"Иноятовдун кетишин Өзбекстанда жер силкингендей эле кабыл алышты"

Генерал-лейтенант Рустам Расулович Иноятов

Сүрөттүн булагы, XS.UZ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал-лейтенант Рустам Расулович Иноятов

Өзбекстандын эң таасирдүү делген генерал-лейтенант Рустам Расулович Иноятов, 23 жыл бою өлкөнүн атайын кызматын башкаргандан кийин кызматтан кетти.

Иноятов өлкөнүн багытын аныктаган таасирдүү кишилердин бири деп эсептелет. Анын ордуна Башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаев дайындалганы Шавкат Мирзиёев өткөргөн жыйында жарыяланды.

73 жаштагы Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп келген. Атайын кызмат мамлекеттин баардык структураларын башкарып, өлкөнүн багытын аныктап турганы бышык.

«Бул дүңгүрөгөн жаңылык. Бул Ѳзбекстандын саясий бийлик төрүндөгү жер титирөө дегенди билдирет. Бул жаңылыкты Ѳзбекстандын ичиндеги калкы эле эмес сыртта жашап жаткандар дагы көптөн бери зарыгып күтүп келаткан. Эгерде Иноятовдун кызматтан алынганы анык болсо, бул миллиондогон өзбекстандыктарды кыйнап келаткан сыртка чыкканга виза алуунун жоюлушуна алып келиши мүмкүн. Иноятов Ѳзбекстан эгемен өлкө болгондон кийин КГБны, азыркы Улуттук коопсуздук кызматынын башында болуп калды. Бул кызматты 22 жыл бою башкарып келди. Бул жаңылык Ѳзбекстандын жаңы президенти менен УККнын башчысынын ортосунда келишкис күрөш жүрүп жатканы жөнүндө бизге жетип жаткан үзүл-кесил жаңылыктардын чын экенин ырастайт. Жакында эле декабрда президент Мирзиеев чоң триубнадан УККда реформа керек, бир мекеме Ѳзбекстанда бүт жашоону көзөмөлдөшү керек эмес деп бүтүн журтка жарыя айткан эле. Ушул саясый күрөштөн президент жеңип чыкты",-дейт Би-би-синин өзбек кызматынын продюсери Дилорам Ибрагимова.

Бул окуядан мурун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коопсуздук тармагына реформаларды жүргүзө баштаган. Ал бийликке 2016-жылы келген.

Өткөн декбарь айында Мирзиёев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматында чоң өзгөрүүлөр, анын ичинде кызматтын таасирин азайта турган мыйзамдар ишке ашат деп белгилеген.