Айга конуу: күнүмдүк жашоодогу чоң өзгөрүүлөр

"Бул адам үчүн кичинекей кадам, адамзат үчүн чоң секирик".

Америкалык астронавт Нил Армстронгдун бул белгилүү сөзү мындан 50 жыл мурун адамзат Ай бетине кадам шилтеген учурда айтылган эле. 1969-жылдын 20-июлундагы бул окуя адамзат тарыхындагы технологиялык чоң жетишкендик катары каралды.

Бирок космостогу ийгилик биздин күнүмдүк жашообуздагы өзгөрүүлөргө дагы жол салып бергенин аңдай бербейбиз. Биз айрым өзгөрүүлөр тууралуу айтып берели.

1.Тартипке салуу оңой болуп калды

Батарейка менен иштеген түрдүү шаймандар Айга конгонго чейин эле болгон. Бирок "Аполлон" программасы аларды андан ары өнүктүрүп, өзгөртүп олтурган.

Америкалык Black & Decker компаниясы батарейка менен иштеген биринчи дрелди 1961-жылы чыгарган. Бирок аны алды менен НАСА адистери Айдан үлгү үчүн алып келине турган кыртышты казууга ылайыкталган аппарат ойлоп табышкан.

Мотор жана батарейка иштеп чыгуу тажрыйбасы жүрүп олтуруп түрдүү буюм-тайымдардын жаралышын шарттады. Анын ичинде 1979-жылы ойлоп табылган зымсыз иштеген биринчи чаң соргучту пайда кылган.

Black & Decker компаниясы 30 жыл ичинде 150 миллион Dustbuster чаң соргучун саткан.

2. Сааттарыбыз так болуп калды

Айга учууда так убакытты билүү өтө маанилүү эле. Миссиянын ийгиликтүү болушу же үзгүлтүккө учурашы көз ирмемде аныкталмак.

Ошондуктан НАСА өтө так убакытты билүүсү зарыл болду. Учуулар боюнча борбордо кварцтуу сааттан так убакытты көрсөткөн атайын механизм иштелген.

Кызыгы, "Аполлон-11" кемесинде учуп чыккан Нил Армстронг менен Баз Олдриндин кадимки механикалык кол сааттары кийин өтө белгилүү болуп кеткен.

3.Таза суу колдонуп калдык

"Аполлондун" бортундагы суу тазалоо технологиясы бүгүн вирустарды жана бактерияларды жок кылуу үчүн колдонулуп жүрөт.

Бүгүнкү күндө бул технология бассейн жана фонтандардагы сууну тазалоодо кеңири колдонулат.

4.Бут кийимдин сапаты

Бүгүнкү күнгө чейин астронавттар 1965-жылдагы скафандрдын үлгүсүн колдонушат. Ал "Аполлон-11" экипажы үчүн иштелип чыккан.

Космостук ойлоп табуулар Жерге дагы зор пайдасын тийгизди. Атайлы, ийилчек, бышык жана ыңгайлуу спорттук бут кийимдердин башаты дагы ошол жакта.

5. Отко күйбөс материалдар

НАСА тарабынан иштелип чыккан отко күйбөс кездемелер учурда Жер бетинде кеңири колдонулат

1967-жылы машыгуу учурунда чыккан өрт "Аполлон-1" аппаратын керектен чыгарган. Үч астронавтын өлүмүнөн кийин "Аполлон" программасынын үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелди.

Бул окуя НАСАны отко күйбөс кездемени иштеп чыгууга мажбур кылды. Азыр эми бул табылга дүйнө жүзү боюнча кеңири тарады.

6. Кардиостимулятор

Жүрөк, кан-тамыр ооруларына кабылган кишилердин жүрөк кагуусун текшере турган каражат дагы НАСАнын ийгилиги менен болгон.

Дарыгерлер колдонгон дефибриллятордон бул миниатюралык прибор бур топ эле айырмаланат. Мунун алгачкы үлгүлөру 1980-жылдары пайда болду.

7. "Куткаруу жуурканы"

"Космостук жууркан" деген аталыш менен таанылган атайын кездемеден тигилген жууркан башында күндүн ысыгынан коргонуу үчүн иштелип чыккан. Ал дагы "Аполлон" үчүн иштелген буюмдардын бири. Учурда бул жууркан желим жана алюминий аралашкан материалдан жасалып, куткаруу операцияларында кеңири колдонулуп келүүдө. (AbA)

*