Коя тоосундагы зыяратчылар сүрөтчүнүн объективинде

Япониядагы Вакаяма префектурасындагы ыйык саналган Коя тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Бул жерди кишилер биздин доордун IX кылымынан тарта байырлашат.

Бул жерде эзотерикалык буддизмдин Сингон мектебинин негизги чиркөөсү -Конгобудзи храмы жайгашкан. Тоонун өзү ийне жалбырактуу калың токой менен курчалып, ага бара турган жолдор өтө татаал. Ал жолду азырга чейин зыяратчылар басып өтүшөт.

Фотограф Хью Кинселла Каннингэм зыяратчылардын бул татаал жолу менен басып өтүп, ыйык жайды сүрөткө алган. Ал сүрөттү пленкага тартып алып, кийин түс берүүчү фильтр колдонуп, сүрөттү кол менен басып чыгарган. Муну менен ал ыйык тоодогу күн чыккан жана баткан учурдагы алтын чачыраган кубулушту баса көрсөткүсү келген.

Сүрөттөрдүн баары Hugh Kinsella Cunningham тарабынан тартылган.