Согуштун аякташынын 75 жылдыгына карата Елизавета II кайрылуу жасайт

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдыгына карата Улуу Британиянын королевасы Елизавета II теле аркылуу элге кайрылуу жасайт.

Кайрылууну 8-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча 21:00дө көрсөтө турган болушту. Мындан толук 75 жыл мурун ушул күнү, так ушул убакытта анын атасы король Георг VI британдыктарга радио аркылуу кайрылган эле.

Ушул күнү британдыктар баары чогуу согуш маалындагы популярдуу ырлардын бири "Биз кайрадан жолугабыз" (We'll meet again) деген чыгарманы ырдашат.

8-майда принц Чарльздын дагы мурда жаздырып алынган тасмасы обого чыгат. Ал таятасы Георг VI согуш маалында жазып калтырган аскердик күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү окуп берет. Анын Германия капитуляция тууралуу кол койгон күндөгү эскерүүсү окулат.

1945-жылдын 8-майында Лондондун жана башка шаарлардын көчөлөрү майрамдагыдай шаңга бөлөнгөн. Жеңишти майрамдоо үчүн миңдеген кишилер көчөгө чыккан. Ошол маалдагы канайым Елизавета дагы сиңдиси Маргарет жана курбулары менен эл менен чогуу майрамдаган.

8-майга пландалган Британиянын бир катар эскеруү иш-чаралары карантинден улам жылдырылды. (AbA)