Зомбулукка каршы аялдардын глобалдык акциясы. Фото

Дүйнө жүзүндө аялдарга карата зомбулукка каршы ири демонстрациялар өттү. Нааразылык акцияларына Мексика, Италия, Испания, Түркия жана Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү кыз-келиндер чыкты.

Бириккен улуттар уюму 2017-жылы дүйнөдө 87 миң кыз-келиндер жана өспүрүм кыздар өлтүрүлгөнүн айтууда. БУУ кыз-келиндерге карата зомбулук "бүгүнкү күнү кеңири тараган, токтобой келген" көйгөй экенин белгиледи.

Айрым өлкөлөрдө демонстранттар коопсуздук кызматкерлери менен кагылышты. Нааразылык акция учурунда активисттер "эркиндик, тынчтык жана адилеттүүлүк" деген ураанды улам кайталап турушту.

Эң чоң демонстрациялар Латын Америкада өттү. БУУ айтымында, бул аймакта күнүнө 12 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза табат.

Чилиде нааразылык акцияга катышкандар беттерине кызыл колдун сүрөтүн тартып, өкмөттөн тез арада чара көрүүнү талап кылышты.

Аргентиналык аялдар дагы окшош тактиканы пайдаланышты.

Гондураста активисттер оюнчуктарды көчөгө илишип, өлкөдө зомбулуктан улам каза тапкан ар бир аялды эскеришти.

Испанияда дагы миңдегендер көчөгө чыгып, аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырышты. Өлкөдө 2019-жылы эле 52 аялд үйдөгү зомбулуктан каза тапкан.

Стамбул шаарындагы демонстрациялар башаламандык менен коштолду. Активисттер полиция менен кагылышты. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар 2019-жылы үч жүзгө чукул аял зомбулуктан улам каза тапканын айтышууда.

Үй-бүлө зомбулугунан эң көп жабыр тарткан - франциялык кыз-келиндер

Франция менен Италиянын бир нече шаарында үй-бүлө зомбулугуна каршы жүрүштөр өттү.

Демонстрациялардын толкуну Францияда #NousToutes хэштеги алдында өтүп, бийликти бул маселе олуттуу кароого чакырган талаптар айтылды. Мындай "кылмыштардын статистикасын ачыкка чыгарууга мезгил жетти" деди акциянын катышуучулары.

Франс пресс агенттиги Францияда ар бир үч күндө бирден аял өзүнүн чогуу жашаган же мурда жашап, айрылыш жолго түшкөн өнөгүнүн колунан каза табарын жазып чыкты. Евростаттын маалыматына таянсак, 2017-жылы 123 киши ушундай зомбулуктун курмандыгы болгон. Үй-бүлөдөгү зомбулукка жыл сайын 220 миңдей франциялык кыз-келиндер кабылат.

Юстиция министри Николь Беллубэ: "Бул аялдарды коргоого биздин ситема иштебей жатат",-деп билдирүү жасады. Активисттер өкмөттүн чара көрүүсүн талап кылууда. Жакынкы күндөрү буга каршы күрөшүү чаралары иштелип, аракеттер көрүлөт деп күтүлүп жатат.

Италия баш калаасы Римде миңдеген кишилер катшыкан жүрүш өттү. Бул жылы өлкөдө 94 аял үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан.

Италиянын экономика министри Роберто Гуальтьери билдирүү жасап, зомбулуктан каза тапкан аялдардын балдарына жардам иретинде 12 миллион евро бөлүнгөнүн айтты. Бул каражат алардын окуусу, медициналык чыгымдары үчүн берилет деп жазды "Твиттер" баракчасына.