Түркияны экономикалык кризис тооруп турабы?

    • Author, Andrew Walker
    • Role, BBC World Service economics correspondent

Өлкөнүн каржы рыногунда болгон окуялар жөнүндө адистер тынчсызданган пикирлерин билдирип жатышат.

Түркиянын акча бирдиги лира жыл башынан бери АКШ долларына карата 30 пайыз кунун жоготту. Түркиянын Финансы министрлиги лираны туруктуу кармоо үчүн жаңы план иштеп чыкканын билдирүүдө.

Биржада баалуу кагаздардын баасы 17 пайызга төмөндөдү. Чет өлкөлүк инвесторлор баалуу кагаздар рыногундагы олку-солку абал, доллар эсеби менен алганда, баалардын 40 пайызга төмөндөшүнө алып келди деп жатышат.

Ошондой эле мамлекет көп карыз алып жатканын дагы белгилешүүдө.

Түркиянын экономикасында деги эмне болуп жатат?

Карыз коркунучу

Түркия экспортко караганда көбүрөөк импорттойт. Бул мамлекетте соода дефицит бар.

Башкача айтканда, мамлекет өзү иштеп тапкан акчасынан көбүрөк коротот. Бул айырма чет өлкөлүк инвесторлор же карыз эсебинен жабылып келет.

Адатта бул таң калычтуу же кооптуу абал эмес. Бирок өткөн жылы Түркиянын дефицити абдан жогору болду, башкача айтканда анын көрсөткүчү улуттук кирешенин же ИДПнын 5,5 пайызын түздү.

Түркиянын тышкы карыз саясатында эки чоң көйгөй бар.

Биринчиден, мамлекеттин чукул аралыкта төлөй турган карызы абдан көп. Түркия мурда алган карыздарын кайтарып бериши керек, ошол эле учурда жаңы алынган карыздардын үстөк пайызын дагы төлөшү керек.

Каржы тармагында иш алып барган адистердин терминин колдонгондо, Түркия карызын төлөш үчүн кайрадан карызга акча алышы керек.

Fitch рейтинг агенттигинин маалыматына караганда, Түркия тышкы карыздарын каржылоо үчүн 230 миллиард доллар акчага муктаж.

Экинчиден, көптөгөн түрк компаниялары карызды чет элдик валютада алышкан. Улуттук акча бирдиги кунун жоготкон сайын, карызды кайтарып берүү кымбатка түшүүдө. Соңку убакта түрк лирасы долларга салыштырганда кунун 30 пайызга жоготконун айта кетели.

Лиранын алсырап калганы Түркияда инфляция көйгөйүнүн деңгээлин жогорулатууда. Себеби лира арзандаган сайын, импорттолгон товарлар кымбаттай берет.

Улуттук банк инфляциянын деңгээлин беш пайыз болот деп болжогон. Өткөн жылы инфляция 10 пайызды түздү. Андан бери абал курчуп, инфляция 15 пайызга өстү.

Бул маселени чечүү үчүн Улуттук банк бир катар аракеттерди көрдү. Мисалы, өлкөдөгү лирага болгон керектөөнү азайтып, чет өлкөлүк инвесторлорду лираны сатып алууга стимул берүүгө аракеттенди. Бул кадам акча бирдигин бекемдеп жана импорттолгон товарлардын баасын төмөндөтүшү керек эле.

Бирок Улуттук банктын аракеттеринен күткөн натыйжа болгон жок.

АКШ менен мамиле

Түркия менен АКШнын чыңалган мамилеси дагы тынчсыздандырууда.

Түркия белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп айыптап, АКШнын жараны болгон христиан пастору Эндрю Брансонду камакка алган. Вашингтон Анкаранын бул кадамына кескин нааразы болуп, Түркияга каршы санкцияларды киргизген. Ошондой эле эки мамлекеттин Сириядагы абалга карата көз карашы да кайчылаш болуп жатат.

Кошмо штаттары өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларын бажы төлөмсүз киргизүү программасынан Түркияны чыгарып салууну караштырууда.

Андан тышкары, Түркия АКШдагы ички окуялардан да көз каранды. АКШнын Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди көтөрүүнү улантып жатат. Ошол себептүү инвесторлор өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө салынган каражаттарын чыгарып кетүүдө.

Вашингтондун бул саясаты азырынча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө катуу таасир эткен жок. Бирок экономикасы кыйынчылыкка туш болгон Түркия сыяктуу мамлекеттер тынчсызданууда.

Арийне, жалпысынан караганда Түркиянын экономикасы өнүгүп жатат. Мамлекеттин экономикасы 2001-жылдан бери жыл сайын өсүүнүн үстүндө. Бир гана 2009-жылы экономикалык кризистен улам өсүш болгон эмес.

Ага карабастан абройлуу Moody's рейтинг агенттиги Түркиянын бийлиги шайлоого көбүрөөк алаксып, туруктуу экономикалык өсүүнү көз жаздымда калганын билдирди.