You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Канзаада Филипп менен коштошуу. Сүрөт
Эдинбург герцогун жерге берүү зыйнаты ишемби күнү Виндзор сарайында коронавируска байланышкан коопсуздук эрежелерин сактоо менен өттү. Канзаада Филипп 9-апрелде 99 жашында дүйнө салды.
Канзаада Филипптин сөөгүн Land Rover унаасы менен Георгий чиркөөсүнө алып келишти. Бул унаанын жаңыланышына канзаада өзү катышкан эле.
Унааны канзаада Филипптин балдары Чарльз, Эндрю, Эдвард жана канайым Анна жөө коштоп келди.
Канзаада Филипптин балдарынын артынан неберелери Уильям, Гарри жана Питер Филлипс дагы жөө коштоп келди.
Королева Елизаветы II унаасы Ыйык Георгий чиркөөсүнө бир мүнөттүк аза күтүүнүн алдында келди. Королеваны Кентерберийск архиепископу тосуп алды.
Жерге берүү зыйнатына көп сандагы британ аскерлери, Аба күчтөрү, королдук флот жана аскер-деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери катышты.
Маркум герцог үчүн Куралдуу күчтөрдүн ичинен флотко кызмат кылуу өтө маанилүү эле. Ошондуктан жерге берүү зыйнатында деңиз аскерлери көп болду.
Уюштуруучулар британ жарандарынан жерге берүү зыйнаты өткөрүлө турган жерге келбөөнү өтүнгөн. Ага карабастан жүздөгөндөр Виндзор паркында топтолду.
***