Нигериялык окуучу кыздар барымтадан бошотулду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нигериянын түндүк-батышындагы мектеп-интернатынан уурдалган окуучу кыздарды баары бошотулду. Башында 317 окуучу кыз уурдалганы айтылып, кийин алардын саны 279 экени такталды. Белгилүү болгондой кыздардын айрымдары жолдо баратканда качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Кыздар коопсуз жайда бийликтин коргоосунда турат деп билдирди аймактын губернатору Белло Матавале.
Өлкө президенти Мухаммад Бухари кыздарды куткаргандарга терең ыраазчыылк билдирип, "аларды уурдап кеткендер жазасыз калбайт" деп убада берди.
Кыздар кантип бошотулганы тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Жергиликтүү бийлик кыздар сүйлөшүүлөр аркылуу барымтадан бошотулганын ырастады. Аларга кун төлөндү деген маалыматтар чындыкка коошпойт дейт губернатор Белло Матавале.
Өткөн аптада президент Бухари өкмөт мурда ушундай учурларда барымтачыларга "акча жана транспорт каражаттары аркылуу" төлөп келгенин моюнуна алган эле.
"Көпчүлүгүбүз жаракат алдык, ошондуктан андан ары жолду уулоого мүмкүн болбоду. Эгерде баспасаңар, анда атып салабыз деп опузалашты. Биз дарыяны кечип өткөндөн кийин калың токойго токтоп, эс алууга уруксат беришти",-деп айтып берди уурдалган кыздардын бири Би-Би-Сиге.
Мунун баары акча үчүн
2014-жылы "Боко Харам" экстремисттик тобу Нигериянын түндүк-чыгышынан 276 окуучуну уурдап кетип, барымтага алганы үрөй учурган окуя болгон. Алардын жүзгө чукулу азырга чейин дайынсыз.
Бул жолу акча талап кылган кылмыштуу топтор ушундай жолго барган. Нигериянын борбордук, түштүк-батыш аймактарында уюшкан кылмыштуулук өтө күчөгөн. 2016-жылы өкмөт аскер күчтөрүн жөнөттү. Анткени карактоо, зордуктоо сыяктуу кылмыштар күчөп, куралдуу топтор өтө ашынып кеткен эле.
2019-жылы куралдуу топтор бийлик менен келишим түздү. Бирок кылмыш кыскарган жок. Кыздардын уурдалышы соңку үч айдагы массалык барымтага алуу фактыларынын төртүнчүсү болду.
Бийлик барымтачыларга эч кандай кун төлөгөн жокпуз деп айтып келет. Бирок коопсуздук боюнча эксперттер буга ишенбейт. Анткени кылмыштын бул түрү эң эле кирешелүү болуп, көп киши тартылып кетти.
Нигериянын баш калаасы Лагосто жайгашкан SB Morgen аналитикалык борбору соңку беш жылда ушундай барымтачыларга 11 миллион доллардан кем эмес кун төлөнгөнүн ырастайт.
Ата-энелер балдарынан коопсуздугунан чочулап, ээн-эркин көчөгө дагы чыгара албай калган аймактар бар.
Тынч эмес чөлкөм
Өлкөнүн түндүк-батышында куралуу кылмыш топтору коркунуч жаратса, түндүк-чыгышында 10 жылдан бери жихадчылар менен кармаш токтобой келет. Бул жаңжалдан 30 миң кишинин өмүрү кыйылып, коңшулаш Нигер, Чад жана Камерунга чейин жайылды.
Дүйшөмбүдө "ИМ" тобу менен байланышы болушу мүмкүн делген топ БУУнун Диква шаарындагы базасына кол салды. Ал жерде 25 гуманитардык кызматкер чыга албай калды. Азырга чейин алар бошотула элек.
2015-жылы бийликке келген президент Мухаммад Бухари кылмыштуулук жана терроризмдин тамырын кыркам деп убада берген. Бирок азырынча ал убаданын өтөөсүнөн чыга элек жана бул оңой эле боло калышы кыйын.









