Керчтеги жардыруу жана атышуудан көз жумгандар жыйырмага жетти

Крым Республикасындагы Керч шаарында болгон жардыруудан жана ок атышуудан курман болгондор саны 20 кишиге жетти. Алардын ичинде жардырууну жасаган деп шектелип жаткан студент Владислав Росляковдун өзү да бар.

Мерт болгондордун он беши политехникалык коллеждде окугандар жана алардын он бири өспүрүм балдар,- деди Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова. Дагы бешөө окуу жайдын кызматкерлери болгон.

Бейшембиде эртең менен Крымдын өкмөтү каза тапкандардын тизмесин жарыялады. Көбү ок атуучу куралдан алган жаракатынан мерт кеткен.

Кол салуудан жарадар болгондор саны элүүгө жетти. Ооруканга 44 киши келип түшкөн, алардын үчөөнүн абалы оор деп айтылып жатат. Жардырууну жасаган коллеждин студенти өз жанын өзү кыйды.

Террорго каршы улуттук комитеттин кабарында жарылган бомба металл менен шыкалганы айтылат.

Крымдын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги бул республикада чукул кырдаал режимин жарыялаган.

Крым Республикасынын башчысы Сергей Аксенов терактка байланыштуу республикада үч күндүк аза күтүү болот деп жарыялады.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу коллеждин биринчи кабатында болгон, экинчи кабатта атышуунун үндөрү угулган.

Тергөө комитети Керч шаарындагы жардырууну алгач теракт деп атап, кийин аны "Киши өлтүрүү" беренесине которду. Тийиштүү кылмыш иши козголду.

Жардыруу жасаган баланын аты жарыяланды

Тергөөнүн версиясы боюнча жардырууну жасаган төртүнчү курстун студенти Владислав Росляков.

"Окуя болор алдында коллежге келген жаш адамдын ким экени ыкчамдык менен такталды. Ал, видеожазууга караганда, колуна курал кармап жүргөн",-деди Россиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко "Интерфакска"

Тергөө Владислав алгач коллеждеги адамдарды атып, андан кийин өз жанын кыйган деп жатат.

Жардырууну жасаган өспүрүм техникумдагы мугалимдерге тишин кайрап, өч алууну максат кылып жүргөнүн аны билген студенттер айтууда. Ал ошондой эле түнт, эч ким менен сүйлөшпөгөн бала болгон, коомдук сайттардан өзүн эчак эле өчүрүп койгон экен.

Ѳзгөчө Кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге дарыгерлер, психологдор жана куткаруучуларды үч тик учак менен жардамга жиберди.

Күбөнүн айткандары

Жардыруу болгон жерге жакын болгон Евгенийдин Би-Би-Сиге айткандары:

"Биз коллежден 50 метр ары турабыз. Мен жардыруу болгонун угуп чуркап чыктым. Дароо өрт өчүргүчтөрдү чакырдым, бул 11:50 дө болду. Демек, жардыруу мындан беш минут мурда болду. Мен айнек фасад, ресепшн чыгып жатканын көрдүм. Мен сыртка чыккан учурда жарадар болгондордун бири чыгып келди, башка чуркап жүргөндөрдү көрдүм. Мен ошондой эле майда жардырууларды уккандай болдум, кийин мага бул атышуулар болчу деп түшүндүрүштү.

Мен жарадарларды алып чыгууга жардам берип аттым. Ошол убакта жарадарлар он адам эле. 15-16 жаштагы бир кыздын эки буту тең жулунуп кетиптир. Мен өрт өчүргүчтөрдү чакырдым. Алар эчтеке биле элек экен. Диспетчер көпкө сурады эмне болгонун".

Алтынчы ири кол салуу

Керчтеги окуя 2018-жылдын башынан алганда окуу жайларда болгон алтынчы ири кол салуу болуп калды.

10-майда Новосибирскидеги транспорттук технологиялар коллежинин Барабинскидеги филиалында 16 жаштагы окуучу класска курал менен кирип, башка студентти атып, андан кийин өз жанын кыйган. Натыйжада бул инциденттен үч студент жабыркаган.

18-апрелде Башкирияда Стерлитамак шаарында 17 жаштагы окуучу бычак менен классташ кызына жана мугалимге кол салган.

21-мартта Курган областындагы Шадринск шаарында 7-класстын окуучусу өзүнүн классташтарын пневматикалык пистолеттен аткылаган. Жети адам жабыркаган.(КС)