Коронавирус: Украинада демонстранттар Кытайдан эвакуацияланган жарандарга кол салды

Protester throws a stone at a bus of evacuees from China in Novi Sanzhary, in Ukraine's central Poltava region

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Новые Санжары шаарындагы демонстранттар Кытайдан коронавирустан улам эвакуацияланган жарандарды алып бара жаткан автобустарга таш ыргытышты

Ондогон демонстранттар Кытайдагы Ухань шаарынан коронавирустан улам эвакуацияланган жарандарды алып бара жаткан автобустарга таш ыргытышты. Кытайдан чыгарылган украиналыктар Новые Санжары шаарындагы аскердик медициналык борбордо 14 күн карантинде кармалышат.

Президент Зеленский демонстранттарга адамгерчиликтүү болууга үндөдү. Украинанын коопсуздук кызматтары "автобуста коронавируска кабылган адамдар дагы бар" делген жалган маалымат тараганын белгиледи. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Бейшемби күнү Украина 45 атуулун жана 27 чет өлкөлүк жаранды Ухань шаарынан чыгарып кеткен. Учак Украинанын чыгышындагы Харьков шаарындагы аба майданга конуп, Кытайдан эвакуацияланган кишилерди алты автобус менен Новые Санжары шаарына жеткиришкен. Бирок шаарга жакындаганда демонстранттар автобустарга таш ыргытышып, жолду бууп алышкан.

Police officers clearing the road

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция демонстранттарды таратты
Protests in Novi Sanzhary

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жергиликтүү калк Ухандан украиналыктарды чыгарып кетүүгө каршылыгын билдиришкен

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Ухандан чыгарылган атуулдардын арасында коронавирусту жуктургандар жок экенин билдирди. Алар эки жолу текшерилген жана Covid-19 вирусунун симптомдору байкалган эмес.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги дене табы жогору болгондуктан үч украиналык жана бир казак жараны Кытайда калганын маалымдады.

Тирешүү болгон шаарга Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук, саламаттыкты сактоо министри Зоряна Скалецкая жана ички иштер министри Арсен Аваков дагы барып, жергиликтүү калк менен жолукту.

Prime Minister Oleksiy Honcharuk, Interior Minister Arsen Avakov and Health Minister Zoriana Skaletska

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук, саламаттыкты сактоо министри Зоряна Скалецкая жана ички иштер министри Арсен Аваков Новые Санжары шаарына келди

Коомдук сайттарга тараган видеолордо Арсен Аваков "бул кишилерге коронавирус жуккан эмес" деп айтканын көрүүгө болот. Бирок ички иштер министринин бул сөзүнө, демонстранттардын бири "азыр аныктала элек, кийин эмне болот" деп жооп кайтарган.

Президент Зеленский болсо украиналыктарды адамгерчиликтүү болууга үндөп, нааразылык акцияларга чыкпоого чакырды.

"Эвакуацияланган жарандардын көбү отуз жашка чыга элек. Башкача айтканда алар жаш балдар. Бирок мен башка коркунуч жөнүндө сөз кылгым келет. Биз адамдык сапатыбызды жоготуп бара жатабыз, баарыбыз украиналыкпыз. Ар бирибиз - вирус тарап жатканда Ухань шаарында жашап жаткандар дагы Украинанын атуулу",-деди президент Зеленский.

Covid-19 вирусун 76 миңден ашуун киши жуктурду, 2,247 киши көз жумду. Каза тапкандардын көбү Кытайда катталган.

Кытай коронавирус боюнча жаңы изилдөөсү

Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча расмийлери жаңы коронавирусту жуктурган 70 миң бейтапка байкоо салып, Covid-19 вирусу боюнча атайын изилдөөсүн жарыялады.

карта

Кытайдын расмийлеринин айтымында, коронавируска кабылгандардын 80 пайызы инфекцияны жеңил көтөргөн, 13.8 пайызы оор абалда, 4.7 пайызы абдан оор абалда . Бирок Covid-19 вирусу өзгөчө карыяларга коркунуч жаратат. Вируска кабылган 80 жаштан жогору кишилердин 14.8 пайызы көз жумган.

Ошондой эле изилдөөдө Covid-19 дарыгерлерге олуттуу коркунуч экенин айтылат. 3,019 медкызматкер вирусту жуктурганы сөз болуп, алардан 1,716 учур тастыкталды. Беш медкызматкер коронавирустан улам көз жумду.

Коронавирусту жуктургандардын 2.3 пайызы көз жумган. Вирустун очогу саналган Хубэй провинциясында вирусту жуктургандардын 2.9 пайызы каза тапкан.

Карта

Кытай тараткан расмий маалыматтарга караганда, 72,436 киши вируска кабылды, 1,868 көз жумду. 12 миңден ашуун киши коронавирустан сакайып, үйүнө кеткен.

Кытайдын саламаттыкты сактоо расмийлери, шаарлардын тышкы дүйнө менен байланышын үзүп, кемелерди карантинде кармоо, бет кап кийип жүрүү сыяктуу аракеттер менен вирустун жайылышын токтотуу максатына жеткенин айтышууда.