You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тажикстандагы президенттик шайлоо: Рахмонго олуттуу атаандаш жок
Тажикстанда президенттик шайлоого талапкерлер катталды. Аракеттеги президент Эмомали Рахмондун талапкерлигин Элдик-демократиялык партия көрсөттү. Ошондой эле көз карандысыз профсоюздар жана жаштар союздары Рахмондун талапкерлигин көрсөтүп чыккан.
Эмомали Рахмон 1992-жылдан бери бийликте келе жатат. Ал бешинчи ирет президенттикке барууда. Өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык анын президенттикке талапкер болуусуна чектөө жок.
- Эмомали Рахмон 1992-жылы Тажикстандын парламент төрагасы болуп шайланган
- 1994-жылы президенттик шайлоодо Рахмон 58 пайыз добуш менен утуп чыкты. Бул учурда Тажикстанда жарандык согуш тутанып, 1997-жылга барып анан токтоду
- 1999-жылы өткөн шайлоодо Рахмон 98 пайыз добуш алып, жети жылдык президенттик мөөнөткө барат
- 2006-жылдагы шайлоо анын үчүнчү жеңиши эле. Бирок байкоочулар шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышты
- 2013-жылдагы президенттик шайлоодо 84 пайыз добуш алат
- 2015-жылы Рахмонго "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери" деген макам берилип, кол тийгис болуп калды
Талапкер катары катталгандар арасында Агрардык, Социалистик, Экономикалык реформа жана Коммунисттик партиялардан Рустам Латифзода, Абдухалим Гафорзода, Рустам Рахматзода, Миродж Абдуллаев бар.
Тажикстандын Демократиялык партиясынын баш катчысы Саиджафар Усмонзода талапкер катары катталган жок. Кол топтоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталган.
Тоолуу Бадахшандан хорогдук жаш юрист Фаромуз Иргашов дагы катталбай калды. Ал жетиштүү санда кол топтой албай калган. Мыйзам боюнча 245 миң кол топтош керек болсо, ал болгону 80 миң кол топтогону айтылды. Байкоочулар 30 жаштагы жаш саясатчы үчүн бул дагы чоң ийгилик болгонун айтууда. Ал өзүнүн алдыдагы максаты катары бийликтеги коррупция менен күрөш, акыйкаттыкты орнотуу деп жар салган эле. Фаромуз буга чейин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жергиликтүү кеңешинде депутат болгон.
Бул жолку президенттик шайлоого беш талапкер катталды. Президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген.
Эскерте кетсек, башкаруучу Элдик-демократиялык партиянын өлкөдө 494 миң мүчөсү бар. Маалыматтарга караганда, жалпы шайлоочулар саны 4 миллион 900 миң 545 деп айтылат. Бул башкаруучу партиянын мүчөлөрү жалпы шайлоочулардын 10 пайызын түзөт дегендик.
Тажикстан дагы коронавирус жайылып кетүү коркунучуна карабай шайлоо өткөрүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы күндөрү коронавирустун жаңы учурлары көбөйдү. 17-сентябрда 43 кишиден аныкталган. Өлкө боюнча жалпы жуктургандар 9214 киши. Анын ичинен 73 бейтап каза таап, 7988 киши айыгып чыккан.
Тажикстан өлкө боюнча карантин жарыялаган эмес. Бирок айрым чектөөлөр болгон. Эксперттер башка аймактардай эле бул өлкөдө дагы экинчи толкун күзүндө болушу мүмкүн деп чочулап турат. (AbA)