Рим империясы учурундагы мушкер мээлейи табылды

Адистер булгаары мээлейге 2 миңдей жыл болгон деп айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Vindolanda Trust

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер булгаары мээлейге 2 миңдей жыл болгон деп айтып жатышат.

Англиянын түндүгүндөгү Нортумберленд аймагынан Рим империясынын учурундагы мушкер мээлейи табылды. Археологдор ошол доорлордо курулган сепилдин урандыларын казып жатышкан экен.

Эксперттердин пикиринде, археологиялык табылга - "Рим империясынын бизге жеткен жападан жалгыз үлгүсү".

Кеп бул жерде колдун манжаларына кийгизилген кайыш мээлей тууралуу жүрүүдө. Бул жекелеп мушташуу өнөрүн көрсөткөндө колдонулган деп болжонуп жатат.

Археологиялык казууларды жүргүзгөн Vindolanda Trust борборунун директору, профессор Эндрю Бирли "укмуштуудай табылга" деп, таң калганын жашырган жок.

"Буга чейин мушкерлердин мээлейин коло эстеликтерден, сүрөт же айкелдерден көргөнмүн. Бирок анын өзүн көрүү башкача бир таң калуунун жаратат экен", -деди Бирли.

"Биздин табылгалардын баары мындан 2000 жыл мурун жашап өткөн кишилер менен кандайдыр бир жакындыкты пайда кылат", -дейт профессор.

Байыркы кайыш каптамалар, өткөн жылдын жай айында эле жазма такталар, кылыч жана бут кийимдер менен чогуу табылган эле.

Бул булгары мээлей соккунун күчүн жумшартуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Айрым маалыматтарга караганда мээлей машыгуу учурунда колдонулган деп болжонууда. Анткени байыркы мушкерлердин мушташы учурунда темир каптамалары бар мээлей колдонулганы айтылат. (AbA)