You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Висконсиндеги башаламандык: полиция атып салган афроамерикалык
АКШ президенти Дональд Трамп Кеноша шаарындагы үч суткадан бери уланып жаткан башаламандыкты басуу үчүн федералдык аскерлештирилген бөлүктөр жиберилиши мүмкүн экенин эскертти.
Жекшембиде полиция афроамерикалык Жейкоб Блейктин жонуна аткан окуядан кийин нааразылык күчөп, толкундоолор башталды. Жекшемби кечинде үй-бүлөлүк чырдан улам полиция чакырылган. Уюлдук телефонго тартылган видеодон 29 жаштагы Жейкоб Блэйк унаасы көздөй басып баратканда, анын артында куралчан офицерлер жүргөнүн көрүүгө болот. Жейкоб Блэйк унаасынын эшигин ачып жатканда, полиция анын көйнөгүнөн тартат, кийин бир нече жолу ок жаңырат. Карап тургандар кыйкыра баштайт, Блейк жерге кулап баратканда, унаанын сигналы угулат. Айрым күбөлөр ошол маалда Блейктин үч уулу унаанын ичинде болгонун айтышкан. Полиция дароо медициналык жардам көргөзүп, кийин Жейкоб Блейк ооруканага түштү.
Жергиликтүү маалымат каражаттарына окуянын айрым күбөлөрү Жейкоб Блейк чатакташып жаткан эки аялды ажыратып жатканын айтып беришкен.
Окуяга катыштыгы бар полиция кызматкерлери жумуштан убактылуу четтетилип, тергөө жүрүүдө. Бул окуянын арты толкундоолорго алып келди. Көчөдөгү ок атуу жана кагылышуулардан эки киши каза таап, бир киши жаракат алган.
"Биз мындан тажап бүттүк, учурда расизм уланып жатат. Буга элдин кыжыры кайноодо, биз мындай нерседен чарчадык",-деди нааразылык билдирип чыккандардын бири.
Үч ай мурун эле АКШда Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу чоң толкундоолор болгон эле. Бирок ошого карабастан мындай көрүнүш кайра кайталанганы көптөрдүн кыжырын кайнатты. (AbA)