Пакистан: балдар арасында жайылган ВИЧ вирусу

Пакистандын түштүгүндө жайгашкан чакан Ратто Деро шаарчасында февраль айында таң калыштуу окуя катталды. Бул чоң көйгөйдүн биринчи белгиси болчу.

Сарсанаага баткан бир нече ата-эне балдарын дарыгерге алып келип, температурасы түшпөй жатканын айтышкан.

Келерки жумаларда буга окшош илдетке кабылган жаш балдардын саны кескин көбөйдү.

Ушунча көп сандагы балдар окшош илдет менен кайрылганына таң калган дарыгер Имран Арбани, алардын канын лабораторийге жөнөткөн. Көрсө, жаш балдардын барына ВИЧ вирусу жугуптур. Бирок кантип деген суроого эч кимдин жообу жок.

"24-апрелде 15 балага ВИЧ вирусу жукканы аныкталды. Алардын ата-энесине бул вирус жуккан эмес",-дейт дарыгер.

Өткөн айда шаарчанын 607 тургуну, 75 пайызы жаш балдар ВИЧ вирусун жуктурганы табылган.

Мындай үрөй учурган окуя Пакистанда биричи жолу болуп жаткан жок.

2016-жылы Синд провинциясындага Ларкана шаарында 1,521 кишиге ВИЧ жугуп, өлкөнүн булуң-бурчундагы тургундар анализ тапшырган.

Ларкана шаарчасында ВИЧ негизинен эркектер арасында жайылган. Эпидемияга шаардагы сойкуканалар себеп болгону айтылган эле. Текшерүү учурунда 32 сойкудан (көбү трансгендер) ВИЧ вирусу бар экени аныкталган.

Бул окуядан кийин Ларкана шаарындагы сойкуканалар жабылган болчу. Анын үстүнө Пакистанда сойкулукка тыюу салынган.

Бирок эксперттер Ларканадагы ВИЧ вирусунун жайылышын медициналык кызматкерлерден көрүп келет.

Дарыгер Асад Мемон Ларканадагы ВИЧ илдетинин жайылышын токтотуу аракетине катышкан.

"ВИЧ вирусун илдетти жуктуруу ыктымалдуулугу жогору делген трансгендер менен сойкулар алып жүргөнү талашсыз. Бирок анын жайылышына жергиликтүү дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон",-дейт ал.

Пакистанда медициналык билими төмөн дарыгерлер абдан көп. Алар негизги ооруканаларда иш таба албай, алыскы аймактарга барып, клиникаларды ачышат.

Өлкөдө медициналык билими төмөн болгон "дарыгерлер" салыштырмалуу азырак акча сурагандыктан, жарды үй-бүлөлөрдүн көбү аргасыз аларга кайрылат. Негизи мындай "дарыгерлер" көп убакыт бөлүп, оңой кабыл алганына тургундар ыраазы болушат.

Ратто Деродо ВИЧ илдети жуккан жаш балдар менен иш алып барган дарыгер Фатима Мир вирустун жайылышына медициналык кызматкерлердин шалаакылыгы себеп деген пикирге кошулат.

"Балага ВИЧ үч башка жол менен жугушу мүмкүн. ВИЧ вирусун көтөрүп жүргөн энеден жугат, бейтапка кан куюу же ийне сыяктуу инструменттерди туура эмес колдонуу жолу менен жугат",-дейт Мир айым.

Шаарчада ВИЧ вирусу аныкталган балдардын ата-энесинде илдет жок болчу, кан дагы куюлган эмес экен. Демек, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам балдарга вирус жуккан.

Окуядан бери беш жүзгө чукул лицензиясы жок клиника жабылды. Андан тышкары ийнени бир нече жолу колдонду деп айыпталган дарыгер Музаффар Гангро камакка алынды. Ал дооматтарды четке кагып келет.

ВИЧ вирусунун жайылышынын себептери дале иликтенүүдө. Ратто Деродо 18 миңден ашуун тургун анализ тапшырды. Кеминде 607 бейтаптан (көбү жаш балдар) ВИЧ илдети табылды.

Эми жарды үй-бүлөлөргө дары-дармек жеткирип берүү маселеси чыгууда.

"Чоң кишилерге ВИЧ илдетине каршы дары-дармек жетиштүү экен. Ал эми жаш балдарга дарыны Карачиге барып алуу керек. Ал жерге бир барып келүүгө акчабыз жетпейт. Күйөөм экөөбүз кызыма дары ала албайбыз",-деп ыйлайт энелердин бири. (ATch)