Арсландын билими, эрудициясы программабыздын фишкасы болуп калчу.
Тынчтыкбек агайдан жан тынбай мээнет кылганды, изденүүчүлүктү, дипломатиялык мамиле түзгөндү өрнөк туттук. Ал эми Акчолпон менен программаны дайыма куунак маанайда даярдап келатабыз. Анын сунуштары көп учурда биздин оюбуздун үстүнөн чыгып, гармониялык кырдаал түзүлүп, иштешүү жеңил болот. Ошондой эле Акчолпондун кесиптештерине сый-урмат менен жасаган жумшак мамилеси да чыгармачылык жуурулушкан маанайда иштегенге өбөлгө түзөрүн баса белгилеп айта кетишим керек.
Биз деп Кукем деп ызааттаган Кубанычбек Таабалдиев менен Би-Би-Сиде эки жылдай бирге достук жана чыгармачылык маанайда иштештик. Султан байке, Надыр байке, Током, Жыпарбек менен Бишкектеги биринчи чакан кеңседе бир компьютерди талашып, мотобокстун зымдарына чалынып, электр жарыгы жок күндөрү шам күйгүзүп иштеген күндөр эстен кетпейт. Андан кийин чоң кеңсеге көчкөндө командабызга , Ибрагим, Чолпон, Назгүл, Айзатбек кошулду. Аталган кесиптештеримдин баары менен сырдаш жакшы мамиледе болдук, ишке байланыштуу кер-мур айтышкан деле учурлар болбоптур. Баарыбыз бир команда болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ишти туура тең бөлүштүрүп, өз ара жардамдашып, бири-бирибиздин ийгиликтерибизге кубанып, өйдөдө өбөк-ылдыйда жөлөк болдук.








