You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Космонавттар Жерге кайтты: Жезказгандагы капсула, космостогу футбол тобу
Эл аралык космос станциясынын экипажы жекшембиде Жерге кайтып келди. Космосто беш ай убакыт болгон космонавттар орусиялык Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана жапониялык Норишиге Канаи олтурган капсула Казакстандын Жезказган шаарынан анчейин алыс эмес аралыктагы талаага конгон.
"Роскосмос" тарткан сүрөттөрдө тик учактар капсула конгон жерди айланып жатканын көрүүгө болот. Капсула жергиликтүү саат боюнча 18:39да конгон.
"Биз бир аз чаалыгып турабыз. Бирок ошого карабастан өз жумушубузга ыраазыбыз. Анан Жерге кайтып келгенибизге өтө кубанычтабыз",-деди капсуладан биринчи болуп сыртка чыккан Антон Шкаплеров.
Капсуладан экинчи болуп жылмайган Скотт Тингл чыгып келди.
Кабинаны акыркы болуп Норишиге Канаи таштап чыкты. Ал өзүнүн миссиясынын жүрүшүндө жапониялыктарга Эл аралык космос станциясы тууралуу көп маалымат берүүгө катуу аракет кылды. Жапон тилинде космосто туруп алып "твиттерди" жөнөтүп турду.
Экипаждын үч мүчөсү капсуладан чыккандан кийин буттарын жуурканга ороп, олтургузушту.
Тингл менен Канаи оболу Карагандага барып, андан ары Техас штатынын Хьюстон шаарына жөнөп кетет. Шкаплеров Москвага сапар алды. Өзү менен чогуу космосто болгон футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын расмий тобун дагы алып кетти.
Эл аралык космос станциясынан алынган репортаждардын жүрүшүндө Шкаплеров кесиптештери менен орбитада футбол ойноп жатканы дагы көрсөтүлгөн эле.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, дал ушул топ чемпионат ачылышындагы беттеште ойнотулат. Бирок ФИФА муну расмий тастыктай элек.
Экипаж мүчөлөрү Эл аралык космос станциясында илимий-прикладдык иликтөөнү жана эксперименттерди жүргүзгөн. (AbA)