You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
НАТОну тынчсызданткан Орусия менен Кытай
Шейшемби күнү Брюсселде НАТОнун эки күнгө созулган саммити башталууда. Ага уюмга мүчө болгон мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышат. Коронавирус пандемиясынан улам жыйын онлайн өтөт.
НАТО уюму Орусиянын аскердик кубатын талкууга алуусу күтүлүүдө. Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг буга чейин Орусия аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканын эскерткен.
"Орусия өзөктүк куралдарын жаңылап жатат жана түндүк тарапта, Сирия менен Ливияга чейин заманбап аскердик ракеталарын жайгаштырууда. Беларус менен Тоолуу Кабарахтагы кризистен улам Москва аскердик аракеттерин күчөттү",-деп айтты Столтенберг.
НАТО уюму менен Орусия ортосундагы стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндө келишим 2021-жылы февраль айында аяктайт. Уюм бул келишим соңуна чыккандан кийин Орусиянын аскердик таасирин көзөмөлдөө ыкмаларын талкуулайт. АКШнын президенти Трамп жаңы макулдашууга Кытай кошулушу керек экенин айтып келген.
Орусия болсо тескерисинче НАТОну агрессор деп атап келет. Президент Путин СССР ыдыраганына карабастан альянс чек арасын Орусияга жакындатып, ракета системаларын Европанын чыгышына жайгаштыруу аракетин көрүп жатканын айткан эле.
НАТО Кытайдын дагы таасирин талкуулайт. Уюм соңку жылдары Кытайдын аскердик кубаты өсүп, тең салмактуулук бузулганын айтууда.
"Кытай биздин каршылашыбыз эмес. Алар менен куралдарды азайтуу жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көйгөйлөр боюнча кызматташыбыз керек. Бирок Кытайдын кеңири мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы куралдары бар. Ошол эле учурда биздин баалулуктарды бөлүшпөйт, башка мамлекеттерди коркутуп келет",-деди НАТОнун башчысы Столтенберг.
НАТО уюмунун талкуусуна Азия-Тынч океандагы өнөктөштөр, Финляндия, Швеция жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү дагы катышат.
Түндүк атлантикалык конвенция уюму (НАТО) кансыз согуш доорунда 1949-жылы негизделген. Уюм саясий жана аскердик альянс катары куралып, негизги максаты СССРдин коркунучунан Европанын коопсуздугун сактоо болчу.
29 мамлекет мүчө болгон уюмду дүйнөдөгү эң ийгиликтүү аскердик альянс деп аташканы менен, анын келечеги бүдөмүк абалда турат. НАТО негизги максаты катары "эркиндикти, орток мурасты жана маданиятты коргоо" деп жазат жана мүчө мамлекеттер "Түндүк Атлантика аймагындагы туруктуулукка" өбөлгө болот деп айтылат.
НАТОго мүчө болгон мамлекетке каршы аскердик кол салуу болсо, бул альянстын баарына агрессия катары саналып, мүчө мамлекеттер жааматтык коргонууга өтөт. Башкача айтканда, Европанын коопсуздугу "Түндүк Америкадагы мамлекеттердин коопсуздугуна ажырагыс байланышта" экени айтылат.