Арменияда Саргсянга каршы демонстрация курчуду
Бир нече күнгө созулган нааразылык акцияларга карабастан Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди шайлады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Демонстрацияга чыккандар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр катары көрсөтүлүшүнө каршы болушкан.
Оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян демонстрацияларды тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы" деп атады.
"Биз мамлекеттик системанын ишине бөгөт койсок, бийлик элге өтөт",-деди Пашинян Еревандагы нааразылык акция учурунда.
Айрым маалыматтарга ылайык, баш калаа Еревандан тышкары Гюмри менен Ванадзор калааларында дагы эл топтолду.

Сүрөттүн булагы, EPA


Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин Пашинян нааразылык акцияга чыккандарды мамлекеттик имараттарды бөгөп алууга чакырган.
Демонстранттар Ички иштер министрлигин жана Башкы прокуратура имаратын тороп алышкан. Бирок полиция демонстранттарды парламентке өткөрбөй койгон.
Миңдегендер көчөгө чыкканына карабастан, парламент 76 добуш менен Серж Саргсяндын талапкерлигин колдоду. 17 депутат каршы добуш берди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуя болгон жерден баяндама
Ереван шаарынан Рэйхан Демитри кабалайт
Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышты.
Нааразылык акцияга чыккандар "Серж алдамчы" деп кыйрып жатышат. Буга чейин мурдагы президент өлкөнүн премьер-министр кызматына барбайм деп убада кылган.
Армениялыктардын көбү бийлик алмашканда гана өзгөрүүлөр болот деген пикирде.

Еревандагы каршылык жүрүштөрү
Дүйшөмбүдө Ереванда каршылык акциясына чыккандар менен полиция ортосунда кагылышуу орун алып, үч полиция кызматкери жана каршылык акциясынын башында турган лидери жаракат алган. ММКлар "Жарандык келишим" партиясынын жана парламенттеги фракциянын жетекчиси Никол Пашинян жаракат алып, ооруканга жеткирилгенин жазышкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонуп, акцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.

Серж Саргсяндын каршылаштарынын митинги беш күндөн бери уланып жатат. Жекшембиде Никол Пашинян массалык акциялардын планын айтып, тарапташтарын көпүрөлөрдү, жолдорду бөгөп салууга чакырган.



Дүйшөмбүдө башкаруучу коалициясына кирген Республика партиясы жана "Дашнакцутюн" расмий түрдө Серж Саргсянды премьерлик кызматка көрсөткөн.
Саргсян 2007-жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келди. 2008-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2013-жылкы шайлоодо кайрадан президенттик кызматка келет. Ушундан кийин Армения башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө даярдана баштаган. Ага ылайык премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президентин укуктары кыскарган.
Эгерде Саргсян өкмөт башына келсе, 2022-жылга чейин бул кызматта калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, AFP
9-апрелде жаңы шайланган Армения президенти Армен Саркисяндын инаугурациясы болгон. Ал мурда Армениянын Улуу Британиядагы элчиси кызматында иштеген. 2015-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык Армен Саркисян парламент шайлаган Армениянын биринчи президенти болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Серж Саргсяндын президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин эле өкмөт дагы отставкасын жарыялады. (AbA)








