You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тажикстан: Эмомали Рахмон бешинчи мөөнөткө шайланды
Тажикстанда 26 жылдан бери бийликте турган Эмомали Рахмон бешинчи мөөнөткө шайланды. Жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 90 пайызына ээ болду. Шайлоого жалпысы болуп беш талапкер ат салышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы шайлоочулардын 85,39% добуш берүүгө келгенин кабарлады. "Рахмон үчүн 3 млн 837 миң киши добуш берди, башкача айтканда, жалпы шайлоочулардын 90,92 пайызы",-деди БШК төрагасы Бахтиер Худоерзода.
Тажикстанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Өлкө мыйзамдары боюнча экзит-полл өткөрүү каралган эмес. Ошондой эле добуш берүү тилкелеринде видео байкоолор жок. Бирок шайлоого КМШ, ШКУ, ЕККУ уюмдарынан байкоочулар катышты.
68 жаштагы Рахмон 1994-жылы биринчи жолу президенттикке шайланып келген. Ага чейин эки жыл Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Рахмон 1999-жылы, 2006-2013-жылдары кайра шайланып келди. Бир да жолу анын атаандаштары 10 пайыз дагы добуш алган эмес. Бул жолу Агрардык партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкер Рустам Латифзода 3,03% добуш алган.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Рахмон менен Беларустун лидери Александр Лукашенко гана узак убакыт бийлик жүргүзүүдө. Рахмон 2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттикке талапкер болуу үчүн коюлган чектерди алып салган. Маселен, мурда жети жылдык мөөнөт менен эки эле ирет шайланууга укук берилген эле. (AbA)