Беларус бийлиги Тихановская менен ByPol тобун теракт уюштурууга айыптады

Светлана Тихановская

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Тихановская өткөн жылдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкону жеңдим деп эсептеп, бирок шайлоо бурмаланганын айтып келүүдө. Оппозиция жана эл аралык коомчулук анын айткандарын кубаттайт

Беларустун Башкы прокуратурасы оппозиция лидери, өткөн жылдагы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болгон Светлана Тихановскаяны жана оппозиция тарабына өтүп кеткен мурдагы милиция офицерлеринин тобун теракт уюштурууга даярдык көргөн деп айыптады.

Оппозиционерлер бул айыптоону четке кагууда. Башкы прокурор Андрей Швед дүйшөмбүдө Мамлекеттик коопсуздук комитетине Тихановскаяга жана ByPol демилгелүү тобуна теракт уюштурууга шектүү катары эл аралык издөө жарыялоо тапшырмасы берилгенин ырастады.

Башкы прокуратура Тихановская жана ByPol тобуна "уюшуп алып террордук акт даярдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Светлана Тихановская өткөн жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Прокуратура коопсуздук кызматына Литва менен Польша бийлигине кайрылып, аны артка кайтарууну тапшырды.

26-мартта Беларустун Ички иштер министрлиги 35 жаштагы жаран тарабынан даярдалган эки терактты алдын алганын билдирген.

"Шектүү киши жергиликтүү аскер бөлүгүндө жана Минск шаарында террордук акт жасоого ниеттенген. Укук коргоо органдары кылмышты алдын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды таап, залалсыздандырды",-деп маалымат тараткан ИИМ.

милиция

Сүрөттүн булагы, TUT.BY

ByPol тобу басылмалар аркылуу билдирүү таратып, оппозицияны жаман аттуу кылуу максатында бийлик өзү уюштурган деди.

"Биз бийликтин теракт кылуу планын буздук. Ага жооп кылып өзүбүздү айыптады. Негизгиси биз кишилердин өмүрүн сактап калдык",-деп билдирүү тараткан ByPol тобу. Билдирүүнү Польшадан чыккан беларустук көз карандысыз "Белсат" каналы берди.

25-мартта ByPol активисттери кезектеги митингдер күч менен таратылгандан кийин билдирүү жасап, КГБ каршылык кыймылдарын дискредитациялоо жана көзүн тазалоо максатында милиция бөлүмдөрүнүн биринде теракт уюштуруу планы бар экенин айтып чыккан.

ByPol - милициянын жана башка күч түзүмдөрүнүн мурдакы офицерлеринен турган топ. Алар оппозиция тарабына өтүп кеткен.