Жүгөрү талаасына конууга аргасыз болгон Airbus

Учкучтар учакты жүгөрү талаасына кондурууга мажбур болушту

Сүрөттүн булагы, TASS

Орусия баш калаасынын чет-жакасындагы Жуков аэропортунан учуп чыккан "Урал аба жолдоруна" таандык Airbus A321 жүргүнчү учагы жүгөрү талаасына авариялык конууга аргасыз болду.

Симферополь багытындагы учактын бортунда 224 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү бар эле. Жыйырмадан ашуун киши ооруканага түштү.

"Айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан. Анткени учак дөңгөлөгү ачылбаган абалда конгон",-деп жазды "Инстаграмм" баракчасына Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев.

Расмий маалыматтарга караганда учак абага көтөрүлүп жатканда ак чардактарга урунуп, канаттуу кыймылдаткычка кирип кеткен.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Учак Подмосковьеге өтө катуу келип, дөңгөлөгү ачылбаган абалда конгон. Интерфакс агенттиги өз булактарына шилтеме берип, кыймылдаткычтардын бири такыр иштебей, экинчиси олуттуу жабыркаганын жазды. Ошондуктан учкучтар кайра аэропортко кайтуудан кооптонуп, талаага эле кондуруу чечимин кабыл алышкан.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

"Урал аба жолдорунун" башкы директору Сергей Скуратов "учкучтар көрсөтмө боюнча бардык талаптарды аткарганын" айтты.

Жургүнчүлөрдүн бири "Твиттер" баракчасына фото жана видео жүктөп, билдирүү жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 23 киши ооруканага түшкөнүн кабарлады. Алардын тогузу балдар, бирөө кош бойлуу келин. Бир сыйра текшерүүдөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.

Соңку учурда Орусияда канаттуулар келип учакка урунган учурлар көп катталып жатканы айтылууда. Росавиация маалыматына караганда, 2018-жылдын 11 айында мындай 930 учур катталган. 2017-жылы 926 учур болгон.

самолет

Сүрөттүн булагы, TASS

Эл аралык жарандык авиация уюмунун маалыматына караганда, канаттуулар менен кагылышкан учурда учактын кыймылдаткычтары жана канаты көп жабыркайт. Бирок адистер эң кооптуусу - канаттуунун кыймылдаткычка кирип кетиши жана алдыңкы терезеге келип урунушу деп эсептейт.(AbA)