Австрияда Гитлердин «түспөлдөшү» камакка алынды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Австрияда улутчулдардын лидери Адольф Гитлерге окшошкусу келген 25 жаштагы жигит камакка алынды. Ага улутчулдукту даңазалады деген айып тагылууда.
Жаш жигит өзүн Гаральд Гитлер деп атап, Гитлер туулган Браунау-ам-Инн шаарындагы үйдүн жанында сүрөткө түшкөн.
Жергиликтүү полиция Би-би-сиге билдиргендей, камакка алынган жигит жакында эле Германия менен чек арадагы шаарчага келген. Ага чейин аны Венадан жана Грацадан көрүшкөн экен. Полиция бул жаш жигиттин кылыгы тамаша да, артисттик өнөр дагы эмес, ал өзүнүн образына абдан олуттуу мамиле кыла баштаган деди.
Австриялык интернет сайттарында аны сүрөтү дүйшөмбүдөн тарта тарай баштаган. Улутчулдукту даңазалоо Австрияда кылмыш катары каралат.




