Интернет доорундагы сөз эркиндигинин чеги

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
Бир апта мурун эле АКШ президенти экинчи жолу импичмент маселесине туш келери эч кимдин оюна келген эмес деп жазат Financial Times. Ошол эле маалда "эркин өлкөнүн лидеринин" коомдук сайттардагы платформасы бөгөлүп каларын дагы элестетүү кыйын эле.
Трамптын "Твиттер" менен "Фейсбуктагы" жеке баракчасына бөгөт коюлушу сөз эркиндигине байланышкан талаштуу пикирлерге себеп болду.
"Твиттердин" бөгөт коюшу көптөгөн суроолорду жаратты. Алар эч кандай аракет кылбай койсо, андан оор кесепеттерге алып келеринде күмөн жок эле деп белгилеген басылма.
Бирок бүтүн дүйнөгө демократия менен эркиндик саясатын жайылтып келе жаткан Америка өз үйүндөгү эркиндикти коргой албаса, анын аракети бүт ыдырайт деп жазды FT. Ошол эле маалда сөз эркиндигин бир жактуу түшүнүүгө болбойт. Эркиндик менен ээн ооздуктун чегин ажырата билүү зарыл дегендер да бар.
Financial Times бул теманы дагы бир макала менен улантып, Германиянын канцлери Ангела Меркель "Твиттерди" сынга алганына токтолгон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Меркель өзүнүн өкүлү аркылуу америкалык өкмөткө кайырылып, коомдук сайттардын өзүнө кандайдыр бир жеке мыйзамдарын ойлоп табуусуна жол бербей, Германия сыяктуу интернеттеги чакырык, тукурууларды чектеген мыйзам кабыл алууга кеңеш берген.
Трамптын коомдук сайттагы баракчаларына бөгөт коюлушун орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный дагы сынга алып, цензура катары баалады.
"Мындай прецедентти дүйнөдөгү сөз эркиндигинин душмандары, анын ичинде Орусия колдонот. Алар кимдир бирөөнүн оозун жабуу керек болсо, дайыма ушунтип айтышат: адаттагы эле иш, ал тургай Трампты дагы "Твиттерден" бөгөт кылышкан",-деп жазды ал.
"Инстаграм" менен "Фейсбуктагы" баракчасы жабылган чечен лидери Рамзан Кадыров дагы пикирин айтууга үлгүрдү.
"Эми мени менен Трамптын ортосунда жалпылыктар пайда болду, - деп жазды Кадыров "Телеграмда". - Мурда ал коомдук сайттагы менин баракчамды жаап салса, эми кудайдын кудурети менен акыйкаттык калыбына келди".
Өткөн аптада АКШда Конгрессти басып алган демонстранттарды колдогону үчүн "Твиттер" менен "Фейсбук" президент Дональд Трамптын баракчасын убактылуу жаап салган. Коомдук сайттар аркылуу тараткан билдирүүсүндө Трамп тарапкерлерин "мен силерди жакшы көрөм", силер "чыныгы патриотсуңар" деп айтып, эми үйгө кеткиле деп суранган. Андан тышкары президент шайлоо бурмаланды деп чагымчыл маалымат таратканы айтылды.
"Твиттер" Дональд Трамптан мыйзамсыз саналган үч билдирүүсүн өчүрүп салууну суранганын билдирди. Эгерде Трамп билдирүүлөрүн өчүрбөсө, "Твиттер" анын баракчасын жаап салууга аргасыз болот. Андан тышкары "Твиттер" Трамп мындан ары зомбулукка чакырган билдирүүлөрдү таратса, анын баракчасы толугу менен жабылат деп эскертти. Буга чейин Трамп бир дагы жолу "Твиттердин" эскертүүлөрүнө көңүл бурган эмес.









