Сократ менен Платондун доорундагы кеме табылды
Кара деңиздин Болгария жээктеринен сууга чөгүп кеткен байыркы доорго таандык гректердин соода кемеси табылды. Изилдөөчүлөр кеме 2400 жыл мурун жасалганын божомолдоп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Black Sea MAP/EEF Expeditions
Мурдагы деңиз алдындагы табылгалардын ичинде байыркы доорго таандык мындай кеме жок эле. Ошол эле учурда табылгалардын бири да мындай жакшы сакталган эмес.
Израилдин Хайфа университетиндеги Гехта музейинде болжолу V кылымга таандык кеме сакталып турат. Бирок анын абалы жаңы табылгага салыштырганда бир топ эле начар.
Суу астында капталынан оонап жаткан 23 метрлик кемени англо-болгарлык изилдөөчүлөр болгариялык Бургас шаарынан 80 чакырымдай алыстыктагы жээктен табышкан.
"Бул эми такыр башка дүйнө, - деди изилдөө тобунун мүчөсү Хелен Фарр. - Аппарат (суу алдында тарткан видео камера) суу алдына түшкөн учурда, сиздин көз алдыңызда мыкты сакталган кеме турат. Ушундай бир сезим келет, сиз доордон доорго секиргендей болосуз".
Терең суу алдында мыкты тарткан аппараттын жардамы менен изилдөөчүлөр кемени 3D форматында тасмага түшүрүп, анын кайсыл доорго таандык экенин аныктоо үчүн тиешелүү анализдерди жүргүзүп жатышат.
Кеменин калдыктары 200 метр тереңдикте жаткан үчүн, ага изилдөө иштерине тартылган үйрөнчүк дайверлер жетип бара алган эмес.

Сүрөттүн булагы, Werner Forman/Getty Images
Байыркы доордо гректер идиш-аяктарын жасалгалаган оймо-чиймелерге кеменин жасалгасы окшош экенин окумуштуулар белгилеп жатышат.
Азырынча кеменин ички бөлүгүн көрүүгө мүмкүн болбой жатат. Бул бир топ убакытты алары айтылды.
"Археолог катары, бул табылга бизге технология, соода, бул аймактын ошол учурдагы кыймыл-аракеттери тууралуу эмне айтып берери кызыктуу",- деди Хелен Фарр.
Соңку үч жылда илимий экспедиция сууга чөккөн 67 кемени тапкан. Анын ичинде Рим империясына жана XVII кылымдагы Дон казактарына таандык соода кемеси бар. (AbA)













