Сириядагы согуш: Түркия 33 аскерин жоготту

Сүрөттүн булагы, AFP
Сириянын өкмөт күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 33 түрк аскери мүрт кетти. Муну Түркиянын расмийлери ырастады.
Анкара жооп катары Сирия өкмөтүнүн "баардык позициялары" бутага алынат деп эскертти. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу НАТО уюмунун баш катчысы Йенс Столтенберг менен дагы сүйлөшкөнү маалым болду.
Сириянын аскерлери Орусиянын жардамы менен Идлиб провинциясын көзөмөлгө алууга умтулуп жатат. Аймактагы козголоңчуларды Түркия колдоп келген.
Дамаск бул окуя боюнча эч кандай билдирүү тарата элек. Сириянын армиясы февраль айынын башында Иранга ыктаган аскер топтору менен чогуу Идлибдеги козголоңчуларга каршы аскердик операциясын баштады. Бул өз кезегинде Түркиянын нааразылыгын жана тынчсыздануусун пайда кылды.
Түркия үчүн Идлиб стратегиялык жактан өтө маанилүү. Анкара бул чөлкөмдү өзүнүн таасириндеги тилке катары көрөт. 2017-жылдагы Сочи келишимине ылайык, Идлибде коопсуз тилке болушу керек эле. Коопсуз тилке түркиялык аскер тосоттору жана оор техника менен курчалмак.
Түркиянын лидери Сириянын өкмөт күчтөрүн дал ушул тосоттор жайгашкан аймактардан чыгып кетүүсүн талап кылууда. Бирок Сириянын өкмөтү менен Орусия 2018-жылы жетишилген чекке чегинүүнү четке какты. Москва дагы Түркия козголоңчуларга артиллериялык колдоо көрсөтүп 2018-жылы жетишилген келишимди бузду деп айыптады.


Анализ
Жонотан Маркус
Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы
Түркия менен Сириянын тирешинен улам маанилүү суроолор жаралууда.
Эки өлкө согушка барышы мүмкүнбү? Анкара же Дамаск артка чегинеби? Москва эки тарапты деэскалацияга чакыра алабы?
Сириянын өкмөт күчтөрү Идлибдеги аскердик операциясын токтотууга көндүрсө болобу? Эксперттер Сириянын президенти Асад аймакты толугу менен көзөмөлгө алгыча аскердик аракеттерин токтотпойт деп жоромолдошууда. Орусия дагы Асаддын чечимин колдоп жаткандай.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Идлибдеги салгылашуулар бир гана гуманитардык апаат алып келбестен, геосаясий кризиске дагы айланууда. Сирияда жарандык согуштан тышкары, прокси согуш жүрүп жатканы талашсыз. Учурда бир нече тышкы оюнчу Идлибде өз стратегиялык кызыкчылыгын коргоп калууга аракеттенүүдө. Ошондуктан Сириянын түндүк-батышындагы салгылашуулар бүтүндөй Жакынкы Чыгышка тарап кетиши ыктымал жана анын кесепети оор болот.
Идлибдеги кризис президент Эрдогандын тышкы саясатындагы мүчүлүштүктөрдүн белгиси. Түркиянын лидери Вашингтон менен Москваны тең салмакта кармай албай калды.
Бирок Орусия Түркияны кайра АКШны көздөй түртүүдөн баш тартышы ыктымал. Андан тышкары, Идлибдеги салгылашууларды токтотууга Орусиянын гана таасири бар деген көз караш калыптанды.
Түркиянын лидеринен тышкары Идлибдеги окуялар АКШ президенти Трамптын дагы Жакынкы Чыгыштагы саясатынын кемчиликтерин ашкереледи. Президент Трамп Сириядагы аскерлерин чыгарып кетип, Түркиянын аскердик аракеттерине "уруксат" берген. Ошондон бери АКШ Идлибдеги окуяларга эч кийлигишкен жок.
Бирок гуманитардык кризистен улам Вашингтон саясатын өзгөртүшү ыктымал. Түркия эмитен эле 3.7 миллион качкындарды кабыл алды. Сирия-Түркия чек арасында дагы эки миллион качкын бар экени жоромолдонууда. Аргасыз жер которгон сириялыктардын саны Түркиянын ички саясатындагы чоң маселе. Жергиликтүү калк эмитен эле Түркиянын бийлигине нааразы. Бул өз кезегинде Европа мамлекеттерин тынчсыздандырууда. Себеби Анкара чек арасын ачса, качкындардын көбү Түркияны көздөй жылат. Ошондуктан Түркиядагы жаңжал Европанын маселеси экени бышык.
Идлибдеги салгылашуулар, Сириянын жарандык согушунун соңуна чыкканы глобалдык дипломатиянын кейиштүү абалынан кабар берет.









