Жарандык авиация тарыхындагы эң узак учуу ишке ашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Австралиянын Qantas авиакомпаниясы Нью-Йорктон Сиднейге чейин учуп, жарандык авиациянын тарыхындагы эң узак коммерциялык каттамды ишке ашырды.
"Боинг 787-9" Dreamliner бортунда 49 жүргүнчү учту. Алар алты учкуч, алты борт коштоочу жана өтө көп учакта саякаттаган алты жүргүнчү, авиакомпаниянын башкы директору Алан Жойс жана журналисттер, иликтөөчүлөр тобу бар эле.
Учуунун узактыгы 19 саат, 16 минутаны түзүп, 16 200 километр аралыкты басып өттү.
Бул каттам атайын изилдөөнү максат кылган. Алыскы учуулардын кишинин абалына таасири иликтенүүдө. Иликтөөчүлөр учуу маалында учкучтардын мээсинин активдүүлүгү такай байкоого алышты. Ошондой эле жүргүнчүлөргө атайын көнүгүүлөрдү сунуштап турушту.
Учак жекшембиде эрте менен Сидней аэропортуна конду. Капитан Шон Голдинг мындай түз учуу, бир шаардан токтоп, кайра учкан каттамдан үч саат эрте келгенин айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP/HANDOUT
Эксперименттин мааниси
Qantas авиакомпаниясынын менеджери Лиса Норман экспериментти уюштургандардын бири эле.
Анын айтымында, Нью-Йорк - Сидней каттамы иликтөө үчүн көп маалыматтарды берди. Ага ылайык, учкучтардын физикалык абалы, жүргүнчүлөргө түзүлгөн шарттар, экипаждын эс алуусуна ыңгайлуу шарт жаратуу өңдүү суроолорго жооп алса болот. Изилдөөнү Сидней жана Монаша университетинин адистери улантат.
Тамак-аш, уйку жана бий
Жүргүнчүлөрүнүн сааты Сидней убактысы менен эсептелди. Чыгыш Австралияга түн киргенге чейин жүргүнчүлөрдү уктатышкан жок. Мындай чара узак учуунун организмге тийгизген тескери кесепетин алдын алуу үчүн көрүлдү. Жүргүнчүлөр үчүн тамак атайын түзүлгөн жадыбал боюнча берилген. Нормандын айтымында, тамак-ашты дагы атайын ыкмада жасап беришкен. Анткени "тамак-аш жана биохимия бул процессте маанилүү роль ойнойт", -дейт ал.
Учкандан алты сааттан кийин жүргүнчүлөргө курамында углевод жогору болгон тамак беришкен. Андан кийин жарыкты өчүрүп, уктап калуусуна шарт түзүшкөн.

Сүрөттүн булагы, AFP/HANDOUT
Жүргүнчүлөрдүн баары бизнес-класска жайгашып, акырындап эконом класска өтүшкөн. Ал жерде көнүгүүлөрдү жасап, йога менен машыгып, бийлешкен.
Жаңы муундун учагы
"Рейтер" агенттиги жазгандай, азыркы учурда бир дагы коммерциялык учак толук жүргүнчүлөрү жана жүгү менен мындай узакка уча албайт. Мына ошондуктан аз сандагы жүргүнчү жана жүк алып учту.
Мындай учууларды толук кандуу ишке ашыруу үчүн жаңы үлгүдөгү учак чыгаруу пландалып жатат. Qantas Group жетекчиси Алан Жойстун айтымында, ал учак "Боинг 777" же "Aэробус А350" болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Авиакомпания төрт деңгээлдеги шарттарды түзүүнү пландап жатат. Жүргүнчүлөр үчүн эконом-класста физикалык көнүгүүлөрдү жасай турган жай болот. Болжолу ал жерде балдарды ойното турган дагы аянтча болушу мүмкүн.
Кийинки айда авиакомпания Лондондон Сиднейге түз каттам менен учууну пландап жатканын айтты. Өткөн жылы Qantas Airlines авиакомпаниясына таандык учак биринчи жолу Австралиядан Британияга түз учуп барган эле. Австралиянын батышындагы Перт аба майданынан учуп чыккан учак 14 498 чакырым аралыкты 17 сааттын ичинде басып өтүп, Лондондогу Хитроуго ийгиликтүү конгон.
Азыркы учурда эң узак аралыктагы каттам "Сингапур аба жолдоруна" таандык. Сингапурдан Нью-Йоркко учкан каттамдын узактыгы 18 саат 25 минута.
Qatar Airways авиакомпаниясы 2017-жылдын февралынан тарта Катардын баш калаасы Дохадан Жаңы Зеландияга учкан каттамды ишке ашырып келүүдө.
Учуунун узактыгы 16 саат 20 минутага созулат. Бул учурда учак 10 сааттык алкакты кесип өтөт. Кайра кайткан учурда абада 17 саат 30 минута болот. Бул дүйнөдөгү эң узак жана тыныгуусуз жасалган коммерциялык каттам.
Башка аба каттамдар - Emirates жана United Airlines дагы узактыгы 14 миң чакырымга созулган учууларды ишке ашырып жүрөт.
Emirates каттамы дүйнөдөгү эн узак учуулар боюнча 3-орунда: Жаңы Зеландиянын Окленд шаарынан Дубайга 17 саатта учуп келет.
Жакынкы келечектин суроосу

Сүрөттүн булагы, Qatar Airways
2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк каржы каатчылыгы жана күйүүчү майлардын баасынын жогорулашы, мындай токтоосуз учкан алыскы каттамдарды кыскартып, көп пландарды убактылуу токтоткон эле.
Бирок күйүүчү майдын арзандашы жана учак чыгаруудагы атаандаштык кайрадан мындай каттамдардын санын көбөйтүүгө жол ачты. Айталы, атаандаштар Airbus менен Boeing жаңы учактарды - A350-900ULR же Boeing 777-300ER чыгаргандан кийин, алыскы аралыкка токтоосуз учуу пландары кайра жанданды.
Келечегинде Дубайдан Панамага, Дохадан Сан-Франциского, Перттен Парижге каттамдар ишке ашып калышы мүмкүн.
Кийинки рекорд жаратуучу Singapore Airlines авиакомпаниясы болуп калышы да турган кеп. Компания ушул жылы учуу 19 саатка чейин созулган Нью-Йорк каттамын жандантканы жатат. Буга чейин компаниянын эсебинде бир рекорд бар - 15 300 чакырым Түндүк уюл аркылуу Сингапурдан Нью-Йоркко учуп барган. Бул каттамдын чыгымы көп деп кийин токтотушкан.
Түз учууларды баалагандар дагы көп. Аба майдандарында сааттап күтүп олтурбай, ыңгайлуу дегендер бар. (AbA)












