You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстан бийлиги "Таштүрмөнү" орду-түбү менен жок кылмак болду
Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте жайгашкан «№1 тергөө абагын бузуу тууралуу буйрук берилген. Эл арасында "Таштүрмө" деп таанылган бул абак жайды бузуу тууралуу буйрукту Адилет министрлиги Telegram-каналы аркылуу жарыялады деп жазды Би-Би-Синин өзбек кызматы.
Жыл башында бул жайда кармалып тургандар Ташкент облусунун аймагында Заңги-Ата районундагы жаңы курулган абакка которулган. Ташкент шаардык бийлигине "Таштүрмө" үч айдын ичинде бузууга убакыт берилди.
Борбор шаардын Юнус-Абад аймагында жайгашкан "Таштүрмө" 1891-жылы курулган. Эл ичинде бул абак жайды өлүмгө чейин жеткирген ырайымсыз кыйноолор колдонулган жай катары билишет.
Айрым өзбек активисттери абак жайдын ордуна "кыйноолордун курмандыктарына арналган музей куруу керек" деп жазышууда.
1937-жылы сталиндик репрессия учурунда дал ушул Юнус-Абад аймагындагы жар кырында өзбек ишмерлери атып өлтүрүлгөн. Кийин маркум президент Ислам Каримов тарабынан "Шейиттерди эскерүү" музейи ачылган. Айрымдар "Таштүрмө" Каримовдун өзүнөн калган музей болуп калбайбы деп суроо салууда.
Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган эл аралык уюмдар Өзбекстандын абак жайларындагы кыйноолор тууралуу көп жылдан бери айтып келүүдө. (AbA)