"Катаал Брексит" болбойт: Британия менен ЕБ ортосундагы келишим

деңиз порту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британия менен Европа Биримдиги келишимге жетти.

Биримдиктин курамынан толугу менен чыгып кеткенден кийинки алакалар кандай болору чоң суроо жаратып келген эле. Эми бул келишимди Лондон менен Брюсселдин парламенттери бекитип бериши керек. Эксперттер ага олуттуу деле тоскоолдук болбой турганын айтууда.

Көпчүлүк британдыктар "катаал Брексит" болбой калганын моюнунан оор жүктү алып салгандай эле кабыл алды. Демек, Европа Биримдиги менен чек арада башаламандык өкүм сүрбөйт, баалар жана бажы төлөмдөрү өспөйт.

Бирок көпчүлүк британдыктар соода кылуунун жаңы шарттары чыныгы экономикалык эркиндикти береби же жокпу дегенди толук биле албай турат. Документтеги соода келишиминин шарттары 2 миң барактан ашуун. Азырынча толугу менен жарыялана элек. Ошондуктан ким утуп, ким утулганын айтууга эрте.

Британ өкмөтүнүн билдирүүсү

"2016-жылдагы референдумдун жана жалпы шайлоолордун жүрүшүндө британдыктарга берилген убаданын баары ушул келишимде ишке ашты",-деп айтылат британ өкмөтү жарыялаган билдирүүдө.

"Биз өзүбүздүн акчага, чек арага, мыйзамдарга, соода жана балыкчылык кылууга көмөзөлүбүздү кайтарып алдык".

"Биз тарыхыта биринчи жолу ЕБ менен тарифтер, квоталар нөлгө түшүрүлгөн келишимге кол койдук".

"Бул эки тараптуу кол коюлган ири келишим 2019-жылы 668 млрд. фунтту түзгөн сооданы жөнгө салат".

Британ премьер-министри Борис Жонсон менен Еврокомиссия жетекчиси Урсула фон дер Ляйен акыркы күндөрү тынымсыз телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, делегациялардын орток пикир табышына жол издеди

Сүрөттүн булагы, DOWNING STREET

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ премьер-министри Борис Жонсон менен Еврокомиссия жетекчиси Урсула фон дер Ляйен акыркы күндөрү тынымсыз телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, делегациялардын орток пикир табышына жол издеди

Евробиримдиктин реакциясы

Брюсселдеги басма сөз жыйынында Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен келишимди чынчыл жана теңсалмактуу болду деп баалады.

"Бул абдан узак жана татаал жол болду. Бирок биз жыйынтыгында жакшы келишимге жетиштик".

Урсула фон дер Ляйен бул баракты жаап, келечекти карашыбыз керек деп кошумчалады.

Улуу Британия Европа Биримдигинин ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет деди ал.

Келишимге жетүү үчүн төрт жылга созулган жамааттык күч аракет жумшалды деди сүйлөшүүлөрдө ЕБ делегациясын жетектеген Мишель Барнье

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келишимге жетүү үчүн төрт жылга созулган жамааттык күч аракет жумшалды деди сүйлөшүүлөрдө ЕБ делегациясын жетектеген Мишель Барнье

Келишим Европа Биримдиги менен Британиянын соода, транспорт каттамы, балыкчылык, энергетика, коопсуздук жаатындагы кызматташтык тууралуу.

Эгерде келишимге жетүүгө мүмкүн болбосо, 1-январдан тарта Британия менен ЕБ ортосундагы товар жүгүртүү Дүйнөлүк соода уюмунун шарттары менен ишке ашмак. Чек арадан товар өткөрүүдө бажы төлөмдөр жана квоталар болуп, эркин өтүүгө мүмкүн эмес эле. Бул эки тараптын тең бизнеси үчүн тең чоң жоготуу болмок.

Сүйлөшүулөрдөгү талаштуу маселе ЕБнын талаптарынан улам болду. Биринчиден, Британия ЕБ эрежелерин карманышы керек деген талап болгон. Эмгекти коргоо, мамлекеттик субсидиялар, өндүрүшкө технологиялык жана экологиялык талаптар ж.б.

балыктар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Экинчиден, балыкчылык боюнча талкуулар болуп келген. ЕБ өлкөлөрү британ сууларында балык кармоо укугун сактап калууга аракет кылды. Кечээги бейшембинин "Балык күнү" деп атоого болот эле. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы сааттарында балык чарбасына байланышкан суроолор талкууланды.

Лондон менен Брюсселдин ортосундагы сүйлөшүүлөр чыңалган абалда болуп, узакка созулду.