Түркиядагы учак кырсыгынан жабыркагандардын экөө кыргызстандык

Самолет Pegasus

Сүрөттүн булагы, Reuters

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Стамбулдагы учак кырсыгына кабылган эки кыргызстандык ооруканада дарыланып жатканын кабарлады.

Түркиялык Pegasus авиакомпаниясына таандык учак Стамбулдагы аэропортко конуп жаткан учурда тилкеден чыгып кеткен. Кырсыктан үч жүргүнчү каза таап, 179 киши жаракат алды, деп кабарлады Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Самолет Pegasus

Сүрөттүн булагы, AFP

Самолет Pegasus

Сүрөттүн булагы, Reuters

Boeing 737-800 NG учагы Измирден учуп келген. Учак конуп жаткан маалда жамгыр жаап, катуу шамал болуп турган. Жергиликтүү басылмалар учактагылардын көпчүлүгү түрк жарандары болгонун, жыйырмасы чет элдик жаран экенин жазып чыгышты.

"Аба-ырайына байланыштуу учак конуучу тилкеден 50-60 метр чыгып кеткен",-деди Стамбулдун губернатору Али Ерликайя .

Прокуратура кырсыктын чоо-жайын иликтөөгө киришти.(AbA)