Жапонияда бурганактан улам 130 автоунаа кагылышты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жапонияда кар аралашкан катуу шамалдан 130 автоунаа кагылышып, бир киши каза тапты. Маалыматтарда он киши жаракат алганы айтылды. Окуя болгон жерде бир нече чакырымга созулган тыгын пайда болгон.
Бул кырсык өлкөнүн түндүгүнөн түштүк тарабы көздөй кеткен жогорку ылдамдыктагы Тохоку автомагистралынын узун тилкесинде болду. 200дөй киши автоунаасынан чыгып кете албай калды. Окуя болгон жерге куткаруучулар жетип барган. Жолдо калган жүргүнчүлөргө тамак-аш жана жылуу жууркандарды таратышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Синоптиктер ырастагандай, жолдун бул тилкесиндеги шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырым болду. Тохокунун түндүк-чыгыш бөлүгүнө калың кар түшөт деп күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик бир нече поезд каттамдарын токтотту.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Акыркы апталарда Жапонияда бороон-чапкын көп катталды. Айрым аймактарда мурдагыдан эки эсе калың кар түштү. Декбарда катуу жааган кардан жана бороон-чапкындан улам жогорку ылдамдыктагы Канэцу автомагистралында миңдей автоунаа эки күн жолдо калды. Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга жарандарды сак болууга үндөгөн эле.



