“Медициналык шалаакылык”: Британияда миңдеген бейтаптар кантип ВИЧ жуктурган?

Британияда кан куюу учурунда ВИЧ менен гепатит жуктуруп алган миңдеген британдыктардын иши боюнча коомдук иликтөө башталды. Биринчилерден болуп оору жуккан бейтаптар көрсөтмө беришти.

Британияда 1970-1980-жылдары гемофилия жана башка кан оорулары менен жабыркаган беш миңге жакын адамга медициналык кароо учурунда ВИЧ жана гепатит С жуккан.

Болжол менен алардын үч миңге жакыны каза болгон деп айтылып жүрөт.

Оору кандайча жуккан болушу мүмкүн?

1970-жылдары Британияда гемофилия дартына каршы жаңы дары колдоно башташкан. Мындай дарылар АКШдан алынып келинген жана ал (канды коюлтуучу плазманын айрым компоненттери) бейтаптарга кыймылдуу болууга өбөлгө болгон.

Дарылар үчүн плазма донордон алынганы белгилүү. Ал эми донорлордун арасында абакта отургандар, маңзат менен алектенгендер болгон. Алар акча табуу максатында кандарын сатышкан. Балким мындай кандардын курамында ВИЧ жана гепатит оорулары болушу мүмкүн эле.

80-жылдардын ортосунда кандын дарыларын ысык температурада текшерип, вирустарын өлтүрө башташкан.

Эмне үчүн муну башында жасашкан эмес?

Жугуштуу дары-дармек кантип келип калган, буга ким жоопкерчилик алат? деген суроолор алигиче ачык бойдон калууда.

1991-жылдан баштап кандын дарылары тыкыр көзөмөлдөнө баштаган. 90-жылдардын аягында гемофилиянын башка, коопсуз дарылоо ыкмалары чыгып, мурунку дарылар колдонулбай калды.

Коомдук иликтөөлөр көпкө чейин, балким бир нече жылга созулушу мүмкүн. Ошол жылдардан бери жыбыркап келаткан бейтаптардын көбү бул окуя кандай болгонун коомчулук алдында алгачкы жолу чыгып, айтып беришмекчи.

"Бизди сатып кетишти"

ВИЧтен жабыркаган аялдардын бири Би-Би-Сиге берген маегинде, ооруну күйөөсүнөн жуктуруп алганын айтты. Күйөөсү гемофилияга кабылып, дарылануу учурунда ага жугуштуу кан куюлган. Анын натыйжасында күйөөсү каза болгон:

"Өзүңүз элестетсеңиз, ал кез 80-жылдардын ортосу эле. Коркунучтуу атмосфера, дискриминация жана эч кандай СПИД жана ВИЧ диагнозун билбеген кез. Бул кабарды укканда экөөбүз тең мүңкүрөп чөгүп, абдан жаман болгонбуз"-дейт ал.

Дагы бир жабырлануучу Стив Думонд алтымыш жашта. Стивде гемофилиянын баштапкы эле белгилери болгон. Эгер туура дарыланганда, ал мындай күнгө кабылмак эмес. 80-жылдардын аягында дарыгерлер андан ВИЧтин белгилерин байкаганын айтышкан. Он сегиз айдан кийин текшерилсе, баары жайында дешип, бирок гепатит С диагнозун коюшкан.

Анын ашказанынан кан кетип, угуусу начарлап, боору ооруп көп жабыркаган. Стивдин айтуусунда, өзү сыяктуу жабыркагандардын баары аларды "сатып кеткен" деп ойлошот:

"Болгон окуя үчүн мамлекет, дарыгерлер жана медициналык компаниялар жоопкерчиликтен кутулуу амалын көрүүдө"- дейт Стив.

Иликтөө иштери

Британ өкмөтү массалык түрдө жуккан ВИЧ менен гепатит С боюнча бийлик атайын үн катпай жатат деп, айтып сынга алды. 1989-жылы кээ бир бейтаптарга кенемте төлөшкөн. Ал убакта болгон окуя тууралуу ачык коомдук иликтөө жүргүзүлгөн эмес.

Буга чейин лейбористтер партиясынын мүчөсү Питер Арчер бул ишти көтөрүп чыккан. Бирок анын керектүү документтерди талап кылуу үчүн расмий макамы жана мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Дагы бир иликтөөнү Шотландиянын өкмөтү жети жылдай жүргүзгөн. 2015-жылы жарыяланган иликтөө жыйынтыгында, авторлорду цензурага жол берген жана фактыларды жашырган деп сындаган.

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Эндрю Бернем дагы окуянын чоо-жайын жакшылап иликтөөгө чакыркан. Ал парламентте сүйлөп жатып, "бул иш криминалдык сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн"- деп айткан. (KJ)